Иран: Батыш менен тирешүүнүн пайдасы жана зыяны

Ирандын 1979-жылкы ислам ыңкылабынан берки тышкы саясатын Батыш өлкөлөрү, өзгөчө АКШ менен каршылашуу деп мүнөздөсө болот. Ирандын ядролук программасына байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңеши акыркы жылдары киргизген үч санкция - андай саясаттын бир жемиши. Кымбат баасына карабай, Иран жетекчилиги эмне үчүн Батыш менен жөөлөшүү стратегиясынан баш тартып, өз ара ымалага барбайт?

Иран президенти Махмуд Ахмединежад 29-январда эле АКШнын өз ара сүйлөшүп, эки жакты жоолоштурган маселелерди жөндөөгө чакырган ишаарасына кайчы талабын айтып, жооп берди:

- Өз ара мамилени өзгөртүүнү каалайбыз дегендер Иран элинен кечирим суроосу керек жана Иран элине каршы мурда жасаган карасантайлыктары менен кылмыштары үчүн компенсация төлөп берүүгө тийиш.

Андан үч күн алдың президент Барак Обама «ал-Арабия» телеканалына берген интервьюда, АКШ-Иран арасындагы тирешүүнү диалог аркылуу чечеүүгө даяр экенин билдирген:

- Биз үчүн Иран менен ортодогу келишпестиктерди жана алга жылуунун мүмкүн болгон жолдорун сүйлөшүүгө даяр туруу манилүү деп ойлойм. Биз келерки бир нече айда негизги маселелерди жана аны чечүүнүн жолдорун аныктайбыз.

Эки өлкөнүн тирешүүсү бирин-бири айыптоо менен коштолуп келет. Тегеран 1953-жылы АКШ менен Британиянын премьер-министр Моссадыкты кулатып, ордуна батышчыл Шахтын бийлигин калбына келтиргенин айтып, Вашингтонду экономикалык кызыкчылыктан улам Ирандын азыркы өкмөтүн төңкөрүүнү көздөйт, ошон үчүн бир жактуу санкция киризген деп күнөөлөп жүрөт.

Вашингтондук эксперт Женив Абдонун пикиринче, Батыш менен тирешүү Тегеранга ислам ынкылабынын мыйзамдуулугун актоо жана өзүн сактоо үчүн керек:

- Ислам ыңкылабы негизинен эки нерсеге таянып өзүн сактады. Бири - анти-израилдик, анти-АКШлык философия болсо, экинчиси - Хизбалла жана ХАМАС сыяктуу козголоңчу топторду колдоо. Ирандын бул эки нерседен кайтар түрү жок. Бул ыңкылаптан берки ар бир АКШ администрациясы үчүн чоң проблема.

Вашингтон өз кезегинде Тегеранды атом бомбалуу жана баллистикалык ракеталуу болууну эңсейт, Хизболла жана ХАМАС сыяктуу террорчул топторду колдоп, Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка бут тосууда деп, күнөөлөйт.

Ирандын Батыш менен тирешүүсү БУУнун Ирандын ядролук жана ракета программаларынка каршы үч катар санкция киргизүүсүнө алып барды. АКШ удаа эле Батыш банктарын Тегеран менен байланышпоого үгүттөөдө. Жакында француздардын «Тотал» компаниясы Ирандын газ секторун өздөштүрүүгө катышпасын билдирди. Бул, арийне, жаштар арасында жумушсуздуктун өсүшүнө өбөлгө болот. Иран калкы акыркы 30 жылда үч эсеге көбөйдү. Элдин 60 проценттен көбү 30 жашка чейинки курактагылар.

Батыштын Иранды ядролук программадан баш тарттыруу аракети диниятчылардын режимине пайдалуу. Женив Абдонун айтышынча:

- Иран эли ядролук программаны жактагандыктан, режим элди бул проблеманын айланасында мобилизациялай алат деген пикир бар Вашингтондо. Бул чындык. Ирандыктар өлкөсүнүн кубаттуу жана коңшулары сыңары ядролук куралды өнүктүрүүгө укугу бар болушун каалайт. Алар Израилге, Пакистанга дагы башка ядролук өлкөлөргө карап, ирандык болгону үчүн эле изоляцияга алындык деп түшүнүшөт.

Иран ядролук программасын өнүктүрүү менен бирге региондогу таасирин бекемдөөнүн да аракетинде. Тегеран Ирактагы шиит топторун колдойт. Бул өлкөдөгү кырдаалга жана Ирак өкмөтүнө таасир этүүгө мүмкүндүк берет. Тегеран Ливандагы Хизбалланы жана Газадагы ХАМАСты каржылап-куралдандырып жатып, Сириядай эле Жакынкы Чыгыштагы таасирлүү оюнчуга айланган. Карзайдын өкмөтү менен саясый-экономикалык мамиле түзүп, Ооганстандагы жагдайга да кеңири аралашууда. Ушундан улам, Иранда Батыш канчалык камоого албасын, коңшу мамлекеттер артын салып кетпейт деген ишеним жаратат.