Обаманын ант берүү аземи күбөнүн көзү менен

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын директорунун мультимедиа боюнча орун басары Рики Грин айым Вашингтондо АКШнын 44-президентинин ант берүү аземине күбө болду. Рики айым салтанат алдындагы окуяларды, андан соң миллиондон ашуун адам катышкан жөрөлгөнү кагаз бетине түшүрүп, тасмага тартып алган.
19-январь, 2009-жыл. АКШнын жаңы президенти Барак Обамат ант берээрден алдыңкы күн.

Америкалыктар демейде ачык, жайдары келишет. Бирок Обама ант берчү тарыхый учурдун алдыңкы күнү алардын бул сапаты жүздөрүнөн айрыкча төгүлүп турду. Вашингтондо бири-бирин эч тааныбаган кишилер эч себепсиз эле бири-бирине жылмайып, жайдары сүйлөшүүдө.

Залкар жана татына Линколн мемориалында чоң концерт учурунда симфониялык музыканын күйөрмандары, залдагы коноктор бири-бирин кучакташып, өңү-түсүнө, улутуна, динине карабай чогуу ырдашууда. Балким, бул – концерттин аталышына дагы байланыштуу болгондур. Концерт “Биз – бирбиз” деген аталышта өттү.


Бул күнү кечинде Кеннеди борборунда Жогорку соттун мурдагы судьясы Сандра Дэй О’Коннор (Sandra Day O'Connor) жана музыкант Уинтон Марсалистин (Wynton Marsalis) демилгеси менен өткөрүлүп жаткан Жаз ырларынын концертине келген коноктордун агымы көпкө чейин токтогон жок.

Вашингтондо афроамерикалыктардын чакан, бирок таасирлүү бакыбат жашаган ортоңку таптык катмар бар. Булардын анча-мынчасы гана коомдогу элита менен камыр-жумур аралашып келген. Ак үйгө эми теги афроамерикалык президенттин келиши менен социалдык турмушта олуттуу өзгөрүүлөр болору күтүлүүдө. Бул кече да ошол окуялардан жышаана болуп калгансыды.

“Биз – бирбиз”. Расачыл тосмолор биротоло жоголдубу? Кандай гана болбосун, бул күнкү кечеде мындай тосмолорго эч орун калган жок.

20-январь.

Бул күндүн таңы өзгөчө суук болду. Сатуучулар учурдан пайдаланып улам котолоп чогула баштаган калайыкка колкап жана жылуу кийимдерди сатышууда. Калың элдин аягы көрүнбөйт. Алар Кошмо Штаттардын Капитолийи менен Вашингтон Эстелигинин ортосунда созулуп кеңирсиген Улуттук Сейилкөчөнү (National Mall) карай агылып баратты. Адатта, жалпы эл дал ушул жайда өз өлкөсүнүн улуттук сыймыктуу учурларын майрамдоо үчүн чогулат.

Таңкы саат 6да көптөгөн кишилер азем өтчү жерге өтүү үчүн Улуттук Сейилкөчөгө чогулушууда. Алтыдан тогузга чейин алар кышкы суукка чыдап жөрөлгөнүн башталышын күтүшөт.

Обаманын инаугурациясына арналган концерттен

Колунда аземге кирүү үчүн билети барлар ант берүү жөрөлгөсүн жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алар Капитолийдин Улуттук Сейилкөчө тарапты караган Батыш канатында ант берүү жайына жакыныраак орундарга жылып келүүдө. Бирок чындыгында коопсуздуктун алдын-алуу чараларынан улам, көптөгөн билет ээлери жана миңдеген карапайым адамдар суук күнү чет жакада калышты.

Кайсы бир убакытка чейин менде дагы “четте калгандардын катарына кошулдум го” деген чочулоо сезим көөдөнүмдү уялап турду. Улуттук Сейилкөчөнүн бир бучкагында бир нече тосмолорду өткөндөн кийин бир маалда калың топ алга карай жылуусун дээрлик токтоткондой болду. Бир полициячы мага Сейилкөчөгө өтүүгө эми эч мүмкүн болбой турганын эскертип, андан көрө алты чакырымдай өтүп барып, Сейилкөчөнүн башка бучкагынан туннел аркылуу азем жайына жетүүнү сунуштады. Аргасыз калган жүздөгөн кишилер туннелге карай ат коюшту, алардын арасында мен да болдум.

Аземге карай узак жол

Жакшы жасанып кийинген жубайлардан “кечигип жаткандарыңыздарга тынчсызданып жатасыздарбы?” деп суроо узаттым. Калифорниядан келген афроамерикалык Энтони Браун мындай деген жообун берди: “мен бул күндү 12 муундан бери күтүп келгем. Демек, эми мага бул күткөн көз ирмемдерге чейин дагы анча-мынча узагыраак жолду жөө басып, анча-мынча көбүрөөк убакыт коротуу эч кыйынчылыкка жатпайт”.

Кийинчирээк мен аземге кирүү үчүн билет алгандардын бери дегенде миңге жакыны бир нече саат күтсө дагы күзөт бекеттеринен салтанат жайына өтө албай калганы тууралуу уктум. Аларга “коопсуздук себептеринен улам Улуттук Сейилкөчөгө өтүү чектелди” дегенден башка эч түшүндүрмө берилген эмес. Ошентип Барак Обаманын ант берүү аземине жүздөгөн, миңдеген чакырымды карытып бул жакка келгендердин сыртта калган тобунун кабагы саал бүркөлгөнүн бөркүңүздөй көрсөңүз болот.

Өзүм жөнүндө айта турган болсом, туннелден чыккандан кийин мага Улуттук Сейилкөчөгө карай сапарымды баштаган бекетке кайра кайтып барышым керектигин айтышты. Мен журналисттик күбөлүгүмдү полицияга көрсөттүм. Бул күбөлүк эртең менен мага жардам берген эмес эле. Бирок менин айлам кеткенин көрүп, боору оорудубу, айтор полициячы тосмону ачып, мени ичине киргизди. Саат түшкү 11:30 болчу, ант берүү аземи башталайын деп калган.

Ошентип мен умтулган жериме, Мага Убада Кылынган Жерге жеттим. Бул жерден секидеги ант берүү жайы дурус көрүнүп турду. Мен турган бөлүмдө жүздөгөн билет ээлери гана отуруп, көп орундар дээрлик бош болду. Көрсө, бул орундар “коопсуздук себептеринен” улам киргизилбей көчөдө калган билет ээлериники экен.

Ант берүү жөрөлгөсү учурунда

Аземди көрүү үчүн келгендердин көьүнүн көзү Барак Обама президент болуп калган учурда кылгырганын байкадым. Алар Обаманын ар сөзүн дыкаттык жана терең урмат менен угуп жатышты. Баарын кучагына алган кубаныч сезими Обаманы жана бардыгыбызды алдыда күтүп турган турмуштун катаал чындыгын аңдоо менен кошул-ташыл болуп турду. Кишилер дуба кылып жатканда баштарын ийип турушту.

Азем бүткөндөн кийин дагы бир кыйынчылык пайда болду: бизди Улуттук сейилкөчөгө киргизбей койо жаздаган тосмолор эми кайра сыртка чыгарбай жатышты. Котологон кишилер быштак издеген чычкандар сыңары улам бир топтун изине түшүп сыртка чыкчу жол издешүүдө. Мен келген жолум менен алиги туннел аркылуу кайра артка сапар тарттым.

“Жол табуу биздин колдон келет!” деген көөдөндү жеңилдеткен сезим туннел аркылуу мени менен кошо артка кайтып бараткан кишилердин бардыгына ыракат тартуулап турду көрүнөт.

Көчө бийлери

Буту-колум абдан үшүп баратты.

Мен жолду ката “жашоо – бешенеге жазылган тагдырдык мерчем эмес, тек гана сапар” деп айткан бутпарас акылмандын сөзү жөнүндө ойлонуп бараттым. Бирок бүгүн АКШнын 44-президенти ант бергенден кийин мен бул акылмандын сөзүнө макул болгон жокмун. Бүгүн узакка созулган жана түйшүктүү жол өзүнүн тийешелүү мерчемине жеткен бир тарыхый учурду баштан кечирдик.