АКШ: Экономика үчүн 8 триллион доллар керек

Экономикалык кризистин айынан миллиондогон америкалыктар жумушсуз, үй-жайсыз калышты. АКШнын Улуттук банкы жана Финансы министрлиги абалды жеңилдетүү үчүн көп миллиард долларлык иш чараларды сунуш кылууда. Экономикага дем берүү үчүн бери дегенде 800 миллиард доллар керек.
Эксперттердин боолгошунча, АКШнын жаңы президенти Барак Обамага керектөөнү жандандыруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу экономикага дем берүү үчүн бери дегенде 800 миллиард доллар сарпташ керек. Бул акча, америкалык илимпоз Ритольцтун эсебине караганда, Кошмо Штаттардын ички дүң жыйымынын (же ички дүң өнүмдүн) жарымынан көбүнө тең сумма.

Вашингтон Иракты калыбына келтирүүгө, же Франклин Рузвельт «улуу депрессиядан» чыгууга, же Маршал планы боюнча II Дүйнөлүк согуштан соңку Европага көмөктөшүүгө мындай чоң акча сарптаган эмес. “Newsweek” журналынын жазышынча, АКШ, бүгүнкү баа менен эсептегенде II Дүйнөлүк согушта 3, 6 миллиард доллар жумшаган.

Обама 20-январда ырасмий түрдө бийликке келгенден кийин мындай чоң акчаны кайдан табат? Ал шайлоо өнөктүгү учурунда 2009-жылдан баштап, жылдык кирешеси 250 миң доллардан көп үй-бүлөлөр төлөчү салык көбөйтүлөт деп сөз берген. Мындай үй-бүлөлөр АКШ калкынын 5 процентин түзөт.

Президент Буштун жеңил колу менен салыктан бошотулган элдин береги катмарынан салык алуу планын Обаманын командасы жарыялай элек. Бул пландын кечиктирилип жатканы, «Интернешнл Гералд Трибюн» гезитинин кабарлашынча, экономика олку-солку жагдайда турган чакта салыкты көбөйтүү натуура болот деген ишенимге байланыштуу. Анткени салыкты көбөйтүү саясый маселе болгондуктан, түрдүү кептерди жаратып, эл арасында өкмөткө болгон ишенимге шек тийгизет. Ага карабай, Обама быйыл болбосо да, келерки жылы байгер америкалыктар төлөчү салыкты көбөйтүүгө тийиш. Бул өкмөткө карыз албай же жаңы акча эмиссия кылбай туруп, бюджеттик чыгымдарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет, деп жазат «Интернешнл Гералд Трибюн».

Барак Обама өзү да экономиканы стимулдаштыруу планына катар банктардын, компанияларга баа берчү рейтингдик агенттиктердин, биржалардын ишмердүүлүгүн финансылык жактан тескөө боюнча чечкиндүү кадамдар жасаларын эскерткен:

- Азыркы бизнес-модель мезгил талабына ылайыксыз экенин ар бирибиз мойнубузга алууга тийишпиз. Эгер көпчүлүк кырдаалды жөндөөгө салык төлөөчүлөр көмөктөшүүгө тийиш деп ойлосо, алар, ачыгын айтканда, 20 же 30 жыл мурда жасалчу өзгөрүүлөргө окшош чарларды кийинки калтырып болбосун түшүнүш керек.

Обаманын администрациясы экономиканы стимулдаштырууга 500 миллиард доллардан ашуун, Япония 50 миллиард доллар бөлмөк болууда. Евробиримдик бул максатка 264 миллиард бөлүп койду.