Газадагы бүгүнкү трагедия эртеңки күн үчүн негиз даярдоодо

Газа тилкесиндеги кризистин башталганынан бери эки апта болуп калды. Эл аралык дипломаттар ок атышуунун токтотулушуна жетишүүнүн аракетинде. Евробиримдик тараптарды мунасага келүүгө чакырууда. Газа тилкесиндеги кризис жана согуштун тарыхы тууралуу Эркин Европа/Азаттык үналгысынын берүүлөр боюнча директорунун орун басары Аббас Жавади комментарий жазды.
Газа тилкесиндеги кризис кантип башталган? “Хамас” өткөн айда Израил менен убактылуу элдешүү мөөнөтүн узарткан жок жана Газа тилкесинен Израилдин түштүгүнө ракеталарды жиберген деп жеңил жооп берсе да болот. Өз кезегинде Израил бир апта бою Газа тилкесинин аймагына жана “Хамастын” өңүттөрүнө абадан сокку урду. Андан соң, Израил танктары чек араны бузуп кирди. Чабуулда болжол менен беш жүз палестиналык өлтүрүлүп, алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар жана балдар экени маалымдалууда. “Хамастын” ракеталарынан Израилдин он эки атуулу набыт болгон.

Бирок жаңылыктарда эки арадагы зордук-зомбулук, террорчулук, жек көрүүчүлүк жана уруштун он жылга созулган тарыхы бар экени, Израил Газа тилкесин 40 жылдан бери блокадага алганы кеңири айтылбайт. Жер ортолук деңиз боюнда орун алган бул кооз тилке бир жарым миллион жакыр, начар башкарылган, бирок жөнөкөй, эр жүрөк, балдарына билим берүүнү, саламаттык тармагын жакшыртууну, иштеп, бейпил турмушта күн көрүүнү каалаган адамдардын мекени болуп эсептелет. Бирок палестиндердин мындай ой-максаттарына Израил жана Рафах чек арасын жапкан Египет тоскоол болууда, деп жазат өз баяндамасында Аббас Жавади.

Акыркы кырк жылда палестиналыктар качкындар лагерлеринде баш калкалап келишти. Алар бул жылдары дайыма чабуул күтүп, коркунучта жашашты. Өз лидерлеринин жана саясий партиялардын иштин көзүн таба албаганынан жабыркашты. Жашоо шарты начарлаган сайын, бул адамдардын нааразылыгы күчөп, экстремизмге ооп, Израилге жана жөөттөргө болгон жек көрүүсү күч алды. Ошентип алар азап чегүүсүн күчөткөн аракеттерге өтүштү.

Израил өкмөтү палестин чатагын чечүүдө даанышмандык көрсөтпөстөн жеке кызыкчылыгын көздөп туруп алды. Бул кызыкчылыктын натыйжасында террорчулар пайда болду, алардын башкысы – “Израилге - өлүм” деген ураан чакырган “Хамас” тобу.

1967-жылы болгон согуштан Израил палестиндердин жерин тартып алып, жүз миңдеген палестиналыктар качкындар лагерлеринде башпаанек издеп, ушунча жыл бою жакырчылыкта жашап келди. Египет жана Йордания жерлерди кайтаруу боюнча мунасага жетише алды. Бирок көпчүлүк палестиналыктар, өзгөчө “Хамас” жана Ливандын “Хезболла” тобу Израилди мамлекет катары таанууда баш тартып келет.

Израил 1967-жылы болгон согуштан сабак алган жок, андыктан аймак үчүн тынчтык жана коопсуздук алып келбейт, деп жазат Аббас Жавади өз баяндамасында. Израил Египет жана Йордания менен тынчтык келишимин түзүүнү каалайт, бирок мындай келишимди палестиндер менен түзө албайт.

Алар “жубайды тандай аласың, бирок коңшуну эмес” деп көп айтышат. Коңшу менен бир же эки айга созулган араздашууга чыдаса болот, бирок бир нече жылга созулган жаңжал эки тарапка тең тозок алып келет. Сиз күчтүү жана өнүккөн коңшу болосузбу, же чабал жана жакыр болосузбу – тандоо жасашыңыз керек: же жаңжалга чекит коюу, же тирүүлөй тозокто жашоо.

Барган сайын Израил дагы, палестиндер дагы көбүрөөк тозокту тандап жаткандай. Эки жыл мурда Израил Иран колдогон “Хезболла” тобун жок кылуу үчүн Ливанга кирип барган. Бирок натыйжада “Хезболла” кайра бутуна тура алды.

Учурда ошол окуя кайра кайталанып жаткансыйт. Он миңдеген араб, түрк жана ирандыктар Израилдин чабуулун айыптап көчөлөргө чыгышты. Дүйнө жүзүндө мусулмандар жана мусулман эместер чабуулду баштаган Израилди жана аны токтото албаган АКШны айыпташууда.

Аббас Жавади – Эркин Европа/Азаттык үналгысынын берүүлөр боюнча директорунун орун басары. Бул комментарий автордун жеке көз карашы жана сөзсүз эле “Азаттыктын” пикирин чагылдырбайт.