Парижде Ооганстандын жана ага коңшулаш өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кездешти. Жекшемби күнү жабык эшик артында өткөн сүйлөшүүдө тараптар Ооганстандагы стабилдүүлүктү орнотууда өз ара кызматташуунун мааниси чоң экенин белгилешти. Ошондой эле, маң аткезчилигине жана террорчулукка каршы күрөштүн маанилүү бөлүгү катары чекара коопсуздугун бекемдейли деп макулдашты Жыйынга Ирандын өкүлү катышкан жок.
Парижде өткөн сүйлөшүүнүн катышуучулары Ооганстандагы коопсуздук коңшу өлкөлөр үчүн маанилүү экенин белгилөө менен аймактык кызматташууну бекемдөөгө чакырышты. «Ооганстанда туруктуулук, тынчтык, байгерчилик жана демократия болбой, региондогу коопсуздук жана тынчтык узак мөөнөттүү болбойт», деп айтылат жыйын соңунда жарыяланган билдирүүдө.
Ооганстандын Франциядагы элчиси Ассадулла Омардын «Эркин Ооганстан» радиосуна айтышынча:
-Бул ырасмий эмес жолугушуу. Анда эч кандай резолюция кабыл алынбады. Анын максаты ырасмий эмес жагдайда эркин пикир алмашуу болду.
Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Франциялык ырасмий адамдардын билдиришинче, жыйындын максаты Ооганстанга коңшу өлкөлөрдүн президент Карзайдан өкмөтүнүн талиптерге каршы күрөшүн колдоосуна жетишүү болду. Бирок, байкоочулардын боолгошунча, АКШнын президенти болуп шайланган Барак Обама 20-январда бийлике ырасмий түрдө отурганга чейин эларалык коомчулук Ооганстан боюнча алгылыктуу чечим кабыл албайт.
Сайн Клу сепилиндеги ырасмий эмес сүйлөшүүгө Пакистандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын, Кытайдын, Индиянын, ошондой эле Евробиримдиктин, БУУнун Коопсуздук кеңешинин, Орусиянын, Британиянын жана АКШнын өкүлдөрү катышты. Ирандын тышкы иштер министри Манучер Муттаки жыйынга катышуудан баш тартып койду.
Кабарларга караганда, Франциянын президенти Николас Саркозинин Ирандын президенти Махмуд Ахмединежаддын «Израил картадан жок кылыныш керек» деп айтканына байланыштуу «аны менен кол алышпайм» же «бир столдо отурбайм» деген сөзү буга себеп болгон. «Эгер Муттаки мырза келбесе, Ирандын Париждеги элчиси же башка келет деп күткөнбүз.Андай болгон жок», деп билдирди “Азаттыктын» Париждеги кабарчысы Шахид.
Муттаки ошондой эле Франциянын тышкы иштер менен ишемби күнү болчу кездешүүгө да барган эмес.
Парижде июнь айында да Ооганстанга байланыштуу эларалык конференция өтүп, анын катышуучулары Ооганстанды реконструкциялоо үчүн 20 миллиард доллардан ашуун жардам беребиз деп милдеттенме алышкан.