Пакистан аскерлери Индиянын Мумбай шаарындагы кызыл кыргынды уюштурду деп шектелген ислам согушчандарынын базасында операция өткөрдү. Ырасмий ырасталбаган маалыматтар боюнча, операция учурунда Мумбайдагы террордук чабуулду уюштурган Заки-ур-Рехман жана башка согушчандар колго түшүрүлгөн.
Соңку маалыматтарга ылайык, «Лашкар-э-Тайба» тобунун базасында Пакистан аскерлери жекшембиден дүйшөмбүгө оогон түнү өткөргөн операция маалында кеминде төрт согушчан кармалган. Алардын ичинде эки жума илгери Мумбайга жасалган чабуулду уюштурду деп шектелген Заки-ур-Рехман Лахви да бар экенин Пакистандын коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү тастыктаган.
База Кашмирдин Пакистанга таандык бөлүгүнүн административдик борбору Музафарабаддын четинде жайгашкан.
Лахвини жана «Лашкар-э-Тайбанын» Индияга каршы акцияларды уюштуруу боюнча башчысы Юсуф Музаммил, Индия бийликтеринин ырасташынча, согушчандардын Мумбайга кол салуусун телефон аркылуу жетектеп турган.
Пакистандык журналист Ахмед Рашиддин «Азаттыкка» айтышынча, пакистандын коопсуздук күчтөрү «Лашкар-э-Тайбанын» негиздөөчүсү Хафиз Саидге тийген эмес. Ал Лахор шаарында мурдакыдай эле ээн-эркин жашап жүрсө керек, деп боолгойт журналист.
Жекшемби күнкү операция Кошмо Шаттары менен Индиянын кысымынан кийин өткөрүлдү. Анын алдында АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс Мумбайдагы чабуулду пландоо «Пакистандын жеринде ырасмий бийликтерге тиешеси жок оюнчулар тарабынан уюштурулганына» Вашингтон күмөн санабасын билдирген.
Ырасмий Исламабад террордук чабуулду тергөөдө Индия жана АКШ менен кызматташууга ынанып, бирок, согушчандар Пакистандан келгенин далилдеп берүүнү талап кылган. Бул атомдук куралдуу эки өлкө арасындагы тирешүүнү дагы күчөткөн.
Рашиддин сөзүнчө, Исламбадга жасалган тышкы кысымдын өсүүсү Пакистандын аймагындагы согушчул топтор тыйылууга жана анын мүчөлөрү камакка алынууга тийиш дегенди түшүндүрөт:
- Бул топтордун көпчүлүгү «ал-Каида» менен, ошондой эле Пакистан жана Ооган талиптери менен байланышкан. Алар Индияда, Иракта жана дүйнөнүн башка жерлеринде оңой эле өз топторун түзүүдө. Алардын тамырын кыйуу керек. Ошол эле мезгилде биздин аскерий жетекчилик улуттук коопсуздукту камсыздоонун стратегиясын кайра карап чыгуусу абзел.
Ахмед Рашиддин айтымында, Пакистандын аскерий жетекчилиги берегидей согушчул топторду тышкы саясатта, айрыкча, Индия менен эрегиште курал катары колдонгонду токтотуш керек. Антпесе, согушчул топтор коңшу өлкөлөргө катар Пакистандын да коопсуздугуна коркунуч туударары калетсиз, дейт Ахмед Рашид.
«Лашкар-э-Тайба» Музаффарабаддын ныптасындагы базаны 2004-жылга чейин согушчандарды машыктыруу үчүн пайдаланып келген. А жакынга дейре «Лашкар-э-Тайбаны» түптөгөн «Жамаат-уд-Дава» уюму соопчулук иштери үчүн пайдаланып жүргөнүн согушчандар өздөрү айтышкан.
«Лашкар-э-Тайба» чейрек кылым мурда Пакистандын чалгындоо кызматы тарабынан Кашмирдин Индияга караштуу аймагында бузукулук операцияларын жүргүзүү максатында түзгөн, дешет серепчилер.