НАТО өзүнүн өткөн аптадагы жыйынында Украина менен Грузияга мүчөлүк аракет планын сунуш кылган жок. Россиялык айрым ырасмий өкүлдөр муну экс-советтик республикалар үчүн альянска жол жабылгандай кабыл алышты.
НАТОнун чечимдерине Россиянын альянстагы туруктуу өкүлү Дмитрий Рогозин чечекейи чеч болгондой эле кубанды. “Украина менен Грузия мүчөлүк аракет планын алган жок, анын ордуна кызматташтыкты тереңдетүү дегендей жасалма, тек гана бир көңүл жайкаган убадаларды алышты, муну менен Россияга дайыма тоңбий позицияда карагандардын тилеги таш капты”,-деп билдирди ал коомуту толгонун жашырбай.
Буга кошо Рогозин НАТОнун кеңейшин АКШ,Британия жана чыгышевропалык айрым өлкөлөр колдогону менен Германия, Франция, Италия буга каршы болуп жатканын белгилеп, муну геосаясий жагдайдын өзгөрө баштаганына жоруду. “НАТО ичинен бөлүнүп калганы ачык эле көрүнүп турат, альянс өзүнө жаңы мүчөлөрдү алганга аракет кылган сайын бул жарака да чоңойо берет”,-деп айтты Рогозин.
Кыскасы, орус өкүлүнүн ишениминде, НАТОго өткөнгө үмүт кылып жүргөн эски советтик аймактагы айрым өлкөлөр үчүн альянстын каалгасы карс жабылды, эми анын кайра ачылышы өтө эле күмөн.
“The Economist” апталыгынын найып-редактору Эдвард Лукас мындай апаздарга кошула бербейт. ”Менимче,- дейт ал, - бу жерде Украина менен Грузиянын НАТОго арыдан-бери кошула калгысы келген кыялы гана оңунан чыккан жок. Альянс аскери реформа, куралдуу күчтөрдү модернизациялоо багытында бул эки өлкө менен мындан ары деле кызматташа бермекчи, болгону мунун баарында “мүчөлүккө аракет” деген гана көрнөк болбойт”.
Украина менен Грузия ушу тапта көп көрсөткүчтөрү жагынан НАТОго өткөнгө жарабайт. Грузин президенти Саакашвили былтыр оппозициянын демонстрациясын күч менен кууп таркатып, көз карандысыз маалымат каражаттарын жаап, өлкөнүн демократиялык аброюн түшүрүп алды. Быйыл августтагы окуялар учурунда да өзүнүн ойлонбогон, осол жоруктары менен ал батыштагылардын баарын эле кол чаптырган жок.
Украина болсо туташ саясий кризистер тилкесинен чыга албай жатат. Айрыкча президент Ющенко менен премьер Тимошенконун түгөнбөгөн таймашы өлкөдөгү экономикалык, демократиялык процесстерди тушап салды.
“Эгер жакынкы жылдарда Украинада стабилдүү өкмөт түзүлүп, Грузияда лидерлер алмашса, Россия өзүнүн ички проблемалары менен алышып калса, АКШдагы жаңы администрациянын дүйнөдө аброю көтөрүлө баштаса, анда НАТОнун кеңейиши азыркыдай кыйын-кычыктуу иш болбой калышы да мүмкүн”,-дейт Лукас.