Таиландда конституциялык сот башкаруучу коалицияны, ага кирген үч партияны таркатты. Азыркы өкмөт башчысы, аны менен бирге кыркка жакын партиялык ишмер саясаттан четтетилди.
Сот былтыр декабрдагы парламенттик шайлоодо коалиция мыйзамдарды одоно бурмалаган, ошонун аркасында бийликке келген деп бүтүм чыгарды.
Өкмөттүн премьери Сомчай Вонгсават конституциялык соттун чечимине моюн сунарын билдирди. “Мага жүктөлгөн милдеттерди тапшырам,мен эми карапайым эле жаранмын”,- деп айтты ал журналисттерге Чангмай шаарында.
“Демократия үчүн элдик биримдик” деп аталган оппозициялык кыймылдын тарапкерлери премьердин кызматтан кетишин талап кылып, массалык акцияларды баштап, Бангкоктогу аэропортторду басып алгандан бери Вонгсават ушул Чангмайдан чыга албай калган. Өлкөнүн борборунда ушу тапта чет элдик 240 миңдей жүргүнчү Таиланддан учуп кете албай отурушат.
Оппозиция башкаруучу коалицияны былтыр декабрдагы парламенттик шайлоонун натыйжаларын бурмалады деп айыптап, конституциялык сотко кайрылган эле. Сот бул дооматтын чындыгын тастыктады жана өткөн жылдагы өнөктүк маалында коалициянын өкүлдөрү шайлоочуларды сатып алганын бышыктады. Натыйжада башкаруучу коалиция, ага кирген Элдик бийлик (PPP), Матчима(Matchima), Чарт Таи (Chart Thai) партиялары таркатылды. Алардын 36 ишмери саясаттан четтетилди. Премьер Вонгсаватка беш жылга чейин саясий иштерге катышканга тыюу салынды.
Оппозициянын тарапкерлери соттун чечимин кубаттап кабыл алышты. Ошол эле учурда алардын бири муну болгону жарым-жартылай гана жеңиш деп баалап, мындан ары эмне болорун оппозиция кылдат байкап-багып турарын билдирди.
Соттун чечиминен кийин өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо болобу-жокпу, азырынча белгисиз. Анын үстүнө башкаруучу Элдик бийлик партиясы сот оппозициянын талаптарын канаттандырарын алдын-ала сезип, “Тайчылар үчүн” (Pheu Thai) деген жаңы партия түзгөнгө жетишти. Эми мурдагы “элдик бийликчилердин” бардык 216 депутаты жаңы партияга өтүшөт жана парламентте мурдагыдай эле көпчүлүк орундарды сактап калышат.
Таиландда 2006-жылы сентябрда аскери төңкөрүш болуп, өлкөнүн ошо кездеги премьери Таксин Чинават бийликтен кулатылган эле. Чинаваттын партиясы таркатылып, анын ордуна Элдик бийлик партиясы түзүлгөн. Ал былтыр декабрдагы шайлоодо утуп чыгып, анын лидери Самак Сунтаравет премьерликке дайындалган. Бирок ал да быйыл конституциялык соттун чечими менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Быйыл сентябрда анын ордуна Сомчай Вонгсават келген эле.
Эгер өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүлбөсө, анда Чинаваттан калган баягы эле партия кайра бийликке келиши мүмкүн. Буга оппозиция алымсынбай турганы калетсиз. Оппозиционерлердин бири элдин камын ойлогон өкмөт болмоюнча жеңишке жетүү мүмкүн эмес деп билдирди.
Демек, байкоочулар ырасташкандай,Таиланддагы саясий кризис жакын аралыкта чечилери күмөндүү көрүнөт.