Индияда коопсуздук тармагын тейлеген жетекчилер кызматтан чегинүүдө

Индиянын кызматтан чегинген ички иштер министри Шиврадж Патил

Өлкөнүн каржы жана ишкер борбору Мумбайдагы кандуу окуяларга байланыштуу коопсуздук тармагын тейлеген жетекчилер кызматтан чегинүүдө. Коомчулукта согушкерлер деп шектелгендер өлкөнүн каржы борборун тополоң-тозго оңой эле түшүргөнүнө нааразылык күч.
Өлкөнүн ички иштер министри, кызматтан Мумбайда согушкерлерге каршы операция аяктагандан бир күндөн кийин, жекшембиде чегинген Шиврадж Патил Мумбайдагы кандуу окуялар үчүн "моралдык жактан жоопкер" экенин билдирген. Ал жетектеген мекеме өлкөнүн каржы борборуна согушкерлер жеңил-желпи эле кол салганы үчүн сынга алынууда.

Шиврадж Патилдин ордуна Ички иштер министрлигин жетектөөгө буга чейин каржы министринин кызматында турган Паланияппан Чидамбарам дайындалды. Ошондой эле жекшембиде премьер-министр Манмохан Сингхке кызматтан чегинүү боюнча арызын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Маянготе Келат Нараяанан да тапшырды.

Ал эми үч күнгө созулган кыянатчылыктардан, соңку такталган маалыматтарга караганда, 174 адам каза тапты, 200дөн ашууну жаракат алды. Кечээ өлгөндөрдүн саны 195 экени айтылган болчу. Алардын көпчүлгү индиялыктар, 20дайы чет элдиктер.

Индия коомчулугунда болсо согушкерлер өлкөнүн каржы борборун тополоң-тозго оңой эле салганына, дегеле эртеңки күндүн коопсуздугуна карата камтамачылык күчөп жаткандай.

Дары-дармек менен алектенген мумбайлык ишкер Жайиш Вохра мындай дейт:

-Бул өтө жаман, өтө жаман. Мен ушундай эле нерсе эртең да болбосуна ишене албайм. Эртең эмес, бир саттан кийин эле бул аэропортто, башка жерде кайталануусу мүмкүн.

Автоматтар жана гранаттар менен куралданган согушкерлер Индиянын каржы жана ишкер борбору катары эсептелген Мумбай шаарына шаршемби күн кол салышкан эле. Оболу темир жол вокзалында, көчөдө, шаардык оорукананын менен театрдын жанында жүргөндөрдү туш келди аткылашкан согушкерлер, бир сааттан бир аз ашуун убакыттын аралыгында шаардын эки аземи: "Тадж-Махал жана "Оберой-Трайден" мейманканаларына, жөөт диний жана билим берүү борбору жайгашкан "Нариман" турак-жай комплексине кирип, ал жердегилерди барымтага алышкан.

Кабарларга караганда, Мумбайдын алтымыш саат боюу чыңалууда кармаган согушкерлердин саны – он, алардын тогузу өлтүрүлүп, бирөөсү туткундалган. Согушкерлердин акыркы үчөөсү ишембиде "Тадж-Махал" мейманканасында жок кылынды. Согушкерлердин изи Пакистанга барып такалат деген жоромолдордон улам Исламбад менен Делинин алакасы да чыңала түшкөндөй болду. Буга ириде Пакистандын жетекчилиги камтама болууда.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Индия тарапка бул ишти иликтөөдө толук кызматташууну сунуш кылды:

-Индиянын жетекчилиги Пакистандын өкмөтүн айыптаган жок. Бул маселеде так болуңуздар. Алар азыркы баскычта, ушул ишти жасаган топтордун, балким уюмдардын Пакистанда өкүлчүлүгү болушу мүмкүн деп шек гана саноодо. Биз айтып жатабыз, эгер аларда ( Индияда) маалымат болсо, далилдер болсо, алар биз менен бөлүшүүсү керек.

Ал эми Индиянын ички иштер боюнча мамлекеттик министри Шрипкаш Жайсвал өлкө кооопсуздугун "согуш деңгээлине" көтөрөрүн билдирди. Ал Рейтердин кабарчысы менен болгон маегинде белгилегендей, террорчулар Пакистандан келгенинде "эч шек жок".

Индиянын коопсуздук боюнча расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Мумбайга кол салгандар "Лашкар-е-Тайба" деген топко караштуу. Пакистанда жайгашкан бул уюм Индияга буга чейин жасалган кол салуулар үчүн жоопкер болгон. Исламабад ал уюмдун ишине 2002-жылы тыюу салган.

Азыркы кол салуу үчүн болсо мурда анчалык белгисиз "Деккан Мужахидин" деген топ жоопкер болду. Мындай маалымат чабуул башталган шаршемби күнү эле электрондук почта аркылуу таратылган. Деккан - Индиянын мусулмандар басымдуулук кылган аймагы.