Таиланддын аба бекеттеринде өзгөчө абал

Таиланддын өкмөтү өлкө башкааласы Бангкоктун демонстранттар ээлеп алган эки аэропортунда өзгөчө абал киргизди. Премьер-министри Сомчай Вонгсават теледен жасаган кайрылуусунда белгилегендей, полиция менен кээ бир аскер бөлүктөрү "экономикага эбейгесиз зыян" келтирип жаткан бул камалоону токтотуу аракетин көрмөкчү. Демонстранттар өкмөттүн отставкасын талап кылышууда.
Демократия үчүн Элдик альянс деген кыймылдын жактоочулары оболу шаршембиде Бангкоктун эң ири Суварнабхуми, эртеси бейшембиде андан кичирээк Дон Муанг аэропортторун ээлеп алышты. Мындан улам ал аэропорттордон жергиликтүү жана чет элдик авиакомпаниялардын каттамдары токтотулду.

Бангкоктун аэропортуна АТЭК уюмунун Перуда өткөн саммитинен кайтып келе жаткан премьер-министр Сомчай Вонгсават өзү да коно алган жок. Ал өкмөттүн демонстранттар басып алган эки аэропортто өзгөчө абал киргизүүнү чечкен жыйнын өлкөнүн түндүгүндөгү Чианг Май шаарында өткөрдү.

Демократия үчүн Элдик альянстын жактоочулары болсо премьер-министрдин кызматына жакында эле киришкен Вонгсаваттын өкмөтүнүн отставкага кетүүсүн талап кылууда. Бангкоктун аэропортундагы демонстранттардын бири кечээ Рейтердин кабарчысына буларды билдирди:

- Биз канчага турарыбызды билбейм, баары өкмөттүн өзүнө көз каранды. Эгер өкмөт элди жана туристтерди чындап эле ойлосо, ордун бошотуп, кызматтан кетүүсү абзел. Баардык нерсенин чеги болот. Алар элди жеп-ичүүнү токтотуусу керек.

Таиландда кирешенин негизги булактарынан бири катары эсептелген туристтик сезон азыр күчөгөн учур. Өкмөт туристтик аба каттамдарды аскерий аэропортторго которуу аракетин көргөнү менен аладын мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан миңдеген туристтер мекенине убагында кайта албай, камалып калышты.

Рейтер агенттиги келтирген маалыматка караганда, былтыр эле Таиландга 15 миллиондой турист барган. Демонстранттар ээлеп алган Суварнабхуми аэропорту күнүнө 125 миңдей кишини өткөрө алчу, анын 70%ы туристтер эле. Туризм тармагына адистешкен чехиялык журналист Петр Кулханек (Peter Kulkhanek) Таиланддагы олку-солкулктар өлкөнүн туризм индустриясына бери дегенде кыска мөөнөттө кедергисин тийгизет деп эсептейт:

- Таиланддагы туризмдин өнүгүүсүнө коркунуч туудурары анык. Эгер сиз өлкөгө кирүүчү негизги дарбазаны тороп салган болсоңуз, туристтердин агымын токтотосуз. Ага катар дүйнөгө туристтердин коопсуздугун талаптагыдай деңгээлде камсыздоого даяр эмес экендигиңиз тууралуу жаман белги берип жатасыз. Мен бул окуяга күбө болгон туристтер кайра Таиландга такыр эле кайтып барбайт деп ойлобойм. Бирок жакынкы келечекте, бир-эки жылдын аралыгында алар Таиландга караганда, башка коопсуз багыттарга артыкчылык бериши мүмкүн. Таиланд - чех туристтери арасында да өтө популярдуу багыт, өзгөчө кыш мезгилинде. Эми балким белгиленген сапарлар токтотулат, Таиландга баруучу чех туристеринин саны азаят.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн, мисалы, Казакстандын кеминде 129 тургуну шаршемибден бери Алматыга уча албай турат. "Эйр Астана" авиакомпаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Тилек Набижан "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак кызматына буларды билдирди:

- 932 рейси менен шаршембиде Бангкоктон 129 жүргүнчү учушу керек эле. "Эйр Астана" авикомпаниясынын өкүлдөрү чет элде калууга мажбур жүргүнчүлөргө колдон келишинче көмөк көрсөтүүгө аракеттенүүдө.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кечээ "Азаттыкка" азыр Таиландда саякаттап жүргөн кыргызстандыктар бар же жок экендиги тууралуу маалымат такталып жатканын кабарлашты.

Таиландда саясий кризистер 2006-жылдан бери утур-утур орун алып келүүдө. Анда ошол кездеги премьер-министр Таксин Чинаватра бийликтен аскерий жетекчилик тарабынан четтетилген. Ал эми 2007-жылдын декабрында ошол эле Чинаватранын жактоочулары түзгөн "Эл бийлиги" партиясы жеңишке жетишип, 2008-жылдын февралында Самак Сундравей деген премьер-министр бийликке келген. Бирок Сундравейди бозгунда жүргөн Чинаватранын "кол баласы" деп эсептеген оппозиция кайрадан нааразылык акцияларын баштап, ал дагы кызматтан чегинүүгө мажбур болду.

Самак Сундравейдин ордунда анын партиялашы, Сомчай Вонгсават өкмөт башчылыгына быйыл сентябрда эле бекитилген. Эми анын да отставкасы талап кылынууда. Таиланддын тарыхында армиянын саясатка кийлигишкен учурлары көп кездешет. Армиянын башчысы Анупонг Паочинда бул ирээт өкмөттү жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырды:

- Бул биз өкмөткө көргөзүп жаткан кысым эмес, бирок биз өкмөткө эл өлкөнүн келечеги боюнча жаңы шайлоо аркылуу чечим кабыл алуусуна дагы бир мүмкүндүк берүүнү сунуш кылып жатабыз.


Адатта өзгөчө абал полиция менен армияга демонстранттарга каршы күч колдонууга мыйзамдык жактан укук берет. Бирок армия жетекчилигин соңку билдирүүлөрүнө караганда, алар мындайга барбачудай өңдөнөт. Кабарчылар билдиргендей атүгүл Бангкокто дагы бир ирээт аскердик төңкөрүш болобу деген ушак-айыңдар тарап кетти. Бирок армиянын жетекчилиги мындай маалыматтарды четке какты.

Премьер-министр Вонгосават болсо армияны казармаларында калууга чакырып, башкы кол башчы Анупонг Паочинданы кызматтан алуу ниети жок экенин айтып чыкты.

Байкоочулар болсо Таиланддагы азыркы окуяларды дөө-шаалар менен ортоңку катмардын кармашы катары мүнөздөшүүдө.