Түркия менен Армения сүйлөшүүлөргө даяр

Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян

Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги жыйынына катышуу максатында Стамбулга келген Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян түркиялык кесиптеши Али Бабажан менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы өз ара маселелер жана Тоолуу Карабак чатагы талкууга алынды.
Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан кийинки аптада Хелсинки шаарында уюштурула турган ЕККУнун жыйынында Азербайжан, Армения жана Түркиянын министрлеринин сүйлөшүүлөрү үчүн жакшы шарт түзүлүп калышы ажеп эмес деди. Бул тууралуу министр Бабажан Тажикстан жана Кыргызстанга сапарга аттанардын алдында Анкаранын аба майданында журналисттерге билдирди. Бабажан Стамбулда армян кесиптеши Налбандян менен болгон сүйлөшүүлөрү оң мүнөздүү маанайда өткөнүн кошумчалады.
Армения менен Азербайжандын ортосундагы сүйлөшүүлөр шексиз Армения-Түркия жараянына жагымдуу таасирин алып келе турганын баса белгилеген Бабажан буларды айтты:

- Максатыбыз - өз ара мамилелерди калыбына келтирүү болуп эсептелет. Бул үчүн биз күчтүү саясий эрктүүлүк менен сүйлөшүүлөрдү улантабыз.

Маалым болгондой, Армения менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык байланыш буга чейин түзүлгөн эмес. Түркия Армениянын эгемендүүлүгүн тааныганы менен, Тоолуу Карабак жаңжалынан улам Армения менен чек арасын жаап салган.

"Армян геноциди" деген маселе дагы мамилелерди бузуп келатканы менен октябрь айында Түркиянын президенти Абдулла Гүл 2010-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандама оюндар учурунда Ереванга барып, Түркия-Армения футбол беттешүүсүн армян кесиптеши Серж Саркисян менен чогуу көрүүгө макул болгон. Муну менен эки ортодо кандайдыр бир жагымдуу атмосфера пайда болгонсуду.

Стамбулдагы сүйлөшүүлөр дагы ошол жараяндын уландысы эле десек жаңылышпайбыз. Кабарларга караганда, армян министри Налбандян геноцид маселесин козгобостон, Түркиянын адегенде чек араларды ачуусун жана дипломатиялык байланыштарды түзүүнү талап кылган.

Түркияда чыгуучу Хүррийет (Hurriyet) гезитинин жазганына караганда, Анкара Ереванга “акредитациялуу баш элчисин” жиберүү аркылуу дипломатиялык байланыштарды орнотууну пландоодо. Бирок, серепчилердин баамында, Армения менен Азербайжандын ортосундагы маселелер чечилбей туруп, Түркиянын Ереванда дипломатиялык миссия ачуусу жакын аралыкта күтүлбөйт.

Армения “Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон өкмөтүнүн буйругу менен 1,5 миллион армян тукум курут болуп жоголду, бул геноцид дегенге жатат” деп ырастап келет. Түркия болсо, 300 миңге жакын армян жана андан алда канча көп сандагы түрк ошо кездеги согуштун оор шарттарынан улам жок болуп кеткенин билдирип, окуяларды тарыхчылар изилдеп чыгуусун сунуш кылууда.