Илим тажатма болушу керек эмес

Илим ийне менен кудук казгандай азаптуу эмгек, бирок ал сөзсүз эле тажатма болушу керек эмес! Буга ушул күндөрү Парижде өткөн Илим көрсөтмөсүндө Жаңыл Жусубжан күбө болду.

Сырткы киймин чечип салып, жеңин түрүнгөн чыт курсак бала жапыс секичеде күчүк менен ойноп атат. Бул жөнөкөй күчүк эмес, робот күчүк болсо да, бала аны менен эзилише сүйлөшүп жатты. Секинин артындагы дубалда киши түспөлүндөгү робот ары-бери чубаган элге колун булгайт.

Роботтордун салонунан ары бастым. Жамыраган жаш балдар театр көрүп отурушат, сахнада телефонго бир чуркап, үстөлдөгү тамагына бир чуркаган кызга баары темирип карап отурушат. Париждин балдары өтө оор басырыкпы же менин күлкүм ичиме батпай калганбы, айтор сахнадагы кыздын жоруктарына бөбөктөргө караганда, мен көбүрөөк күлүп жаттым.

Париждин айтылуу Элисей талаасынын чок ортосунда жайгашкан заңгыраган Гран Пале, же Чоң ак сарайда өтүп жаткан илим көрсөтмөсүндө котологон эл. Гран Пале 1900-жылдагы Дүйнөлүк көргөзмө үчүн короосунун үстү бүт айнек менен жабылып, шаардагы маанилүү маданий очокко айланган. Ал жакында кайра оңдолуп ишке берилди. Мына ушул жерде ар күздөгү илим жумалыгынын чегинде быйыл өкмөт элге илим майрамын тартуулоону чечкен экен. Парижде адатта көргөзмөлөргө билет 8-10 евро турат. Бирок бул көргөзмө мамлекет тарабынан каржыланып, атайын агартуучулук максатты көздөгөндүктөн ага кириш бекер.

Чоң зал бүт узун туурасынан стэнддерге бөлүнгөн. Алардын бирине баш баксам, физика мектебинен келгендер болуп чыкты. Мында дүйнөнүн жаралышын далилдеген эки атомдук бөлүкчөнүн кагылышына тажрыйба жасалган диаметри 25 чакырым келген туннелдин макетин көрөбүз, ал эми жанындагы экрандан Швейцарияда ал тажрыйба өткөн жер тууралуу түшүндүрмө ала аласыз.

Дагы бир стендде урандын калдыктары көмүлгөн шахтанын макетин ичине кирип көрүш үчүн эл кезекте турган экен, ал эми анын жанында, тоого кантип туннел салып, суу үстүнөн көпүрө курулаарын билдик. Дагы бир стендде Жердин абасын ысыткан көмүр кычкыл газын суюктукка айландырып, жердин алдына көмүүнүн жол-жобосу баяндалат. Мындай суюктукту азыр Франциянын түштүгүндөгү мурда жаратылыш газы сакталган жайда сактоо пландаштырылган, бул жерден ошол кампанын иши менен тааныштым.

ИНРАП, же Археологиялык коргоо жана Ресурстар боюнча Улуттук институтунун бөлүмүнөн мага курулуш иштери жүрүп жатканда сөзсүз археологдорду чакыруу керектигин айтып беришти:

– Кан жол, же чоң имарат курулганда археологдор келип, байыркы курулуштар бар-жок экендигин текшеришет. Эгер андай эски жай табылса, курулуш иштери токтотулуп, адистер мисалы бир жыл казуу иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу атайын мыйзам бар, анын болгону жакшы, себеби байыркы Рим, грек жана башка мезгилдерден калган күмбөздөр табылышы мүмкүн, демек биз өз тарыхыбызды сактап, аны үйрөнгөнгө шарт түзүлөт.

Гран Паленин залын бир күн кечке кыдырсаң да, баарын көрүп бүтчүдөй эмес. Бирок биринен экинчиси кызык көрүнөт, кайсы жерде болбосун ак халат кийип, химиялык реакция жүргүзүп, метеориологиялык радардын маалыматын окуп, колуна кайчы алып, эң тез учкан учактын макетин жасап, дагы башка толгон-токой иштер менен эле алектенген балдар. Көбү мугалимдери же ата-энеси менен.

- Алардын бири өзү илимге кызыгаарын, иштеген жерден коюлган стэндди уулуна көрсөткөнү келгейин айтты. Ал эми мугалимин ээрчиген бул улан-кыздар бир ооздон планеталарды көргөнү келдик дешти.

Илимий көргөзмө кызыктуу гана эмес, таттуу да болот экен. Айыл-Чарбалык изилдөө боюнча өнүктүрүү үчүн кызматташттык борбору же СИРАДдын өкүлдөрү Африкада өскөн фонйо деген кумдай майда дандан аш жасашыптыр, татып көрсөм, шекер кошулган боткодой таттуу. Көрсө СИРАД жарды өлкөлөрдүн азык-түлүктөрүн дүйнөгө таанытып, алардын экспортуна кол-кабыш кылат экен. Ширин фонйодон даам таткандан кийин сыртка чыксам, көз карайып келатыптыр, ошого карабастан Гран Паледеги көргөзмөгө эл дагы деле узун кезекте турушуптур.