АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама тышкы саясатта Ооганстанга өзгөчө көңүл бурары күтүлгөн. Бирок Обама расмий түрдө ишке киришпей жатып, Ооганстандын өзүндө “Обамамания” башталды. Башкача айтканда, Обама оогандар арасында эң көп айтылган, жазылган жана окулган инсанга айланды. Обаманын президенттик шайлоодогу тарыхый жеңиши тууралуу макала-баяндар өлкөнүн гезит, журнал, үналгы, сыналгы берүүлөрүндө байма-бай чагылдырылып жатат.
Ноябрь айында канча жылдан бери алгачкы жолу Ооганстанда жанкечтилердин террордук чабуулдары, Талибан кыймылынын чабуулу, өзү менен көптөгөн оогандарга ачарчылыкты алып келе турган узак жана суук кыш күндөрү өлкөнүн басма сөз каражаттарында алдыңкы орунга чыккан жок.
Адаттан тышкары булардын ордуна АКШдагы шайлоо көңүлдүн бардыгын ээлеп, карапайым оогандыктар Барак Обама алардын өлкөсүнө өзгөрүүлөрдү алып келеринен үмүт кылган макалалар ээледи.
Файзулла Мухтаж – Кабылда чыкчу “Аниис” гезитинин редактору. Ал “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Ооган кызматына бул күндөрү анын гезити Обаманын шайлоодогу жеңиши тууралуу маалыматтарга толгонун билдирди:
- Обаманын жеңиши – Кабулдагы массалык маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда. Биз бул окуяны жаңылыктар, маектер жана адистердин пикирлери менен чагылдырып жатабыз. Мен эми тамаша ирээтинде өзүмдүн “Аниис” гезитин “Обаманама” деп атап калдым.
7 жыл мурда Талибан кыймылы бийликтен кеткенден кийин Ооганстанда гезиттердин, журналдардын саны кескин көбөйгөн. Көптөгөн гезит жана журналдар Кабулдун көчөлөрүн толтурду. Жүздөгөн жергиликтүү жана эл аралык үналгы-сыналгы берүүлөрү бара-бара тажырыйбалуу болуп бараткан көрөрман жана угармандарды өзүнө тартуу менен алек.
Инсанулла Арянзай – Ооганстандагы “Арияна” аттуу белгилүү телевидениенин жетекчиси. Арянзай “тарыхта биринчи жолу кара түстүү адам АКШнын президенти болуп шайланганы үчүн оогандарга Обаманын жеңиши абдан кызык болуп жатат” деген пикирде:
- “Арияна” телевидениеси шайлоодогу соңку кабарларды билдирип туруу үчүн АКШга атайын өз кабарчысын жиберди. Биз ошондой эле ток-шоу уюштуруп, тегерек үстөлдөгү талкууга адистерди чакырып жатабыз. Адистер өзгөчө АКШдагы шайлоонун Ооганстанга тийгизген таасири тууралуу талкуулашууда.
Ошентип, карапайым оогандар АКШдагы окуялар алардын турмуш шарттарын жакшы жагына өзгөртө турган саясатка алып келеринен үмүт этишет.