К.БЕГАЛИЕВ МЕНЕН Р.ТҮМӨНБАЕВ - БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНЫН КААРМАНДАРЫ

Кыргызстандын спорт коомчулугунда 2012-жылы Лондондо өтө турган 30-жайкы олимпиадага азыртан даярдык көрүү зарылдыгы айтыла баштады. Мындай демилге кечээ күрөш федерациясы уюштурулган иш чарада көтөрүлдү. Иш чара Бээжин олимпиадасында мөрөй алган балбандарга урмат көрсөтүү максатында уюштурулду. Ага спорт коомчулугунун кеңири чөйрөсү жана тарапкерлери катышты.
Дароо эле белгилеп койчу жагы Кыргызстандын күрөш федерациясынын башында президенттин уулу, ишкер Максим Бакиев турат. Салтанатта жеңүүчү балбандар менен машыктыруучуларды федерация жетекчилиги куттукташып, аларды мындан ары да Кыргызстандын намысын коргоого чакырышты. Ириде бул төрт жылдан кийин өтө турган Лондон Олимпиадасы менен байланыштырылды. Маселен, Максим Бакиев мындай деди:

-Биздин спортчулар, машыктыруучулар элдин колдоосу менен эмки Лондон олимпиадасына жакшы даярданып, анда дагы медалдарды алып келет деп ишенебиз. Себеби күрөш кыргыз элинин каны- жанына сиңген өнөр. Биздин балбандардын мүмкүнчүлүктөрү бар.

Лондон олимпиадасына катышууга азыртан камылга көрүүгө спортчулар өздөрү да кызыкдар. Мындай ойлор жолугушууда балбандар тарабынан да айтылды. Маселен, Бээжин олимпиадасында коло медаль уткан Руслан Түмөнбаевдин Лондон олимпиадасында мындан да чоң жеңишке жетем деген үмүтү бар. Анын айтымында, ага чейин да эл аралык деңгээлдеги толгон-токой мелдештерде утушка жетүү милдети турат:



-Бээжин олимпиадасынын таймаштары кыйын өттү. Олимпиада чоң деңгээлде болду. Мен олимпиаданын коло медалы менен чектелбеймин. Алдыда Азия, дүйнө чемпионаттары, 2010- жылы Гуанжодо боло турган 16-Азия оюндары турат. Буюрса Лондон олимпиадасында өлкө намысын коргоп, мөрөй алсам деген аруу тилек бар.

Руслан Түмөнбаевден айырмаланып, Бээжинден күмүш медаль алып келген Канатбек Бегалиев болочок аракеттери тууралуу алдын ала жарыялоону эп көргөн жери жок. “Азаттыкка” берген интервьюсунда муну ал орозо кармап аткандыгы менен байланыштырды:



- Кубанычым абдан чон. Ата-энем, жакындарым, досторум тосуп алганда абдан толкундандым. Азыркы учурга чейин куттуктоолор болууда. Олимпиадалык таймаштар өтө татаал болду. Күмүш болгондон кийин алтын да болмок. Калыстардын айынан алтын медаль алайын деген ой- тилек орундалбай калды. Бир ай орозодон кийин гана алдыдагы максаттарды тактайбыз.

Эгемендүү өлкө болгону Кыргызстан буга чейин Атланта, Сидней, Афины Олимп оюндарында байгеге жете албай келген. Ал эми Сиднейдеги Олимпиадада Кыргызстандын атынан чыккан казак балбаны Айдын Смагулов биринчи жолу коло медаль утуп берген.
Кыргызстандын көз карансыздык мамлекеттик тарыхында Олимпиаданын жогорку байгелерин уткан Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин жана алардын устаттарынын урматына бүгүн мамлекеттик деңгээлде жыйын өткөнү турат. Бул жыйында президент Курманбек Бакиев спортчуларга акчалай жана мамлекеттик сыйлыктарды тапшырары күтүлүүдө. Өлкө башчысы кыргызстандык спортчуларды Бээжинге узатып жатып алтын медаль ээсине 150 миң, күмүшкө 100 миң, коло медалга болсо 75 миң америкалык доллар өлчөмүндөгү сыйлык берилээри тууралуу маалымдаган. Ал эми кечээ Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаеге жана алардын үч устатына “Даңк” медалы ыйгарылгандыгы кабарланды.

Ошол эле мезгилде спорт чөйрөсү Бээжин олимпиадасында кыргызстандык спортчулар туш болгон өксүктөрдүн үстүндө иштөө, алдыдагы чоң мелдештерге катышуу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги материалдык жана моралдык олуттуу колдоо зарыл экендигин байма-бай белгилеп жатышат.