КОШ БОЛ, БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫ, ЖАШАСЫН ЛОНДОН ОЮНДАРЫ!

Кечээ кечинде Кытайдын ордо шаары Бээжинде 2008-жылкы Олимпия Оюндарынын жабылыш аземи өткөрүлдү. Бул азем учурунда Олимпиаданын туусун 2012-жылкы Олимпиаданы тосо турган конок ээси – Лондондун өкүлдөрүнө тапшыруу жөрөлгөсү болду. Эл Аралык Олимпиада Комитетинин Президенти Жак Рогге Кытайда өткөн Олимпиадага өзгөчө жогорку баасын берди.
Ошентип, “той да болоор, тойдун эртеси да болоор” дегендей, дүйнө жүзүнүн көңүл чордонун ээлеп келген спорт майрамы – 2008-жылкы Олимпиада оюндары да кечээ (24-августта) соңуна келди.

Олимпиада оюндарынын салтанаттуу жабылыш каадасы Бээжиндеги 90 миңден ашуун киши жыйылган “Куш уясы” стадионунда өттү.

Бул жабылыш аземине Улуу Британиянын ордо шаарынын акими Борис Жонсон келип, Олимпиада туусун салтанаттуу түрдө өзүнө өткөрүп алды. Эми 2012-жылы кезектеги Олимпиада Лондон шаарында өтмөкчү.

Эл аралык Олимпиада Комитетинин президенти Жак Рогге (Jacques Rogge) бул жолку Олимпиаданын Кытайда өткөрүлүшү туура болду деп билдирди. Анын оюнча, жекшембиде (24-августта) аяктаган Бээжин оюндары Кытай менен башка дүйнө коомчулугунун өз ара түшүнүшүүсүн ого бетер чыңдап койду.

- Биз эч кандай кынтыгы жок иш-аракетке күбө болдук, биз мыкты оюнду көрдүк, 40тан ашуун дүйнөлүк рекорд, 120дан ашуун олимпиадалык рекорд жаңырды. Албетте, биз Олимпиада оюндарынын эки чыгаан жылдызына – Майкл Фелпс (Michael Phelps) менен Усэйн Болтко (Usain Bolt) маашыр болдук.

Айтмакчы, дүйнө жүзүндөгү укук коргоочулар Эл Аралык Олимпиада Комитетин Кытайдагы адам укуктарынын одоно бузулушун токтотуу үчүн расмий Бээжинди кысымга алган жок деп сынга алып келет.

Албетте, бул оюнду уюштурууда жана өткөрүүдө бардыгын эле мыкты деп айтсак болбойт, бирок Эл Аралык Олимпиада Комитети эгемен мамлекеттин өкмөтүн тигил же бул иш-аракетке мажбурлай албайт, деди Рогге.

Жалпысынан, Олимпиаданын жыйынтыгында конок ээси Кытай 51 алтын медалга ээ болду, АКШ – 36, Орусия – 23 алтын медал утуп алды. Ошентип, алгачкы жолу Кытай олимпиадалык алтындарды башкалардан көбүрөөк алган өлкө болуп калды. Ал эми жалпы медалдардын саны боюнча АКШ бардыгынан озуп, 110 медал утуп алды, Кытай жеңген жалпы медал саны 100, Орусияныкы - 72 болду.

Бир күмүш, бир коло медал алган Кыргызстан менен Тажикстан 65-орунду ээлесе, Өзбекстан – 40-орунда (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло), Казакстан 29-орунда (2 алтын, 2 күмүш, 5 коло медал) турат.

Ал эми Лондондо болсо кечээ түштөн кийин 40 миңден ашуун киши Бэкингэм сарайынын жанында чогулуп, Бээжиндеги салтанатты сыналгы аркылуу көрүп шаттанып, 2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиадага ак жол каалашты.

“Азаттык үналгысы” Бээжин Олимпиадасынын жүрүшүн өз кабарчысы Кабыл Макештин ар күнү жиберген баяндары жана спортчулар жана кыргыз күйөрмандары менен маектери аркылуу оперативдүү жана байма-бай чагылдырып турду.

Ошентип, дүйнөнүн чар тарабынан келген олимпиадачылар жана спорт күйөрмандары “Кош бол, Бээжин, салам сага, Лондон!” деп жаткан кез.