КЫРГЫЗСТАНДЫК СПОРТЧУЛАР БЭЭЖИНГЕ АТТАНЫШТЫ

Бүгүн эртең менен Бээжинге Кыргызстандын олимпиадалык командасынын негизги тобу жөнөп кетти. 8-августта баштала турган XXIX жайкы олимпиадалык оюндар спорттун 28 түрү боюнча өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 203 өлкөсүнүн спортчулары катышмакчы. Кыргызстандан бул мартабалуу спорттук таймашууларга 20 спортчу катышып, өлкө намысын коргойт. Бул дүйнөнү дүңгүрөткөн спорт майрамына Кыргызстандан дагы канча спорт күйөрмандары, аткаминерлер баратат? Кыргызстандын курама командасынын медалдар куржунун толтурчу спортчулар кимдер?
Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде Бээжин олимпиадасын уюштуруу комитети менен бирге бардык көйгөйлүү маселелер негизинен чечилди.

-Жайкы олимпиада оюндарын коноктой турган Бээжинде даярдык иштери аяктады. Спорт жайларынын бардыгы мелдештерге даяр. Бирок спорт дүйнөсүнөн тышкары, оюндардын коопсуздугун камсыздоо маселесине да көңүл буруу зарыл. Кытайда бюрократия күчтүү экен. Ал түгүл Катар өлкөсүндөгү Дохада өткөн 15-Азия оюндары Бээжинге үлгү болоорлук тажрыйбасы бар эле.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун маалымдаганына караганда кыргызстандык 20 гана спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышты.

Тилекке каршы кыргыз спорт жетекчилери убада кылгандай баш аягы 24-25 жолдомо алууга мүмкүн болбоду. Алар муну спортчулардын даярдыгынын чийкилиги, чеберчилигинин төмөндүгү менен түшүндүрүшүүдө.

Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган 20 спортчуну учкай тааныштыра кетели:

Эркин күрөш
Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Курпняков жана Сидней олимпиадасынын күмүш байге ээси Арсен Гитинов өлкө намысын коргойт.



Ушул үч жигит байгелүү орунга илинип калышы мүмкүн экенин өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбеков айтты.

Грек- рим күрөшү
Азиянын чемпиондору Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиев дагы Бээжин олимпиадасынын чемпиондугу үчүн күч сынашаарын, алардын даярдыгы дурус экенин адисттер айтышууда.



Сууда сүзүү
Кыргызстандык суучулдар Азия чемпиону Юрий Захаров, Василий Данилов жана Виталий Васильев учурда Бээжиндеги олимпиадалык айылда жашап, Кытай жергесинде машыгууларын өткөрүүдө.


(Василий Данилов)


(Виталий Васильев)


(Юрий Захаров)

Жеңил атлетика
14-Азия оюндарынын чемпиону, Азиянын көп жолку чемпиону, бийиктикке секирүүчү Татьяна Ефименко баштаган беш жеңил атлетчи да Бээжинде мөрөй талашууларга катышат. Алар: жөө күлүктөр Галина Педан, Алексей Погорелов, Сергей Покура жана марафончу Юлия Архипова. Адистердин алдын-алы божомолунда жеңил атлетчилердин баш байгеге талапкер болушу кыйын.



Таэквондо
Кыргызстандык таэквондочу Расул Абдураим Вьетнамда өткөн эл аралык мелдеште мөрөй алуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга жетишкен.



Таамай атуу
Кыргызстандык мергендерден жаш болсо да үмүт жандырганы мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов. Ал да Азиядагы биринчиликте олимпиадага жолдомо алып, учурда Бээжиндеги ок атуучу жайда машыгууда.



Дзю-до
Дзю-до күрөшу боюнча да эки балбан Елена Проскурaкова менен Талант Жанагулов Бээжинде күч сынашат. Талант Жанагулов Бээжин олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргыз туусун көтөрүп чыгат.






Бокс
Спорттун бул түрү боюнча мурдакы олимпиадаларда эки-үч мушкерлер өлкө намысын коргоп келишсе, бул ирет жалгыз Асылбек Таласбаев олимпиадалык рингге чыгат.



Оор атлетика
Олимпиадалык күч сынашууга Азия чемпиону Улан Молдодосов гана укук алган. Ал баш байгеге талапкер болбосо дагы күмүш, коло медалды жеңип алышы ыктымал экенин адистер айтышууда.



Фехтование
Кыргызстандын намысын фехтования таймаштарында коргоо үчүн Сергей Кочурин да Бээжинге аттанып кетти.



Спорттук делегациянын курамында дене тарбия, спорт агентигинин жетекчиси Александр Воинов жана анын орун басары Алмаз Касеновдон сырткары машыктыруучулар жана Жогорку кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков менен Аскарбек Шадиев баштаган спорт күйөрмандары да бар.

Президент Курманбек Бакиев Кытай жетекчилигинен расмий чакыруу алып, 7-августта Бээжинге барып, олимпиаданын ачылыш аземине катышмакчы.

Бээжин олимпиадасынын оту 8-августта жанып, ал 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миндей спортчусу катышат.

Олимпиадалык күч сынашуулар Кытайдын баш калаасы Бээжинден сырткары дагы алты шаарында: Гонг-Конг, Шанхай, Гуанжо, Танжин, Гунхунгдо жана Шенианд шаарларында болот. Бээжинден 550 чакырым алыстагы Гуанжо шаарында парус, яхта спорту боюнча мелдештер өткөрүлмөкчү. Ал эми Бээжинден 1 миң 988чакырым алыстагы Гонк-Конг шаарында ат спортунун олимпиадалык күч сынашуулар белгиленген. Калган төрт шаарда футбол боюнча мыктыларды иргеп алуу мелдештери болмокчу.

Спорттун 28 түрү боюнча жеңүүчүлөргө 302 комплект медалдар ыйгарылат. Анын ичинен 302 спортчу олимпиаданын чемпиондук алтын медалын тагынат.

Олимпиадалык оюндардын жүрүшүн, мөөрөй талашууларды дүйнөлүк маалымат каражаттарынын 21 миңден ашуун журналисти чагылдырып, ааламга жар салып турушат.

“Азаттыктын” спорт баяндамачысы Кабыл Макеш дагы олимпиадалык топтун мүчөсү катары Бээжинге аттанып кетти. Ал буга чейин Атланта (1996), Сидней (2000), Солт-Лейк-Сити (2002), Афины (2004), Турин (2006) Олимп оюндарын чагылдырган.