Дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган Бээжин олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Италиянын борбору Рим шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Гран-при мелдешинде Азиянын чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев мөөрөй алуу менен Бээжинге жолдомо утуп алган. Кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырган Канатбектин Бээжин олимпиадасына даярдыгы кандай? Байгелүү орунга жете алабы? Негизги атаандаштары кимдер?
Ушул жылдын 11-майында Римде грек-рим күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык мелдештин жыйынтыкталган. Мында Кыргызстандын намысын коргогон 66 кг салмакта Азия чемпиону Канатбек Бегалиевдин жолу болуп, коло байгеге ээ болгон. Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев беш жолу килем үстүнө чыгып, төрт ирет жеңишке жетишип, коло байге менен кошо Бээжин олимпиадасына жолдомо утуп алган.
Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Кыргызстанга, бүткүл Азияга, дүйнөгө таанымал жыйырма төрт жаштагы Канат балбан балтыр эти толуп, баралына жетип турган учуру.
Кыргызстандын спорт күйөрмандарынын үмүтүн жандырган Азия чемпиону Канатбек Бегалиев Бээжин олимпиадасына Казакстанда жана Украинада даярдык көргөнүн, олимпиадалык таймашууда күрөшө турган бардык атаандаштары күчтүү экенин “Азаттыкка” билдирди.
Канатбек 2006-жылы Кытайда өткөн дүйнө чемпионатында финалдык беттешүүдө калыстардын айынан күмүш медаль тагынууга аргасыз болгон. Ошондой эле ал былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын байгелүү болуп, Азия чемпиону аталган.
Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучу Эмил Алыкуловдун айтымында, Бээжин олимпиадасында кыргызстандык балбан Канат Бегалиевдин даярдыгы дурус. Анын негизги атаандаштары ирандык, түркиялык, кытайлык, кореялык жана европалык балбандар болот.
Алар менен теңтайлашып, мөөрөй алуу үчүн жогорку чеберчилик, спорттук жана психологиялык мыкты даярдык керек. Канатбек мындай даярдыктардын Казакстанда жана Украинада өтүп келди. Учурда табына келип турган мезгили. Ошондуктан биз Бээжинге 9-августта гана барабыз. Ал жактагы ысык, жаратылыш шарты терс таасирин тийгизиши ыктымал. Канатбектен үмүт чоң.
Даңазалуу Төлөш балбандын небереси Канатбек Бегалиев 1984-жылы Таласта жарык дүйнөгө келген. Грек-рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршакеев үйрөткөн. Чоң спорттун эшигин ачып, бийиктиктерге жетелеген устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов.
Канатбек өлкөнүн биринчилигин бир нече ирет жеңип алууга жетишкен. 2001- жылы уландар арасында Азия чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган.
2004-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. Ошол эле жылы Ташкентте өткөн эл аралык турнирде экинчи орунду камсыз кылуу менен Афина олимпиадасына жолдомо алган. Афина олимпиадасында намыс талашып, дүйнөдөгү атактуу балбандарга каршы туруп 8- орунга жетип, дүйнөнүн 10 мыкты балбанынын бири аталган.
Канатбектин атасы Кубат Бегалиевдин айтымында, Канаттын чоң атасы Борбор Азияга таанымал балбан болгон, эки бир тууганы да спорт чебери. Атасы Кубат дагы учурунда кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону аталган. Кандай болгон күндө да Канатбек ата-теги анык балбандардын тукуму эмеспи.
(Сүрөттө - грек-рим күрөшү боюнча Бээжин Олимпиадасынын катышуучулары: Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев)