ТАЙВАНДА “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫ БИРИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Бүгүн 16-апрелде кечинде Тайвандын Тайпей --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/AEB1961B-1327-43E7-ABF5-9355F25E9E78.asp шаарында Азиянын Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган мелдеште Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы экинчи атаандашы Камбоджанын чемпиону «Нагакорп» командасын 2:0 эсебинде утуп, өз тобунда биринчи орунду ээледи.
Тайвандын борбору Тайпейде Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу үчүн таймаштардын биринчи этабы соңуна чыкты. Бул топто талаа ээлери Тайпейдин «Тайвань Пауэр» командасы, Камбоджанын чемпиону «Нагакорп» командасы жана Кыргызстандын төрт жолку чемпиону «Дордой-Динамо» командалары күч сынашты. Спорт күйөрмандарына маалым болгондой 14- апрелде ушул Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку ээси Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Тайвандын чемпиону "Тайвань-Пауэр" командасы менен беттешип, мында 3:0 эсебинде кыргызстандык футболчулар жеңишке жетишкен.

16-апрель күнү кечинде "Дордой-Динамо" Камбоджанын чемпиону "Нагакорп" менен беттешип, экинчи атаандашын дагы 2:0 эсебинде утуп алуу менен “дордойчулар” финалдык топто ойноого укук алышты.

“Дордой” футбол клубунун вице-президенти Улугбек Салымбековдун Тайпейден телефон аркылуу билдиргенине караганда, экиничи беттешүү да курч мүнөздө өтүп, биринчи таймда эсепти Роман Аблакимов ачып, команданы алга сүрөгөн.

Улугбек Салымбековдун айтымында, Камбоджанын командасынын катарында бир нече африкалык футболчулар ойноп, чеберчилиги жогору экени байкалган.



14-апрелде “Дордой-Динамо” командасы негизги атаандашы Тайпейдин “Тайвань Пауэр” командасын 3:0 эсебинде утуп алды.

Ошондой эле “Дордой-Динамо” командасынын жаш чабуулчусу Мирлан Мурзаев да атаандашынын дарбазасына бир топту таамай тээп киргизүү менен кыргызстандык футболчулардын жеңишин бекемдеди.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде Нарындын «Дордой-Динамо» командасы биринчи этапта жеңип чыгуусу жакшы жөрөлгө. Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүнү максат кылган “Дордой-Динамо” командасы жергиликтүү жаштарга көңүл бурса дурус болоор эле, деп кошумчалады Бообек Кадыркулов.

- Азияда футболдун деңгээли көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган бул турнир быйыл төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Ушул турнирде өз тобунда “дордойчулар” атаандаштарын утуп алдыга чыкканы дурус болду. Себеби “Дордой-Динамо” АФК президентинин Кубогун эки ирет удаасы менен уткан лидер команданын бири экенин далилдөөсү зарыл эле. Эми кыргызстандык жигиттер финалдык топко мыктылардын катарына кайрадан чыкты. Негизинен өлкөдө футболду өнүктүрүүнү маскат кылган эки эле клуб калды. Бири ушул “Дордой”, экинчиси Канттын “Абдышата” командасы гана системалуу иш алып барууда. Бул клубдардын балдар, жаштар командалары бар, келечекти ойлогон командалар. Бирок негизги команданын катарында жергиликтүү улуттун өкүлдөрү аздыгы өкүндүрөт. Чет өлкөлөрдөн легионерлерди алып келгени деле дурус. Бирок айылдык, айрыкча нарындык жаштар унутта калып жатат



Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдештин экинчи этабы быйыл күзүндө болоорун, мында жарым жана финалдык таймашууларга төрт топто биринчи орунду ээлеген командалар гана ойноорун “Дордой” футбол клубунун негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков “Азаттыктын” кабарчысына билдирди:

-Чынында Тайвандагы Азия Кубогунун биринчи этабына жакшы эле даярдык көрдүк. Быйыл дагы жаңы командалар кошулгандыктан эки этап менен 4 топко бөлүп өткөрүп жатат. Эми баш байге үчүн таймашуулар качан, кайда болоору аныкталып, Азия футбол федерациясы расмий билдирет. Кыргызстандын намысын сактап, жакшы маанай менен келатышат.



Сары кийимчен “Дордой-Динамо” командасынын оюнчусу Айбек Бокоев

Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Малайзияда жана Пакистанда эки ирет катары менен жеңип, эки жолу 50 миң америка доллары жана Чоң күмүш кубок менен сыйланган.
Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгонун футбол күйөрмандарынын эсине сала кетели.

Бул Азияда өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан мелдеш. Бул турнирге мурда 8 өлкөнүн чемпиондору катышып келсе, быйыл 12 мамлекеттин жеңүүчүлөрү күч сынашууда.