Бээжинде өтө турган Олимпиада оюндарга дүйнөнүн мыкты спортчулары даярдык көрүп, камынып жатышат. Кыргызстандык спортчулардан биринчи болуп Бээжин Олимпиадасына жолдомо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/03/78D1477E-C7CC-4217-8D6E-008FAFBAB4EB.asp алган эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев да Олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылаарын билдирүүдө. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга балбан Базар Базаргуриевдин даярдыктары кандай? Бул орусиялык бурят жигити кандайча Кыргызстандын намысын коргоп калган?
Кыргызстандык спортчулардан Бээжин олимпиадасына алгачкы жолдомону былтыр күзүндө Бакы шаарында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Азия чемпиону Базар Базаргуриев жеңип алган. Ал бул дүйнөлүк таймашууда жарым финалга чейин жетип коло байгелүү болуу менен Бээжинге жолу ачылган.
23 жаштагы бурят жигити 3 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Ошондой эле Базар былтыр Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында финалда жапон балбанын утуп, Азиянын алтын медалын тагынган.
Бурят жигити Базар төрт бир туугандын кенжеси. Агаларынын жолун жолдоп эркин күрөш менен машыкканына он жылдан ашты. Ата-энеси Орусиянын Улан-Удэ шаарында жашайт. Базар дагы ушул шаардагы Бурят мамлекеттик университетинин дене тарбия жана спорт факультетинде окуйт. Ошондой эле ал уландар арасында Орусиянын чемпиону да болуп саналат. Орусиядагы чыгаан балбандардан ага жол тийбестигин түшүнгөн Базар Базаргуриев үч жылдан бери Кыргызстандын атуулдугун алып, 60 кг салмакта өлкө намысын коргоп келатат.
Биз менен болгон аңгемелешүүсүндө Азия чемпиону Базар Базаргуриев Кыргыз жери, эли жагаарын, жаратылышы өзгөчө керемет, суусу жана абасы таза экенин айтып, кыргыз эли менен буряттардын каада-салттары да окшош экенин моюнга алды:
-Кыргызстандын жаратылышы өзгөчө жакты. Ысыккөл не деген керемет. Кыргыз эли да абдан меймандос, кичи пейил, балбандарды барктаган калк экен. Бул жактан абдан көп дос, жоро-жолдош таптым.
Азия чемпиону Базар Базаргуриев алдыдагы максаты Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү орунга жетүү экенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди:
- Былтыр Бакыдагы дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп, мен жарым финалга чейин жетип коло медалдын ээси болгом. Ошондой эле мага Бээжин олимпиадасына катышууга жолдомо берилген. Учурда Ысыккөлдө магышууда болуп келдим. Түркияда өткөн мелдешке да барып, даярдык көрүп жатам. Эмки максат Бээжиндеги олимпиадалык оюндарда мөрөй алып, чемпион болуп, олимпиадалык алтын медаль тагынуу, - деп айтты Базар Базаргуриев.
Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов Бээжин олимпиадасында кыргызстандык балбандардан үмүт зор экенин белгилеп өттү:
- Айрыкча эркин күрөштөн Базар Базаргуриев баш байгеге талапкерлердин бири болушу мүмкүн. Бээжин олимпиадасына мамлекетик агенттиктин даярдыктары азырынча алымсындырбайт. Ошондой эле Бээжинге даярдык боюнча уюштуруу комитети кагаз жүзүндө гана түзүлгөнү менен иштеген жок. Өлкөнүн спортчулары Бээжинде байге алуусу үчүн мындан төрт-беш жыл мурда даярдык көрүүсү зарыл болчу.
Жыл аягында Дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү көзөмөлгө алууга убада берген.
Өлкөнүн улуттук олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, кыргыз спортунун чыныгы жүзүн, чама-чаркы быйыл жайында Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар таразалап койгону турат:
- Ошондой эле Бээжинде балбан Базар Базаргуриев баш байгеге талапкерлердин бири болушу толук ыктымал.
Бээжин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Олимпиаданын оту 8-августта жанып, ал 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миндей спортчусу катышат. 20 миңден ашуун журналист Бээжин олимпиадасын чагылдырып турат.