Кабулда “Достумду соттош керекпи?” деген маселе ооган өкмөтүнүн канчалык чабал экендигин көрсөтүүдө. Полиция жакында киши уурдаган генералдын Кабулдагы үйүн камалоону токтоткон эле.
Абдул Рашид Достум - түндүк ооганстандык өзбектерден чыккан кол башчы, учурда өлкөнүн армиясынын башкы штабын жетектейт. Анын ушул айдын башында өзүнүн шайлоо өкүлүн уурдап кеткендигине байланыштуу Ооганстандын баш прокурору Абдул Жабар Сабит ага каршы кылмыш ишин козгош керектигин билдирди:
- Бул иште саясий айып жок. Бул кылмыш иши. Полициянын иликтөөсүнө ылайык, Достум 50 чакты кишиси менен келип, Акбар Байдын үйүнө кол салган, үйүнө мыйзамсыз кирген. Ооган Конституциясы боюнча, бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирүү мыйзамга каршы иш. Полициянын билдиришинче, Достум Акбар Байды, анын туугандарын урган, ал тургай үйдөгү аялдарга тил тийгизген. Анан Акбар байди уурдап кеткен.
Бирок баш прокурор «Азаттыктын» ооган кызматына таасирлүү генералды сот жообуна тартуу кыйын экендигин мындайча мойнуна алды:
- Мыйзам мага Достумду сот жообуна тартууга укук берет. Бул чын. Кылмыш ишке барган ар бир киши сот жообуна тартылышы керек. Бирок согуштун айынан мыйзамдар иштебейт. Мыйзамдар иштеген жерлерде да биз айрым кишилерди мыйзам жообуна тарта албайбыз.
2001-жылы талибдер кулагандан кийин президент Карзай генерал Достумду өзүнө кеңешчи кылып алган. 2004-жылдан бери Карзай ага ооган армиясынын башкы штабынын жетекчиси деген наам берген. Бул кадам 2005-жылы парламенттик шайлоонун алдында каршылашууну алдын-алуу аракети болгон. Анын аркасы менен Ооганстандын түндүгүндө Достумдун аскерлери менен атаандаш куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулар да азайган. Бул топтордун кол башчыларынын бири Атта Мохамад Нур азыр Балх дубанынын акими. Ал Достум Ооганстанды бөлүп-жаргысы келет деген кыяста «Азаттыктын» ооган кызматына буларды билдирди:
- Биз эч кимге бүт түндүк Ооганстандын атынан сүйлөөгө жол бербейбиз. Түндүк аймак Ооганстанга тийешелүү. Мен үчүн, түндүк-түштүк деген бөлүнүү жок. Акыйкаттык, мыйзам деген бардыгына бирдей болуш керек. Өлкөнү федерацияга айлантуу же бөлүп-жаруу - учурдагы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөндөрдүн максаты, бирок бул максат эч качан ишке ашпайт.
Анын аралыгында, Достумдун өнөктөштөрү менен колдоочулары ал соттолсо тынч калбай тургандыгын эскертишүүдө. 3-февралда Ички иштер министрлигинин күчтөрү Достумдун Кабулдагы үйүн курчоого алганада, Достумдун маалымат катчысы Алем Сае генералдын дарегине айтылган кинелерди четке кагып, бул талаштын айынан өлкөнүн түндүгүндө жаңжал дүрт этип кетиши мүмкүн экендигин эскерткен.
Ушуга байланыштуу сырт байкоочулар да өлкөнүн түндүгүндө кырдаал кыйын экендигин айтышууда. Сам Зиа-Зарифи - АКШлык укук коргоочу, Хюман Райтс Уотч уюмунун Ооганстандагы изилдөөчүсү. Ал «Азаттыкка» буларды билдирди:
- Түндүктө болуп жаткан окуялар өлкөнүн балкандашып бараткандыгын көрсөтөт. Ооганстанда өкмөт менен өтө жакындашып алган кор башылар өз билгенин кылышат. Алардын көбү апийим, героин сатуудан чириген бай болушту. Парламентте саясий колдоосу күчтүү. Айрымдары өздөрү парламентке мүчө. Анан албетте сес көрсөтүп, куралын кезейт.
Зиа Зарифи түндүктө тажик жана хазари топтору да куралданып, катуу турушканын, кор башчылар менен борбордук өкмөттүн тирешүүсү кырдаалды ого бетер курчутуп жибериши мүмкүн экендигин эскертти.