АЛМАЗБЕК РАЙЫМКУЛОВ: “КЫРГЫЗ ТУУСУ АЛДЫНДА ГАНА РИНГГЕ ЧЫГАМ”

АКШда соттун чечими менен камактан бошогон “Кид Даймонд” же “Бриллиант жигит” аталган атактуу спортчу Алмазбек Раимкулов менен кыргыз спорту, профессионалдык бокс, Кыргыз спорт академиясын ачуу максаттары, боксчуларды даярдоо маселелери тууралуу спорттук баяндамачыбыз телефон аркылуу маектешкен.
-Саламатсыңбы, Алмаз? Өзүңдү кандай сезип жатасың?

-Саламатчылык, учурда өзүмдү жакшы сезип, үйдө эс алып жатам. Санаалуу күндөр артта калды. Алдыдагы таймашууларды ойлонуп, жолугушууларды белгилеп жаткан учурум.

-Спорт коомчулугун дүрбөлөңгө салган бул окуя маалымат каражаттарында түрдүү божомолдор менен коштолду. Сизди каматууга менежер, машыктыруучулар шылтоо кылып, мурдакы окуяны козгоп чыгыштыбы?

-Американын туусу алдында чыгасың дегенге көнбөй өз мамлекетимдин желегин көтөрүп чыгам десем, менежерим менен анын жардамчысы үч- төрт жыл мурдакы жол кырсыгын шылтоолоп айыптоолорду коюп каматкан. Бул алардын кылганы болду. Алар ушундай жол менен өз кызыкчылыктарын ойлоп, келишимди узартып алууну көздөшкөн. Алардын оюу боюнча “кыргызстандык муну эл тааныбайт. Жөнөкөй эле элге белгисиз, Кыргызстанды ким билиптир, мунун артында эч кими жок, ушундай жол менен келишимге дагы кол койдуруп алабыз” деп ойлошкон. Бирок алар жаңылышканын билишти. Эми тынчып калышты.

-Сизди бошотуп алуу үчүн жалпы күйөрмандарыңыз тынчсызданып, колдоого алышты да?

-Ооба, мени күйөрмандарым колдоого алышты. Президентибиздин буйругу боюнча Вашингтондон өлкөбүздүн элчиси Замира Сыдыкова баш болгон өкүлдөр келип, сотко катышып, колдоого алышты. Кыргызстандан менин досторум да колдоп, айрыкча доктор Жеңишбек Назаралиевге ыраазымын. Ал Нью-Йорктогу тааныштары аркылуу мага жардам берди.

-Маалымат каражаттарында дагы бул окуя боюнча ар кыл пикирлер айтылып жатты? Аныгын билүүгө аракет кылыштыбы?

-Эл оозунда элек жок дешет го. Досторум, тааныштарым мурдатан бери менеджерим менен чырдашып жүргөнүмдү билишчү. Алар калыс пикирде болушту. Ал эми айрымдар аныгын билбей эле божомолдоп ар түрдүү пикирлерди айтышты. Аларды өз абийирине койдум.

-Ушул окуяны пайдалануу менен менеджер жана анын жардамчылары келээрки жылдын февралында бүтө турган келишимге жаңыртып кол койдуруп алууга аракет кылыштыбы?

-Ооба, ошондой максат менен ушундай окуяны жаратып, мени каматышып, кол койдуруп алууга аракет кылышты. Алмазбектин колдогон эч кимиси жок, өзүнчө эле патриот болуп жүрөт. Кыргыз желегин көтөрүп жүрөт, Кыргызстаны бул үчүн эч нерсе кылбайт, жардам дагы бербейт деп алар адашып калышты. Мен дагы түрмөдө олтуруп, эч кандай маалыматым, кабарым жок эле. Кийин түрмөдөн чыкканда кыргыз элим мен үчүн кайдыгер эмес экенин, мени колдоого алганын угуп, билип абдан ыраазы болдум.

-Эми АКШда профессионалдык бокста эле кала бересизби, же жакында Кыргызстанга мекениңизге кайтып келесизби?

-Менин негизги максатым бокс менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу. Ошондуктан ушул максатымды ишке ашыруу үчүн убактылуу АКШда жашап, машыгып турам. Жакшы каражат таап, анан келечекте жакшы ой- тилектерим бар, ошол максаттарды ишке ашыруу үчүн АКШда шарт бар. Кыргызстанда өсүп келаткан таланттуу жаштар арбын. Аларга колдоо керек. Каражат жетишпейт. Ошондуктан тапкан каражатыма келечекте кыргызстандык жаштарга жардам берсем, аларга чоң профессионалдык бокстун эшигин ачып берсем деген тилегим бар. Келечекте Кыргызстанга барып спорт академиясын ачсам деген ой- максатымды аркалап жүрөм.

-Алмазбек, мурдакы келишимде пайданын 85 пайызын менеджер, машыктыруучуларың алышчу деген пикирлер айтылып жүрөт. Ошонун чындыгы барбы? Келишим ошондой түзүлүп калды беле?

-Ал туура сөз. Мен АКШга алгач келгенде профессионалдык бокс чөйрөсүн жана англис тилин жакшы билбегендигимден пайдаланышып, ушундай келишимди мага которуп түшүндүрүп бербей эле кол койдуруп алышкан.

Көрсө жеңиштин 85 пайыз пайдасын алар алып жүрүшүптүр, кийин билдим. Акыркы эки таймашуумда бир тыйын да алганым жок. Бекер жасадым. Менеджерлерим менен чыр- чатагыбыз тереңдеп кетти. Себеби, алар кыргыз желеги менен чыкпайсын деп каршы болушту. Бекер мушташсам да кыргыз туусу менен рингге чыгам деп мен көшөрүп туруп алдым.

-
Башка спорт клубдардан, менеджерлерден сунуштар болуп жатабы?

-
Сунуштар абдан көп болууда. Түрдүү сунуштар болуп жатат. Учурда телефондон күйөрмандарыма дагы жооп берип, ойлонуштуруп жатам.

-
Кыргызстанда жакында парламенттик шайлоо болгону турат. АКШда туруп шайлоого катышып, Вашингтонго барып добуш бересизби?


-
Кыргызстандын атуулу катары өз добушумду сөзсүз берем. Партиялык тизме менен шайлоо Кыргызстанда алгач ирет болуп жаткандыктан эл жаңылбай татыктууларды тандаса деп ойлойм.

-
АКШнын туусу астында таймашууга чык деп менеджерлериң мажбурлаган учурлар болдубу?

-
Андай нерселер ар дайым болуп келди. Бирок мен кыргыз туусун гана көтөрүп чыгам деп өзүмдүкүн бербей көшөрүп макул болгон жокмун.

Эгерде АКШнын желеги астында таймаштарга чыккан болсом, анда мени улам рекламалап, курч беттешүүлөргө чыгарып, бат эле дүйнөгө таанытып коюшмак. Мен болсо көгөрүп, “кыргыз намысын сатпайм, кыргыз туусу астында гана рингге чыгам” дегенимден чыныгы жүзүм али ачылбай келди. Ал түгүл кээ бир учурларда ушул маселе боюнча мени менеджерлерим кодулап, өгөйлөп басынткан жагдайлар да болуп келген. Муну мурда ачык айтчу эмес элем.

-Профессионалдык бокстан сырткары АКШда дагы башка эмне иштер менен алектенип жүрөсүз?

-Учурда бокс менен гана алектенип жүрөм. Келечекте бизнес чөйрөсүнө да аралашсам деген ой- максаттарым бар.

-Кыргызстандык жаш боксчуларды профессионалдык рингге алып чыгуу, аларга жол көрсөтүү ниетиңиз барбы?

-Кыргызстанда таланттуу жаштар бар. Аларга шарт түзүлбөгөндүктөн багы ачылбай, дүйнөгө таанылбай жүрүшөт. Боксчуларды даярдоо системасын да өзгөртүү керек. Бизде баягы советтик система менен даярдап келет. Учурда бокс алдыга өсүп, жаңы усулдар, технология колдонулуп жүрөт. Ошондуктан кыргызстандык боксчулар ийгиликке жете албай аксап келүүдө. Жакшы машыктыруучулар деле бар. Бирок алардын эл аралык тажрыйбалары жетишсиз болуп жатат. Чет өлкөлөрдөгү эл аралык мелдештерге көп чыгарып, такшалтып туруу керек. Машыктыруучулар башка машыктыруучулардан уялбай эле үйрөнүп, тажрыйба алмашуусу зарыл. Боксчу да боксчулар үйрөнүп, таалим алат.

-Ата-энеңиз АКШда сиз менен чогуу жашап жүрүптүр. Кыйын учурда алардын колдоосу сизге дем- күч берсе керек?

- Ата- энем эки жарым жылдан бери мени менен АКШда жашап жатышат. Алардын бул жакка келгени мен үчүн абдан жакшы болду. Сагынычым тарап, кыргыз салт- каадасын сактап, жыргап эле калдым. Кыйын учурда алардын колдоосу мага күч- кубат берди.
Алыста жүрсөң туулган жердин баркын, кооздугун, кымбаттыгын себет экенсиң. Кыргыз туусу обого көтөрүлсө, мен дагы шерденип, жеңиштерге жетүүгө дилгир болуп калам.

-2000- жылы Сидней олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп, төртүнчү орунга жеттиңиз эле. Ошондо атаандашыңызга 2 упай айырма менен утулуп калгандыктан, кийин байгелүү орунга жетмек элем, бир аз гана кемчилик кетти деп арман кыласызбы?

-Ал арманым ар дайым өмүрүмдү коштоп келет. Бир аз гана аракет кылганда Сиднейде байгелүү орунга илинип калмак элем. Олимпиадалык оюндарга катышуунун өзү деле сыймык.

-Бокска эле кызыгасызбы, же башка спорт менен да машыгып жүрөсүзбү?

-Мен кичинекей кезимде абдан кыялкеч элем. Дүйнө жүзүн чарк-айланып, көп мамлекеттерди кыдыргым келчү. Жаштын тилегин берет дегендей, кудай мага мындай шыбаганы спорт, бокс аркылуу ыроолоду. Телевизордон олимпиадалык оюндарды көрүп, спортко болгон сүйүүм ойгонуп, кичинемде гимнаст болууну самагам. Бирок Ошто гимнастика жоктугунан тилегиме жетпей, боюм кичине өссүн деген ой мен баскетболду эки жыл ойноп жүрдүм. Футболду да жакшы ойночумун. Атактуу футболчулар Пеле, Платини, Марадонаны кумир тутчумун. Анан жеңил атлетика менен жарым жыл машыгып, чуркап жүрдүм. Ошентип спорттон өзүмдүн шыгымды таппай адашып жүрүп, акыры үйдөгүлөргө айтпай бокска бара баштадым. Бул спорт мага жагып, биротоло арбалып калдым.

Ошентип бокс менин тагдырым, бакытым болуп калды. Мен ушул спорттон баар таап, өзүм да таанылып, Кыргызстандын дагы атын чыгардым. Бокс мени адам катары, инсан болуп калыптанышыма салым кошту. 15 жашымда Бишкекке спорт окуу жайына келип, оозум ачылып, далай жолу балдардан кичине кагуу жеп, эркелигим калып, чоң спорттун эшигин ачтым эле. Ата- энеме: “Мен спортто жүрөм. Чоң максаттарга жетмейин аны таштабайм. Оңго да, солго да кетпейм” деп убада бергем, ошол убаданын өтөсүнө чыгуу үчүн өмүрүмдү бокска арнап келатам. Эл машыгуу залында 1-2 саат машыкса, мен күнүгө 3 сааттан эки жолу машыгам. Бош убакта футбол да ойноп калам.

-Кумир боксчуңуз ким? Сизди Костя Цзюга да окшоштуруп жүрүшөт. Аны менен мамилеңиз кандай?

-Жаш кезимде Мухамед Алини кумир туруп келгем. Жашың өйдөлөгөн сайын кумириң деле болбой калат экен. Менин салмагым да Костя Цзю менен барабар. Аны менен достук байланыштамын. Ал Лас- Вегаска келгенде мага жолугуп, экөөбүз чер жазыша макетешип жыргап калабыз. Мен да Костя Цзюдай дүйнө чемпиону болсом деген тилегим бар.

Алмазбек Райыкулов тууралуу кыскача маалымат:

Алмазбек 1977-жылдын 18-февралында Ош областынын Ала-Бука айылында врачтын үй- бүлөсүндө туулган. Ал беш бир туугандын кичүүсү. Бокс менен машыгууну 1990- жылы Ош шаарында баштаган. Ал кичинесинен эле тың чыкты, өзү курактууларды жеңип, жашынан көзгө илинди, 15 жашынан баштап эл аралык мелдештерде мөрөй алып, спорт чеберлери менен тең тайлашты.

1995- жылы Кыргызстандын чемпиондугун жеңип, спорт чебери аталган. Алмаздын ийгиликтеринин жаралышына- анын эмгекчилдиги, өжөрлүгү, чыдамкайлыгы себепкер боло баштады. Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун байгесине арналган эл аралык турнирде 7 жолу жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Россия, Казакстан жана Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдештерде мөрөй алган.

Тегеранда өткөн Батыш Азия өлкөлөрүнүн I оюндарында Алмазбек күмүш медаль тагынды. Ошондой эле Бишкекте өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн III оюнунда намысты колдон чыгарбай алтын медалга арзыды.

Алмаз Райымкулов- Кыргызстандын кєп жолку чемпиону, эл аралык спорт чебери. Сиднейде олимпиадалык рингде Алмазбек биринчи беттешүүдө монголиялык Ютумен Тулантсетсегди артыкчылык менен жеңип алган. Экинчи беттешүүдө колумбиялык Круз Лазо Жозе- Леонардону да оңой олтоң эле жеңди. Жарым финалга чыкчу таймашта мексикалык Бегидана Бенитез Кристанга 12:14 эсебинде алдырып коюп, коло медалды колдон чыгарганда абдан өкүнгөн элек. Анда Алмазбек тактикалык жактан каталыктарды кетирип койгон эле. Себеби биринчи жана экинчи раундда Алмазбек сактанып, коргонуу ыкмасына өтүп, абдан аяр согушту. Ошол эки раундда эле чабуулга өтүп, арбын упай топтоп алганда, атаандашына алдырбайт болчу. Үчүнчү жана төртүнчү раундда Алмазбек аракет кылды. Акыркы секунддарда эсеп 12:12 болчу. Акыркы көз ирмемдерде мексикалык жигиттин активдүүлүгү үчүн деген шылтоо менен жеңишти калыстар Бегидана Бенитез Кристанга ыйгарып коюшту. Ошентип Алмазбек Сиднейде 4- орунду ээлеп калды.
Алмазбек Раимкулов Эл аралык бокс ассоциациясынын рейтингинде 7-орунда турат. Профессионалдык рингте 2001-жылдан бери өзүн сынап келатат, анын эсебинде 26 жеңиш болсо, он төрттүн нокаут менен уткан, бир гана жолу утулуп жана Хоель Касамайора менен болгон беттешүүсү тең чыгуу менен жыйынтыкталган.