28–ноябрь күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында профессионалдык бокс боюнча Түндүк Американын чемпиону, кыргызстандык Алмазбек Раимкуловдун соту болуп, аны бүгүн 29- ноябрда бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Президенттин тапшыруусу менен сотко Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова, Алмазбектин ата-энеси жана адвокаты катышты. 7 – ноябрь күнү профессионалдык боксчу, кыргызстандык Алмазбек Раимкулов полиция тарабынан кармалып, камакка алынган.
Спорт коомчулугун дүрбөлөңгө салган бул окуя маалымат каражаттарында түрдүү божомоолдор менен коштолду. 12-14 саат айырма болгондуктан 28-ноябрдагы соттун чечимин кыргызстандык спорт күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүштү. Лас-Вегастагы соттун чечими тууралуу АКШдагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкери Кайнарбек Токтомушев мындай деп телефон аркылуу “Азаттыкка” билдирди.
Анын билдиргенине караганда профессионалдык боксчу Алмазбек Райымкулов 2004- жылы кызуу абалында автоунаа айдап, жол кырсыгына учураган. Сотто Алмазбек автоунаасу жабыр тарткан америкалык атуулдан кечирим сурап, айыбын, бул окуяны моюнга алгандыктан АКШнын соту Алмазбек Райыкуловду бүгүн 29- ноябрдан баштап эркиндикке чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды.
- Алмазбек Раимкуловду бошотуу тууралуу президент Курманбек Бакиевдин өтүнуч кайрылуусун элчибиз Замира Сыдыкова сотко тапшырып, сөз сүйлөдү. Алмазбек да 2004- жылы болгон жол кырсыгына күнөөлүү экенин моюнга алып, жабыр тарткан америкалык атуулдан кечирим сурап, автоунаасы үчүн айыбын төлөп берди. Сот калыстык кылып, Алмазбекти 29- ноябрдан баштап эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алды. Алмазбектин камалышы тууралуу президентке да маалымдалып, бул окуяны өзү көзөмөлгө алган.
Адистердин айтымында “Кид Даймонд” же бриллиант жигит аталган Алмазбек Райымкулов профессиналдык бокс чөйрөсүндө бат таанылып, жылдан жылга кадыр- баркы өсүп, жеңиштерге жетишип турган. Ал профессионалдык рингде 28 жолу чыгып, бир ирет гана утулган.
Алмазбектин эжеси Гүлнара Раимкулованын айтымында аны менежери келишимди узартуу максатында атайын үч жыл мурдакы окуяны козгоп жалаа менен каматып, өчөшүп алган.
- Эгерде Алмаз АКШнын желеги астында таймаштарга чыккан болсо, аны улам рекламалап, курч беттешүүлөргө чыгарып, бат эле дүйнөгө таанытып коюшмак. Алмаз көгөрүп, “кыргыз намысын сатпайм, Кыргыз туусу астында гана рингге чыгам” дегенинен анын чыныгы жүзү али ачылбай келүүдө. Ал түгүл кээ бир учурларда ушул маселе боюнча Алмазды кодулап, өгөйлөп басынткан жагдайлар да болуп келген. Муну ал мурда ачык айтчу эмес.
АКШнын Лас-Вегас шаарында азырынча утурумдук камакта жаткандыгына жана бүгүн 29-ноябрда эркиндикке чыга тургандыгына байланыштуу Алмазбек Райымкулов менен телефон аркылуу да байланышууга мүмкүн болбоду. “Азаттыкка” мурда берген интервьюусунда менежери менен тил табыша албай жүргөнүн айтып берген эле.
- Мен Ата-мекенимден алыс жүргөндүктөн Кыргыз намысын сактап, Кыргыз туусу менен гана рингге чыгууну биротоло чечип койгом. Алыста жүрсөң туулган жердин баркын, кооздугун, кымбаттыгын себет экенсиң. Кыргыз туусу обого көтөрүлсө, мен дагы шерденип, жеңиштерге жетүүгө дилгир болуп калам. Бирок бул жакта менежерлер менен ушул жагдайлар боюнча проблемалар да болууда,– деген эле эл аралык спорт чебери Алмазбек Райымкулов.
Америкалык атактуу бокс адиси Бред Гудмэн Алмазбек Райымкуловду алгач ирет көргөндө эле анын өжөрлүгүн, талантын байкап, аны Костя Цзюга салыштырган.
Дал ушул адис Бред Гудмен Алмазбектин алгачкы 7 беттешүүсүн Лас- Вегас менен Түштүк Калифорнияда өткөргөн. Учурда Алмазбекти АКШга белгилүү машыктыруучу Мигель Диаз машыктырып, профи бокстун сырларын үйрөтүп жүрөт. Алар менен келишими 208- жылдын февралында бүтөт. Алмазбек Раимкулов Эл аралык бокс ассоциациясынын рейтингинде 10 мыктынын сабына турат. Профессионалдык рингте 2001-жылдан бери өзүн сынап келетат, анын эсебинде 27 жеңиш болсо он алтысын нокаут менен уткан, 1 гана утулуу жана Хоель Касамайора менен болгон беттешүүсү тең чыгуу менен жыйынтыкталган.
Кыргызстандык эл аралык бокс чебери Алмаз Райымкулов 7 жылдан бери профессионалдык бокстун чордону болгон АКШнын Лас-Вегас шаарында ата- энеси менен бирге жашап, рингде Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт. Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү Алмазбек Райымкуловдун күйөрмандары, өлкө президенти баш болуп аны камактан бошотуп алуу үчүн жана АКШнын соту адилеттүү чечим чыгаруусу үчүн тынсызданууларын билдиришип, кыйын учурда Алмазбекти колдоого алышты.
Ошентип Алмазбек Райымкулов бүгүн 29- ноябрда Лас-Вегас шаарынын сотунун чечими менен эркиндикке чыкмак болду.
Алмазбек Райымкулов тууралуу спорт күйөрмандарына кыскача маалымат
Ал 1977-жылдын 18-февралында Ош областынын Ала-Бука айылында врачтын үй- бүлөөсүндө туулган. Ал 5 бир туугандын кичүүсү. Бокс менен машыгууну 1990- жылы Ош шаарында баштаган. Ал кичинесинен эле тың чыкты, өзү курактууларды жеңип, жашынан көзгө илинип, 15 жашынан баштап эл аралык мелдештерде мөрөй талашкан.
1995-жылы Кыргызстандын чемпиондугун жеңип, спорт чебери аталган. Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун байгесине арналган эл аралык турнирде 7 жолу жеңиштин бийик сересине көтөрүлгөн. Орусия, Казакстан жана Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдештерде мөрөй алган.
Тегеранда өткөн Батыш Азия өлкөлөрүнүн I оюндарында Алмазбек күмүш медаль тагынды. Ошондой эле Бишкекте өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн III оюнунда алтын медалга арзыган.
Сидней Олимпиадасында бокс чөйрөсүнө таанылган Алмаз Райымкулов Бангкокто өткөн бокс боюнча Тайланд Королунун кубогунда жеңишке жетишкен.
Алмаз Райымкулов - Кыргызстандын көп жолку чемпиону, эл аралык спорт чебери. Сидней олимпиадалык рингде 4- орунду ээлеп, Кыргызстанды тааныткан.