2-октябрда Кытай Эл республикасынын Шанхай шаарында мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулардын атайын олимпиадалык 12-оюндарынын оту жанып, спорттун 21 түрү боюнча мелдештери башталды. Кыргызстандын чакан делегациясы мындай дүйнөлүк олимпиадага алгач ирет катышууда.
Кечээ Шанхайда башталган бүткүл дүйнөлүк атайын олимпиадалык оюндарга 170 өлкөнүн жети миңден ашуун мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчулар катышууда. Алар он күндүн аралыгында спорттун 21 түрү боюнча мөрөй талашып, жеңүүчүлөр аныкталат.
1968-жылы АКШнын Чикаго шаарында алгачкы оюндарга эки мамлекеттен гана миңге чукул спортчу катышса, андан бери батыш өлкөлөрүндө майып спортчуларга болгон камкордук күчөп, бул атайын олимпиаданын өрүшү кеңейген.
Бул атайын жайкы олимпиадалык оюндар АКШда он жолу өткөрүлүп, мелдештерге жүз элүүдөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Акыркы он биринчи атайын оюндар 2003- жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында болуп, анда 166 өлкөдөн жети миңдей майып спортчу мөрөй талашкан.
Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында кыргызстандык майып спортчулар ар түрдүү эл аралык мелдештерге катышып жүрүшкөнү менен мындай атайын олимпиадага алгач ирет кыргыз туусун көтөрүп барышты.
- Алардын спорттук чебердигин жогорулатуу боюнча атайын машыктыруучуларды да ишке тартуу зарыл эле. Каражат маселеси кыйын болсо да майыптарга соопчулук кылууга ниет кылган демөөрчүлөрдү табуу менен Шанхайга жөнөттүк. Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атайын олимпиадага катышууга укук алдык. Эми бул демилгени колдоого алуу мамлекеттин милдети болчу. Шанхайдагы атайын олимпиадалык оюндарда жеңил атлетчилерден үмүт кылып турабыз.
Кыргызстандын чакан делегациясын өлкөнүн атайын олимпиада комитетинин жетекчиси Канат Мамбеталиев баштап барды. Анын айтымында спорттук күчтүү мамлекеттерге атаандаш болуу кыйын, ошентсе да жеңишке жетишпей калса дагы катышуунун өзү маанилүү жана сыймыктуу.
Атайын олимпиада спорттун 21 түрүнөн өткөрүлсө кыргызстандыктар спорттун 4 түрү боюнча мөрөй талашууга катышууда. Алар жеңил атлетика, теннис, бадминтон жана дзю-до боюнча таймашууларда Кыргызстандын намысын коргоп жатышат.
Бишкек шаарында 6 спорт мектеби болсо, ошонун бирөө майып спортчуларга арналган эмес. Учурда Кыргызстанда атайын майып спортчулар үчүн олимпиадалык резервдеги атайын адистешкен мектеп ачуу да мезгил талабы.
Эркин күрөш боюнча спорт чебери, таластык фермер Замирбек Дөңбаевдин пикиринде алты саны аман-соо спортчуларга дагы көңүл бурулбай жатса майып спортчуларга бийлик көз- кырын салаары күмөн.
-Бул мезгил талабы. Кыргызстан мындай атайын олимпиадага алгач ирет катышуу менен эл аралык аренага таанылууга мүмкүнчүлүк алды. Мындан ары майып спортчуларга өкмөт шарт түзүлүп, камкордукка алынат деген ишеним акталаарына күмөнүм бар. Эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр гана жардам бербесе майып спортчулардын багы ачылбайт.
Ар жыл сайын майыптарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн майып спортчуларды колдоого жумшаса, алар ооруну жеңип, спорт менен ден соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним отун жандырат эле. Себеби жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуучу кыз- жигиттер арбын.
Майып спортчулар үчүн эл аралык биринчи оюндар 1968- жылы АКШнын Чикаго шаарында өткөрүлгөн. Ошондон бери атайын олимпиадалык оюндар деп аталып 4 жылда бир уюштурулуп келүүдө. Шанхайдагы он экинчи атайын олимпиада 11- октябрда жыйынтыкталат.