Бүгүн 21-сентябрда Пакистандын Лахор шаарында Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган мелдеш башталат. Бул турнирде былтыр баш байгени жеңип алган Нарындын “Дордой-Динамо” командасы быйыл Кубокту колдон чыгарбай сактап калууга дарамети жетеби?
Бүгүн 21-сентябрда Пакистандын Лахор шаарында башталып жаткан футбол мелдешинин “В” тобунда “Дордойдун” футболчулары биринчи беттешүүдө Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Кхемара” командасын каршы алат. Алардын андан кийинки атаандаштары Непалдын “Махендра Полис” жана Тайван өлкөсүнүн чемпиону “Татунг” командалары болмокчу.
“Дордойчулардын” негизги атаандашы боло турган Тажикстандын чемпиону “Регар” командасы “А” тобунда Бутан, Пакистан жана Шри-Ланка мамлекеттеринин чемпиондору менен күч сынашмакчы.
Былтыр Малайзияда биринчи оюнда Кыргызстандын үч жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы өз тобунда–Тажикстандын чемпиону «Вахш» командасына 3:0 эсебинде утулган. Бирок кийинки атаандаштарын уткандыктан финалда кайрадан алар менен беттешип, намысты колдон чыгарбай жеңишке жетишкен.
“Дордой” футбол командасынын капитаны Руслан Сыдыковдун пикиринде бардык атаандаштардын даярдыгы дурус. “Айрыкча тажикстандык футболчулардын чеберчилиги жогору. Былтыркы ийгиликти кайталоого колдон келген аракетти көрөбүз,"-деген эле Пакистанга аттанаар алдында Руслан Сыдыков.
Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын деңгээли орто. Чынында Кыргызстанда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө. Ошондуктан быйыл Азия кубогун колдон чыгарып жиберүүсү ыктымал:
-Күчтүү командалар Сауд Арабия, Корея, Жапан, Иран өлкөлөрүнүн футболчулары бул мелдешке катышпайт. Бул начар, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн командалардын арасындагы мелдеш. Кийинки 14-15 жылдан бери Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, айылдык, райондук командалардын таймашуусу болуп калган. Ушул турнирде атаандаштарын утуп алдыга чыкпаса, анда уят иш болот. Эми кыргызстандык жигиттер финалда тажиктерге дагы утулуп калышы да толук ыктымал. Себеби алардын даярдыгы, чеберчилиги жогору.
Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдеште Тажикстан, Непал футболчулары негизги атаандаш болоорун, ошентсе да Азия кубогун сактап калууга аракет кылышаарын команданын чабуулчусу Замир Жумагулов билдирди:
-Чынында Пакистандагы Азия Кубогуна Кипрде жана Ысыккөлдө машыгуу өткөрүп, жакшы эле даярдандык. «Дордой- Динамо» командабыздын негизги кемчилиги - биздин жигиттердин коргонуу аймагынын начардыгы эле, аны дагы жойгонго аракет кылдык.Балким финалга кайрадан тажиктер менен чыгып калышыбыз да ыктымал.
Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү Нарындын «Дордой- Динамо» командасына былтыр 50 миң америка доллары жана Күмүш кубок ыйгарылган. Ал эми экинчи орунду камсыз кылган командага 25 миң доллар байге берилип жүрөт.
Бул Азиялык футбол таймашына Камбоджа, Бутан, Тайвань, Шри-Ланка, Непал, Тажикстан жана Кыргызстандын чемпиондору катышып келүүдө.
Азиянын футболдук континенталдык федерациясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн арасында бул оюнду жайылтуу максатында 8 команданын ортосунда мелдеш өткөрүүнү үч жылдан бери салтка айлантуу аракетинде.
Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон. Ал эми былтыр кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу Азиянын Футболдук континенталдык федерациясынын Президентинин кубогун Нарындын “Дордой-Динамо” командасы утуп, футбол күйөрмандарын кубанычка бөлөгөн.
Быйыл ошол ийлилигин кайталай алабы? Анын алдыдагы мелдештер көрсөтөт.