5-сентябрдан 12-сентябрга чейин Чолпоната шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында 7–Эл аралык Ысыккөл оюндары спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлдү. Мөрөй талашууга Борбор Азия, Орусия, Кытай, Молдова өлкөлөрүнүн командалары катышканы менен кемчиликтерге да жол берилди.
Мындан 7 жыл мурда эл достугуна данакер болсун деген тилек менен уюшулган Ысыккөл оюндары быйыл Чолпонатада жетинчи ирет өткөрүлдү. Биринчи оюндар- «21-кылым –улут ден соолугунун кылымы» деген ураан менен башталса, бул жолку оюндун урааны “Азия- кызматташтык жана тынчтыктын аймагы” деп аталды.
Алгач Ысыккөл оюндары спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлсө, быйыл спорттун 15 түрүнөн таймашууларга миңден ашуун спортчулар катышты.
Оюндар эки топ менен өткөрүлүп, 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдештер курч мүнөздө болду.
Оюндун кадыр-баркын арттырган жагдай Якутиядан олимпиада чемпиону Мария Күлчүнова-Пнигинанын келип, эл аралык мелдештин отун жандырганы болду.
Быйылкы Ысыккөл оюндарынын рекордун казакстандык чоюн көтөрүүчү Юрий Ильин жаңыртты. Ал 24 кг чоюнду сол колу менен эле 10 мүнөттө 210 ирет башынан бийик көтөрүп, алтын медаль тагынган. Ал эми 80 кг салмкатагы спорт ардагери орусиялык Геннадий Поздеев болсо оң жана сол колу менен он мүнөттө 24 кг уюган чоюнду 256 жолу көтөрүү менен чемпион аталды.
Ысыккөл эларалык оюндарынын катышуучусу, гиря көтөрүү боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону москвалык Михаил Родионовдун пикиринде бул оюндардын келечеги кең, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот.
-Кыргыз жергесине биринчи ирет келишим. Айрыкча Ысыккөл керемет экен. Элиңердин пейили, меймандостугу жакты. Улуттар арасында ынтымак ыдырабай, Ысыккөл оюндары достукту ширетип турат. Мелдешке дагы катышып, көлгө түшүп, абдан жакшы эс алдык.Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Бул ар тараптан колдоого алуучу иш- чара.
Эларалык Ысыккөл оюндарына Бишкек шаарынын командасын жетектеп барган спорт комитеттин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркуловдун айтымында эреже боюнча өлкөнүн тандалма командасынын мүчөлөрү бул мелдештерге катышууга акысы жок болсо дагы мындай шартты орусиялыктар менен казакстандыктар аткарбады.
-Спорт-достуктун, тынчтыктын элчиси экендигин айгинеледи. Бул оюндардын масштабын кеңейип, коңшулаш Кытай Эл Республикасынан команда келди. Эми Ооганстан, Индия,Иран, Пакистан, Түркия жана башка мамлекеттерден чакырып, спорттун олимпиадалык түрлөрүн да кошсо дурус болмок.
Мындай оюндар Минскиде, Астанада да өткөрүлүп жүргөндүгүн эске алсак, Ысыккөл эларалык оюндарынын деңгээлин көтөрүү үчүн Түркиянын, Индия, Пакистан, Ооганстан жана Иран мамлекеттеринин спортчуларын да чакырса дурус болмок, деген сын пикирлерди айткан адистер да болууда. Мындай пикирин Казакстандын волейбол командасынын жетекчиси Кенжебек Бейсенгалиев дагы билдирип, “мелдеш спорт ардагерлеринин арасында гана өткөрүлсө” дейт ал.
Ошентип, жети күндүк мөөрөй талашуулардын жыйынтыгында командалык биринчи орунду Орусиянын өкүлдөрү жеңип алышты. Алар 40 алтын, 25 күмүш, 28 коло медаль утуп алуу менен спорттук держава экендигин далилдешти. 2-орунду ээлеген Казакстандык спортчулар 27 алтын, 33 күмүш, 24 коло байгени олжолоп кетишти. Ал эми 3-орунга ээ болгон Кыргызстандык 23 алтын, 32 күмүш, 34 коло медалын утуп алышты.
Кытайлыктар 4-орунга, түркмөнстандыктар 5-орунга, тажикстандыктар 6-орунга ээ болушту.
Ошентип эл аралык Ысыккөл оюндарынын баш байгесин бешинчи ирет удаасы менен Орусиянын командасы колдон чыгарган жок. Бул сөзсүз сүрөт дегендей эле кеп. Алар спорттук күч- кубаты, даярдыгы жогору өлкө экенин далилдей алышты.
Чолпонатадагы эл аралык Ысыккөл оюндары Кыргызстандагы спорттун деңгээлин таразалап, жетекчилердин спортко болгон мамилесин өзгөрттү дешет адистер.
Ысыккөл оюндары өткөн “Көгүлтүр Ысыккөл” эс алуу жайынын спорт имараттары, аянтчалары эл аралык талаптарга жооп бербестигин Талас облустук спорткомитеттин жетекчиси Шаршенбек Конгантиев сынга алды.
Спорт аянтчаларда кимдер чуркап, байге алып жатат, кимдер менен волейбол, футбол жана башка таймашуулар өтүүдө, ким гол киргизди? Кимдер жеңди? Мунун баары күйөрмандар үчүн белгисиз болуп, дүлөй кишидей эле жалдырап отурушту, себеби эл аралык Ысыккөл оюндарынын жүрүшү, таймашуулар учурунда үналгы, микрофон аркылуу эч кандай маалымат берилген жок. Көпчүлүк жергиликтүү калк мелдештер өтүп жатканы тууралуу да билишпейт экен, Себеби маалымат булактарында Ысыккөл оюндары тууралуу аз кеп болуп, жарнамалар да аз илинген.
Эл аралык спорт уюмдар конференциясынын президенти Борис Рогатин Ысыккөл оюндары эл достугуна данакер болуп, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн спорттук кызматташуусуна салым кошорун белгиледи.