Алты жума барымтадан талибдер бошоткондон кийин мекенине кайткан түштүк кореялык 19 христиандык гумжардам кызматкери өз элинен кечирим сурашты. Аларды Түштүк Корея акча төлөп же кандайча бошоткону белгисиз бойдон кала берүүдө.
Эркиндик алган туткундар бүгүн Түштүк Кореянын Инчеон аэропортуна келип түшүштү. Колдоруна талибдер өлтүргөн эки кесиптешинин сүрөттөрүн көтөргөн экс-туткундардын чарчаган түрү бар. 19дун бири Ю Кие Оң-Сик өз мекендештеринин алдында чоң карыз болгондугун айтты. Ал эми талибдер өлтүргөн эки туткундун бирөөсүнүн агасы Бае Шин-киу бошотулган туткундарды тосуп келгендердин арасында болду:
– Туткундар лидеринин бир тууганы катары мен биздин мекендештерибизге оорчулук алып келгенибиз үчүн кечирим сурайм.
Бошонгон туткундарды аэропорттон дарыгерлер текшергенден кийин, урук-туугандары үйлөрүнө алып кетишти.
Түштүк Кореянын жарандары мекендештеринин аман келгенине кубанышууда. Алардын бири Шин Доң-ин Сеулдун өкмөтүнө жогору баа берди:
– Эл аралык коомчулуктан айрым сындар болушу мүмкүн, бирок адамдын өмүрү баарынан кымбат. Түштүк Кореянын өкмөтү жакшы иш кылды, бирок келечекте мындай нерсенин кайталанышына жол бербөө үчүн, компенсация талап кылуу укугу такталышы керек.
Талибдер Түштүк Кореянын өкмөтү 20 миллион доллар төлөдү деп ырастоодо, бирок башка талиб булактары туткундарды бошотуу үчүн эч кандай акы төлөнгөн жок деп айтышты. Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү 1 миллионго жете бербеген акча төлөндү деп билдиришкен. Барымтачылар менен сүйлөшкөнү үчүн сындалган Түштүк Кореянын өкмөтү бул ырастоолорду четке каккан. Бирок Сеул, мурда пландалгандай, Ооганстандан аскерлерин ушул жылдын аягына чейин чыгарып кетүүгө жана Ооганстанга христиан миссионерлеринин барышын токтотууга макул болду. Бошотулган туткундардын чиркөөсү 23 христиан Ооганстанга миссионердик милдет менен эмес, гумжардам көрсөтүү үчүн барган деп айткан.