КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТ КУБОГУ ҮЧҮН МЕЛДЕШТИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ БҮГҮН АНЫКТАЛАТ

5 күндөн бери Бишкектеги «Аккула» ат майданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 16 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча Кубогуна арналган эл аралык мелдеш улантылып жатат. 30-августта жарым финалдык беттешүүлөр болуп, мыктылар иргелип чыкты. Байгелүү үчүнчү орундун жеңүүчүсү аныкталды. Бүгүн 31- августта финалдык таймашуу болот.
Быйыл президенттин Кубогу сегизинчи ирет өткөрүлүп жатат. Беш күндүк мелдештин жыйынтыгында 3 топко бөлүнгөн 10 командадан мыктылар иргелип, баш байгеге талапкерлер аныкталды.

“Бишкектеги “Аккула” ат майданында көкбөрү командалары курч таймашууларга күбө боло алышты. Өз тобунда биринчиликти ээлеген Бишкектин “Бөрүлүү” командасы менен Жалалабат облусунун “Ойкайың” командасынын ортосундагы жарым финалдык таймашууда “Бөрүлүү” командасынын жигиттери улакты он бир жолу тайказанга таамай таштап, финалга чыгышты. Оюн 11:1 эсебинде бишкектик жигиттердин жеңиши менен аяктады.

Өлкөнүн көкбөрү федерациясынын президенти, Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун айтымында Президенттин кубогу ар жыл сайын өткөрүлүп, эгемендүү мамлекеттин таанылышына өбөлгө болууда. Көкбөрү, спорт оюндары жана маданият эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өнүгө баштады.

- Быйыл президенттин Кубогун өлкөдөгү мыкты командаларыбыз дагы четте калбасын өлкөдөгү көкбөрүнүн деңгээлин көтөрөлү деген максат менен клубдук система менен өткөрүп жатабыз. Байгелери да такталып президенттик фонддон 1,5 млн. сом бөлдү. Баш байге үчүн таймашуу 31-августта болмокчу. Көкбөрү жана спорт менен эгемендүү өлкө катары таанылып жатабыз. Ошондуктан намысты туу кылып, башкаларга уят болбошубуз керек.

Быйылкы Президенттин Кубогуна арналган турнирге Нарын, Талас, Ош, Ысыккөл, Жалалабат, Чүй облустарынын командалары катышууда.

Ал эми экинчи жарым финалдык беттешүүгө Талас облусунун “Манас Талас” командасы менен Нарын облусунун “Дордой” командасы таймашууга чыгып, натыйжада 4:1 эсебинде “Дордойдун” жигиттери утуп, баш байгенин экинчи талапкери болушту.
30-августта 3-4- орундар үчүн беттешүүлөр өткөрүлүп, мында Талас облусунун “Манас-Талас” командасы менен Жалалабат облусунун “Ойкайың” командасы күч сынашты. Натыйжада 6:4 эсебинде таласттык жигиттер артыкчылык кылышып, байгелүү үчүнчү орунга жетишти. “Манас-Талас” командасынын каптианы, көкбөрү боюнча эл аралык спорт чебери Бакыт Бешкемпировдун айтымында улакчылардын деңгээли жыл өткөн сайын жогорулап, тандалма команданын катарын толуктачу чыйрак жигиттер таанылды.

Эми бүгүн 31-августта “Аккула” атмайданында саат 12де баш байге үчүн таймашуу Нарын облусунун “Дордой” жана Бишкектин “Бөрүлүү” командаларынын ортосунда болот.

Баш байгени жеңген көкбөрүчүлөр Президенттин кубогу жана 400 миң сом менен сыйланат. Экинчи орунга күмүш медаль жана 300 миң сом сыйлык ыйгарылат. Байгелүү үчүнчү орунду ээлеген Талас облусунун “Манас-Талас” командасына коло байге менен кошо 200 миң сом акчалай сыйлык берилет. Төртүнчү орунга илинген Жалалабаттын “Ойкайың” командасы 150 миң сом сыйлыктын ээси болушту. Калган алты команданын ар бирине 70 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилмекчи. Ошондой эле мыкты улакчыларга дагы атайын байгелер бар. Мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан 1,5 млн. сом каражат бөлүп жатат.

Талас облусунун “Ынтымак” командасынын жетекчиси, көкбөрү боюнча эл аралык спорт чебери Чаткал Жолдошовдун пикиринде Ош, Жалалабат облустары үчүн таластык жигиттер намыс талашып жатса, Нарындын “Дордой” командасынын курамын чүйлүк улакчылар түзөт.

- Облусттук жетекчилер көкбөрүгө көңүл бурбай, жигиттердин демилгелерин колдоого албай жатат. Мындай кайдыгерлик менен көкбөрүнү өнүктүрүүгө мүмкүн эмес.Ушул мелдештин катышуучуларынын 70 пайызы таласттык жигиттер. Алар Жалалабат, Ош, Чүй облустарынын командаларынын катарында ойноп жүрүшөт. Райхан Алкановдой ишкерлер көкбөрүчүлөрдү колдоого алса дурус болмок...
, дейт Чаткал Жолдошов.

Эгемендүүлүк майрамында Кант шаарында кечинде футбол боюнча Эгемендүүлүк кубогу үчүн Канттын “Абдышата” командасы менен Жалалабаттын “Локомотив” командасы жашыл талаада күч сынашат.

Мындан сырткары Алатоо аянтында театралдаштырылган спорттук көрсөтмөлүү оюндар да болмокчу.