КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТ КУБОГУНА ТАЛАПКЕРЛЕР

3 күндөн бери Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 16 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча кубогуна арналган мелдеш улантылып жатат. Быйылкы мөрөй талашууга чет өлкөлөрдөн командалар келишкен жок. Бүгүн 28-августта жарым финалдык беттешүүлөр үчүн мыктылар иргелип чыгат. Кайсыл командалар баш байгеге талапкер болушу ыктымал.
Быйыл президенттин кубогу сегизинчи ирет өткөрүлүп жатат. Эки күндүк мелдештин жыйынтыгында 3 топко бөлүнгөн 10 командадан мыктылар иргелип, бүгүн жарым финалдык беттешүүлөргө талапкерлер тандалат. Эки күндүк таймашуунун жыйынтыгында Талас облусунун үч командасы “Алканов”, “Манас- Талас” жана “Ынтымак”, Нарындын “Дордой” командасы, Жалалабат облусунун “Ойкайың” жана Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командалары атаандаштарын утуп, жарым финалга талапкер болушу күтүлүүдө.

Өлкөнүн көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев айтымында быйылкы Президенттин кубогуна коңшу мамлекеттерден командалар келишкен жок. Себеби малдын оорусуна байланыштуу карантин болуп, чек арадан жылкы, малды өткөрбөй жатат. Ошондуктан Баткенден башка бардык облустардын улакчылары быйыл өз ара мөрөй талашууда.

-Быйыл президенттин Кубогун өлкөдөгү мыкты командаларыбыз дагы четте калбасын, өлкөдөгү көкбөрүнүн деңгээлин көтөрөлү деген максат менен клубдук система менен өткөрүп жатабыз. Байгелери да такталып президенттик фонддон 1,5 млн. сом бөлүнүп жатат. Баш байге үчүн таймашуу 31-августта болмокчу. Ошондуктан мөрөй талашуулар курч мүнөздө өтүп жатат. Быйыл малдын оорусуна байланыштуу коңшу казактар менен өзбектерден улакчылар келишкен жок. Ошондуктан кыргыздардын мыкты жигиттеринен тандалма команда түзүү үчүн улакчыларды байкап, сынап жатабыз.

Быйылкы Президенттин Кубогуна арналган турнирге Нарын, Талас, Ош, Чүй, Жалалабат, Ысыккөл облустарынын командалары катышууда.

Бүгүн 28-августта жарым финалдык беттешүүгө талапкерлер аныкталат. Талас облусунун “Алканов” командасы менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы таймашууга чыгат.

Нарындын “Дордойу” менен Таластын “Ынтымак” командалары күч сынашат. “Ынтымактын” жигиттери кечээ Сокулуктун айтылуу “Рассвет” командасын 11:3 эсебинде утуп алган.

Жалалабаттын “Ойкайың” командасы менен Талас облусунун “Манас-Талас” командасынын кимиси жеңсе баш байгеге талапкер болушу ыктымал. Экөө тең экиден оюнду утуп алышкан. Бүгүнкү беттешүүлөрдү оштук жана ысыккөлдүк улакчылардын мелдеши жыйынтыктайт.

Көкбөрү боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматовдун пикиринде Ош, Жалалабат облустары үчүн таластык жигиттер намыс талашып жатса, Нарындын “Дордой” командасынын курамын чүйлүк улакчылар түзөт. “Облусттук жетекчилер көкбөрүгө көңүл бурбай, жигиттердин демилгелерин колдоого албай жатат. Мындай кайдыгерлик менен көкбөрүнү өнүктүрүүгө мүмкүн эмес”, дейт Мурат Азарматов.

29-августта жарым финалдык беттешүүлөр болсо, 30- августта 3-4-орундар үчүн улак тартыш өткөрүлөт. Ал эми 31-августта баш байге үчүн таймашуу белгиленген.