БЭЭЖИНДЕ БАЛБАНДАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК ТАЙМАШЫ БАШТАЛДЫ

20-августта Бээжин шаарында грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Алгач грек-рим күрөшү боюнча күч сынашуулар болот. Бээжинге кыргыз туусун кимдер көтөрүп барып, намыс талашканы турат?
Быйыл июль айында Филиппиндер өлкөсүндө өткөн Азия чемпионатына грек-рим күрөшүнөн сегиз балбан барып, жетөө жеңишке жетип, экөө чемпион аталып, 2 алтын, бир күмүш, төрт коло медаль алып, Кыргызстан командалык үчүнчү орунга жетип, спорт адистеринин көңүлүн бурган. Манилада грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону болгон Арсен Эралиев менен Курал Ордобаев да Бээжинде намыс талашат. Мындан сырткары Азия чемпионатында күмүш жана коло байге алышкан Азиз Эшалиев, Атай Койчукулов жана Асылбек Бөдөшев дагы дүйнөлүк таймашууга катышып жатышат.

Грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн намысын коргоп жатышкан балбандарды Бээжинге Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов баштап барды. Азия чемпиондору Арсен Эралиев менен Курал Ордобаев жана Азия биринчилигинин күмүш байге ээси Атай Койчукулов эртең 21-августта килем үстүндө күч сынашат.

Ал эми Азиз Эшалиев менен Асылбек Бөдөшевдин атаандаштары эртең аныкталып, 22-августта күрөшкө чыгышат. Өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун айтымында жаш балбандар үчүн өкмөт тарабынан бардык шарт түзүп берилип, даярдык дурус болду. Эми анын жыйынтыктарын алдыдагы мелдеш көрсөтөт:

- Чынында каражаттын тартыштыгынан улам 11 жигитти гана Бээжиндеги дүйнөлүк таймашууга жөнөттүк. Бул жолу эркин күрөштөн кыздарды жибере алганыбыз жок. Быйыл бир айдын аралыгында эле үч чоң масштабдуу турнир болуп, бизге бөлүнгөн каражатты чыгымдап койдук. Кимиси байгелүү орунга жетет, аны алдыдагы мелдеш көрсөтөт. Бирок Азия чемпиондору Арсен Эралиев менен Курал Ордобаевден үмүт чоң.

Ошондой эле Бээжинде эркин күрөш боюнча дүйнө биринчилиги үчүн таймашуулар 24-августта башталат. Мында мурдакы дүйнө чемпионатынын байге ээси Ноорузбек Белеков, быйылкы уландар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Максат Жакшылыков, Алтынбек Алымбаев, Бекболсун Кушубаков жана жеңил салмакта Орозбек уулу Нурлан, 74 кг салмакта Максат Султанкулов Кыргызстандын намысын коргойт.

Ал эми Кыргызстандын тандалма мыкты балбандары 17-сентябрдан 22-сентябрга чейин Азербайжандын борбору Бакы шаарында өтчү дүйнө чемпионатына барышмакчы. Себеби бул таймашууда биринчи орундан сегизинчи орунга чейин жеткен балбандарга Бээжин олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат.