Кыргызстанда спорттук шаймандарды, жабдууларды чыгарган бир дагы ишкана, фабрика жок. Алыскы чет өлкөдөн алынып келинген жабдуулар сапаттуу болгону менен баасы кымбат. Ал эми базарда жайнап турган Кытай өндүрүшүнөн чыккан спорт шаймандар арзан болгону менен сапаты начар.
Совет доорунда “Илбирс” тор кийимдер фабрикасы баштаган бир нече ишканалар спорттук кийимдердин түрүн чыгарчу. Алардын сапаты дагы жогору, денеген да ыңгайлуу эле. Фрунзе, Ленин атындагы жана машина куруучу заводдордо айрым спорттук шаймандар жасалчу. Учурда анын бири жок.
Спорт ышкыбоздорунун күнү Кытай өндүрүшүнөн чыккан жабдууларга түшүп, баасы арзан болгону менен сапаты начар дешип наарызы болуп жүрүшөт. Чоң спорттогулар чет өлкөлөргө мелдештерге барганда ары карап ыйлап, бери карап күлүмсүрөп, аргасыздан сапаттуу шаймандарды, жабдууларды алып келишет. Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында учурда өлкө боюнча спорт шаймандары, жабдуулар жетишпейт. Бир күрөш килеминин баасы эле 3 миң евродон 10 миң еврого чейин жетет, ал эми бокс ринггинин баасы 15- 20 миң доллар. Кыргызстанга жок дегенде эле 30 ринг керек.
“Агым” гезитинин спорттук баяндамачысы Сурат Жылкычиевдин пикиринде спорттук шаймандарды сатып алып, аны сарамжалдуу пайдалануунун ордуна футбол дарбазасын таарып, талап-тоноп кеткен жагдайлар арбын.
Мурда кытай өндүрүшүнөн чыккан спорттук бут кийимдер абдан бышык болсо, учурда алардын “сырты жылтырак, ичи калтырак”. Тобу эки- үч тепкенден чыкпайт, кийимдери денеге аба өткөрбөйт, шаймандарынын сапаты төмөн. Кыргызстанда спорт жабдууларын чыгарган ишкана жокко эссе, дейт Сурат Жылкычиев.
Карапайым калк ошентип арзанына качырып, кытай, тайланд өндүрүшүнөн чыккан спорт шаймандарын алууга аргасыз. Себеби, сапаттуусунун баасы жогору. Мисалы, сапаты мыкты спорттук бут кийимдин баасы 2 миң сомдон 5-6 миң сомго чейин. Спорттук форма үстү жана шымы менен орточо баасы 3-4 миң сомго барабар. Жакшы футболканын орточо наркы миң сомдон ашат. Ошондой эле сапаттуу булгаары футбол тобунун наркы да 2-3 миң сомго жетет. Бишкекте бир гана “Күлүк” аттуу спорт товарларын саткан дүкөн бар. Базарларда деле спорт шаймандарын саткан ишкерлер саналуу гана.
Былтыр Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарына барган Кыргызстандын тандалма командасынын спорттук кийимдерин тендерди уткан жергиликтүү ишкерлер даярдаган. Алар тиккен спорттук кийимдердин сапаты начар болгондуктан, айрым таанымал спортчулар кийип чыгуудан уялышса, көбү бир жуугандан кийин ыргытууга аргасыз болушкан. Ошондуктан адистердин айтымында учурда спорттук жабдууларды, шаймандарды даярдап, сапаттуу кийимдерди тигип, бул тармакты колго алууга мезгил жетти.