Өзбекстанда келерки президенттик шайлоого жарым жылдан аз убакыт калды, бирок өлкөдө Ислам Каримовдун акыркы президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийинки адамга добуш берүүгө эч кандай даярдык көрүлгөнү байкалбайт. Бийликтер шайлоо тууралуу ооз ачыша элек, шайлоочулардын да бул тууралуу кабары жок.
Жахонгир 19 жашта. Ал Ташкендеги университеттердин биринде окуйт. Быйыл ал өмүрүндө биринчи жолу добуш бере турган жашка келди. Бирок жакын арада буга мүмкүнчүлүк болоорунан кабары жок:
- Тилекке каршы шайлоолор тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок. Мен 18ге чыктым, ошондуктан шайлоого катыша алаарымды гана билем.
Өзбекстандын конституциясы боюнча бир адам эки ирет гана мамлекет башчысы боло алат. Өлкөнү 1989-жылдан бери алгач компартиянын баш катчысы, кийин президент болуп башкарып келаткан Ислам Каримовдун экинчи мөөнөтү ушул декабрда бүтөт жана Олий Мажлис келерки шайлоо 23-декабрда өтөт деген резолюция чыгарган. Мыйзам боюнча, шайлоо өнөктүгү бул күндөн алты ай мурда, демек 23-июнда башталышы керек болчу. Бирок мындай жарыя жасалган жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кочкор Тогаев шайлоо боюнча конкреттүү эч нерсеге даярдык жок экенин бышыктады.
Өлкөнүн мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттарында да бул тууралуу сөз жок. Айрым көз карандысыз веб сайттар гана Каримовдун жакында региондорду кыдырышын шайлоо кампаниясынын башталышы деп болжолдошту, бирок президент өзү шайлоо туурасында ооз ачкан жок.
Көз карандысыз байкоочулар Каримовдун өзүнө мураскор даярдабаганын белгилешүүдө, ошондуктан алар референдум аркылуу президенттин бийлиги узартылышы мүмкүн деп боолголоп жатышат.
Анын аралыгында, өзбек оппозициясы өз ичинен кымгуут. Алардын Интернеттеги ит жыгылыш кармашы атыла элек аюнун терисин бөлүштүрүүгө киришкендей таасир калтырат. "Бирлик" партиясы президенттик шайлоого катышаарын мурда эле жарыялаган. Муну партиянын жетекчиси Исмоил Дадажонов Азаттыктын өзбек кызматына мындайча бышыктады:
- Бирлик партиясынын борбордук кеңешинин кеңейтилген жыйынында биз президенттик шайлоого катышууну чечкенбиз. Ал чечим күчүндө. Бирлик шайлоого катышат.
Ал эми Эрк партиясынын сүргүндөгү лидери Мухаммад Солих мындан бир жыл мурда өз колдоочулары тарабынан президенттикке талапкердиги көрсөтүлгөн. Бирок жакында Азаттык менен маегинде ал өз партиясынын планы өлкөдөгү кырдаалга жараша болоорун билдирди.
Өзбекстанда оппозициянын ишмердүүлүгүнө эч кандай мыйзамдык шарттын жоктугу жана ар кыл пикирлерди ачык билдирүүгө саясий форумдун түзүлбөгөнү каттоодон өтпөгөн саясий партиялардын өкүлдөрүнө президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Оппозиция мүчөлөрү ачык жана акыйкат шайлоо өткөндө биздин талапкер жеңип чыгат эле дешкени менен, бүгүнкү шайлоочулардын алар тууралуу анча кабары жок.
Мисалы ташкендик мына бул студент "Эрк", "Бирлик" партиясы жөнүндө укпаганын, Өзбекстанда расмий иштеген 3-4 партия жөнүндө гана билээрин мойнуна алды.
"Биз 1980-1990-жылдары активдүү иш алып барган партиялар тууралуу эч нерсе билбейбиз",- дейт ташкендик жигит.