Кенже Каранын «Семетейи» англисче чыкты

Кыргыздын дастанчылык өнөрүндө маанилүү саамалык болду. 20-кылымдын башында орус экспедициясы жаздырып алган Кенже Кара айткан "Семетейди" америкалык окумуштуу Даниел Прайор кагазга түшүрүп, компакт диски менен китеп кылып англис тилинде чыгарды.
Кыргызда манасчылардан тышкары, семетейчилер да болуп келген. Алардын бири солто уруусунан чыккан семетейчи Кенже Каранын 1903-жылда орус экспедициясынын мүчөлөрү тарабынан жазылып алынган үнү күнү бүгүнгө чейин изилденбей келген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кенже Каранын "Семетейди" айтканы, үзүндү


Бул тууралуу Кыргызстандын Илимдер Академиясынын Манас таануу борборунун кол жазмалар бөлүмүнүн жетекчиси Мурат Мукасов биздин кабарчы Аманбек Дилденбайга буларды билдирди:

- Смирнов жаздырып алган ошол аудиограмма, мен билгенден Кыргызстанда жок. Биздин радионун алтын фондусунда эң биринчи жазылган Молдобасандын гана тексти деп жүрөбүз. Андан мурунку тексттер жок. Болсо, ошол Смирнов жазып алган Москвада МОМдо жазылган текст бар. Анан кабарларга караганда, Манастын билерманы Самар Мусаевичтин айтканына караганда, ал текст ошол Москвада жарымы окулат дагы, жарымы окулбай өчүп калган, сапатын жоготкон.

Мына ушул унутта калган үн жазма бүгүн компакт диски менен англис тилинде китеп болуп чыкты. Германиядагы Харроссовитс басылмасынан жарык көргөн изилдөөнүн автору – АКШда Борбор Азиялык изилдөөлөр коомунун аткаруучу директору болуп иштеген Даниел Прайор.

- Бул чынында да бөлөкчө аткарылган чыгарма. Бизге белгилүү болгондон, Кенже Кара башкалардан өзгөчөлүү жана уникалдуу семетейчи болгон. Ал Саякбайдан бөлөкчө, ырдагандай созуп музыканын коштоосунда айткан.

Ошол эле убакта Сагымбайдын айтканы үн тасмага түшүрүлүп калбаганын эскерте кетишим керек. Кенже Каранын дастан айтуучулугу мага салмактуу жана ырдагандай ыргакка салып айткан Молдобасан Мусулманкуловдукун эске салат,-
деди Даниел Прайор.

Кыргыз тилин өздөштүрүп, "Манас" эпосун ар тараптуу изилдеп келаткан профессор Прайор 1990-жылдары ал тургай Манастагы Вилгелм Радлов жазып алган Бокмурун тууралуу бөлүгүндө айтылган жерлерди ат минип кыдырып келген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кенже Каранын «Семетейи» англисче чыкты


Прайор Кенже Каранын үн тасмасын 12 жыл изилдеп, кыргыз изилдөөчүсү Ишемби Оболбековдун көмөгү менен кагазга түшүрүп, нотасын жазгандан кийин, өткөн жылдын этегинде китеп түрүндө окурмандарга тартуулады.

Кенже Каранын аткаруусунан 17 жарым мүнөттүк үзүндү гана жазылып алынган экен. Андан дастанчылык өнөрү акыркы кылымда бир топ өзгөргөндүгүн байкоо мүмкүн. Мисалы дастанды кыяктын кошоосунда айтуу өнөрү бүгүн кыргызда жок болуп кеткен.

- Адаттан тышкары, бул киши Семетейди кыяктын коштоосу менен айтчу экен. Негизи Манас, Семетей комуз, аспаптар менен коштоп айтылбайт. Ошол үзүндү Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү, андан тышкары, Ак бала жөнүндөгү ыр деген чыгарманы Смирнов үн жазгычка жаздырып алган экен,- дейт Мурат Мукасов.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Манас таануучу Кенже Кара тууралуу


Кенже Каранын Семетей айтуусунун дагы бир өзгөчөлүгү бүгүн Алтай, Сибирдеги кыргызга тектеш элдердегидей көмөкөй менен айтылган. Мындай өнөрдүн айрым элементтери бүгүн акындар төмөнкү тембрде созуп ырдаган ырларда гана үзүл-кезил сакталып калган.

Кенже Кара тууралуу орус экспедициясынын мүчөлөрүнүн бири, семетейчинин сүрөтүн тартып калган Смирновдун жазма түрүндө калтырган эскерүүлөрүнөн Мукасов буларга токтолду:

- "Тери тон кийген, шуңшуйган калпагы бар, куржун кармаган жалпак кыргыз шашпай аттан түштү. Боз үйгө киргенде калпагын алып, топучан калды. Малдаш токунуп отуруп, куржундагы аспабын (кыл кыягын) алып чыгат. Биздин скрипкага окшош экен" деп айтканы бар.

Ал эми Кенже Каранын аткаруучулук өнөрү тууралуу орус угуучулардын эскерүүсү тууралуу Мукасов мындай дейт:

- Кыягын кылдыратып, тартып, ырдап баштайт экен. Кекиртек менен ырдалган үн музыканын өзүнө ылайык келип, жарашып турду дейт. Ырдап атканда кишини карабайт экен дейт. Көкүрөгү, бүт дүйнөсү ошол ырга берилип, ошону менен алаксып калат экен дейт.

Ал эми Даниел Прайор Кенже Каранын аткаруусун уккан орус угармандары ага "тескери эстетикалык мамиле кылышканын" белгиледи. "Тескери эстетикалык мамиле" дегенди чечмелеп берүүсүн сураганымда профессор буларга токтолду:

- Орус угуучуларынын бирөөсү жазып калтырган эскерүүдөн шилтеме келтирсем, "бул биз үн деп эсептеген түшүнүккө жатпаган добуш экен. Жапайы жаныбарлардын улуп, уңшуганын эске салды. Көмөкөйүнүн түпкүрүнөн чыккан добушту музыка деп айтуу мүмкүн эмес эле. Мындай ыр балким талаа-түзгө жарашмак, бирок биз отурган бөлмөдө ал жапайы жана таң калыштуу угулду" деген пикир айтты. Шилтемени ушул жерден токтотсом. Ал убактагы билимдүү, маданияттуу орустар музыканы Батыштык стандарт менен аныктаган, ошондуктан Кыргызстандын элдик музыкасын алар эч нерсеге салыштыра алышкан эмес.

Профессор Прайордун айтымында, бул үн тасманын көчүрмөсүн ал биринчи жолу Бишкектеги Борбордук Архивдин Фонограмма жана Кинематография бөлүмүнөн уккан, бирок анын сапаты өтө начар болгондуктан, Санкт Петербургга барып, Пушкиндин үйү деп аталган Орус адабият институтунда сакталып турган түп нускасынан көчүрүп алган.

Cүрөттө:
1. Кенже Каранын орус экспедиция мүчөсү Смирнов тарткан сүрөтү
2. Профессор Даниел Прайор