ҮСӨН КУДАЙБЕРГЕНОВДУ ЭСКЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН ЭРЕЖЕСИЗ ЭР КАРМАШ

23-24- июнда Бишкектеги мамлекеттик цирктин аренасында белгилүү каскадер, режиссер Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган эрежесиз эр кармаш боюнча Евразиянын жетинчи чемпионатынын таймаштары өтүүдө. Кечээ цирктин имаратына бома коюлган деген жалган маалыматтын айынан чуру- чуу чыгып, текшергичекти мелдеш эки саатка үзгүлтүккө учурады. Бул панкратион мелдешине Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын балбандары катышууда.
Өлкөнүн эрежесиз эр кармаш же панкратион федерациясынын жетекчиси Эдил Молдалиевдин айтымында, байгеге сайылган каражаттын аздыгынан украиналык, өзбекстандык, москвалык мушкерлер чемпионатка келишпеди. Кыргызстандан дагы мурда убада кылган демөөрчүлөрдөн болгону экөө гана «Шоро» фирамсы менен «Алканов и К» компаниясы гана колдоого алды.

Мелдеш жаңы гана кызып келатканда чемпионатты уюштуруу тобунун жетекчиси Юрий Бобков «цирктин имаратына бома коюлуптур деген маалымат түштү. Ошондуктан коопсуздук үчүн сыртка чыгууну өтүнүп, мина издегичтер келип текшеришет» дегенде залдагылар дароо сыртка чыгышты. Ички иштер жана коопсуздук кызматкерлери цирктин имаратын курчоого алышып, атайын мина, бома издегичтер эки саатка чукул жардыргыч затты издеп таба алышкан жок.

Панкратион таймашынын күйөрманы көкжаңгактык Сыргак Сартовдун пикиринде, мелдешке кирүү баасы 600- 800 сом болгондуктан кире албай калгандар, федерациянын ишин көрө албагандар бомба коюлду деп элди дүрбөтүп, мелдешти үзгүлтүккө учуратууну көздөп, жалган маалымат таратышкан.

«Балким мамлекеттик коопсуздук кызматы атайын машыгуу сыяктуу иш-чара өткөрүшү дагы ыктымал»- дейт Сыргак Сартов.

Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын кыркка жакын балбаны мыктыларды иргеп алуу таймаштарында күч сынашты. Биринчи эле беттешүүдө алматылык Бейбий Назаров нарындык Чыңгыз Бектемировду жеңип алды.

Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Азиянын эки жолку чемпиону, атбашылык Алмаз Акун рингге эки ирет чыгып, экөөндө тең атаандаштары алматылык Динмухамед Азимов менен караколдук Дмитрий Черновду көтөрүп уруп, муунтуу ыкмасы менен 20-30 секундда утуп, чейрек финалга чыкты.

Евразиянын жана Азиянын эки жолку чемпиону, кызыл кыялык Замир Сыргабаев да эки беттешүүдө жеңишке жетишип, чейрек финалга катышууга жолу ачылды.

Эрежесиз эр кармаш же панкратион боюнча жыйырма жуп беттешип, мыктылары иргелип калды. Алардын катарында Казакстандан Бейбий Назаров, орусиялык Владимир Кученко, бишкектик Бактыбек Бекбоев, Бекдайыр Төлөков,Төлөгөн Сарыков, Улан Эралиев, оштук Дүйшөн Төрөкулов, Нурланбек Алымбеков жана башкалар баш байге үчүн 24-июнда таймашууга чыгышты.

Спорт күйөрманы Сапарбек Тилек уулунун пикиринде үч өлкөнүн мушкерлерин чогултуу менен мелдешти Евразия чемпионаты деп атоого болбойт.

Мурдатан бери панкратион федерациясынын жарнактарында жарыяланган Орусиянын
«Крестоносцы», «Бригада», «Турецкий гамбит» жана башка кинотасмаларын койгон режжиссер жана каскадерлер Александр Иншаков менен Валерий Дергач Бишкекке келишкен жок.

Мелдешти эрежесиз таймашуу деп каймана айтышканы менен күч сынашуунун өз эрежеси, тартиби, тыюу салынган ыкмалары бар. Беттешүү 5 мүнөттөн 2 раундга созулуп, көздү чукуп алууга, тиштөөгө, кекиртектен үзөө кармап, коколоого жана баш менен сүзүүгө болбойт.

Бул панкратион мелдеши байыркы гректер доорунда пайда болуп, мушташ жана күрөш ыкмалары айкашып колдонулуп келген. Биздин эрага чейинки 648- жылкы байыркы гректердин 33-олимпиадалык оюндарынын курамына кирген.

Кыргызстанда панкратион федерациясы 1996- жылы түзүлүп, ошондон бери он беш эл аралык таймашуулар өткөрүлүп, чет мамлекеттердеги мелдештерге да кыргызстандыктар катышып жүрүшөт.