Бүгүн 11-майда түшкө чейин Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн 3 салмак категория боюнча таймашуулар улантылды. Мында кытайлык, монголдук жана жапондук балбан кыздар баш байге талапкер болушту. Бүгүн кечинде кыргызстандык Нурзада Шайлообаева менен Асел Иманалиева Азия чемпионатынын коло медалы үчүн мөрөй талашууга чыгышат.
Бүгүн 11- майда кыз-келиндер эркин күрөш боюнча 51, 59 жана 67 кг салмактар боюнча атаандашууга чыгып, мыктылар иргелди. Мында 51 кг салмакта Кыргызстандын намысын Нурзада Шайлообаева коргоп, биринчи беттешүүдө тайланддык Хнефкан Нораденин далысын килемге таза тийгизип, ишенимдүү уткан. Экинчи беттешүүдө Казакстандын намысын коргоп жаткан кыргыз кызы Жылдыз Эшимова- Түркбаева менен Нурзада курөшүп, биринчи эки мүнөттө утканы менен кийинки чечүүчү бөлүктө утулуп калды. Эгерде Нурзаада Жылдызды жеңип алганда алтын байгеге талапкердин бири болмок. Ошентип Нурзада Шайлообаева кечинде Азия чемпионатынын коло медалы үчүн кытайлык Лио Ронг менен килем үстүндө күч сынашат.
Кыргызстандык машыктыруучулар шарт түзүп бербегендиктен Казакстанга кетип, эми Азия чемпионатынын алтын байгесине талапкердин бири болгон кыргыз кызы Жылдыз Эшимова-Түркбаева Алматыда мыкты шарт түзүлгөнүн, башкы максаты Пекин олимпиадасына жолдомо алып, байгелүү орунга жетүү экенин билдирди. Жылдыз бүгүн кечинде баш байге үчүн жапондук Шивата Мизихо менен күрөшкө чыгат.
59 кг салмакта кыргызстандык Юля Борисова биринчи беттешүүдө эле өзбекстандык Саламат Күчимовага утулуп, Азия чемпионатынын мелдешинен четке чыгып калды. Бул салмакта Азия чемпиондугу үчүн кечинде кытайлык Яанг Сенлиян менен монголдук Нармандах Дорж күч сынашат.
Ал эми 67 кг. салмакта кыргызстандык Асел Иманалиева бүгүн кечинде Азия чемпионатынын коло медалы үчүн монголдук Цедендорж менен күрөшөт. Бул салмакта баш байгеге кытайлык Чен Менг менен казакстандык Дарья Карпенко талапкер болушту. Кимиси финалда утса ал Азия чемпиону аталат.
Кыргызстандык балбан кыз Асел Иманалиеванын айтымында Азия аймагында кыздардын эркин күрөшкө кызыгуусу күч алып баратат. Ал эми Кыргызстанда чет элдикиндей шарт жок. Чоң мелдештерге катышпагандыктан тажрыйба, чеберчилик жетишсиз болуп жатат.
“Кыргыз кыздар бул спортко эркин күрөшкө анча маани бербегени өкүндүрөт. Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүгү бар кыздар бар, бирок шарт жок. Эми Бакудагы дүйнө чемпионатында Пекин олимпиадасына жолдомо алуу башкы максатым. Анан Пекиндеги олимпиадалык оюндарда байгелүү орунга жетсем деген тилегим бар,-” дейт Асел Иманалиева.
Ал эми 12-13 майда грек-рим күрөшү боюнча 2007- жылдын Азия чемпиондору аныкталып, күч сынашуулар болмокчу.