АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: КЫТАЙ, ЖАПОН, КАЗАКСТАН, МОНГОЛИЯНЫН БАЛБАН КЫЗДАРЫ АЙЫРМАЛАНУУДА

Бүгүн 10- майда кыз- келиндер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатынын таймашуулары башталды. Бүгүн 4 салмак категориясы боюнча кыз- келиндердин таймашууларында казакстандык, кытайлык, монголдук жана жапондук балбан кыздар баш байгеге талапкер болушту. Кыргызстандык үч кыз коло байге үчүн күрөшкө чыгат.
9- май күнү эркин күрөш боюнча эркектердин арасында Азия чемпионаты жыйынтыкталып, жалпы командалык биринчиликти Иран, экинчи орунду Кыргызстан ээледи.

Бүгүн 10- май күнү Азия чемпионатынын кыз- келиндери эркин күрөш боюнча 48, 55, 63 жана 72 кг. салмактагы күч сынашуулары болуп, мыктылар иргелип баш байгеге талапкерлер аныкталды.

Кыргызстандын намысын жеңил салмакта Айзада Жаналиева коргоп, жаштык кылып тайланддык атаандаштарына алдырып коюп, мыктылар сабына кошулбай калды. Бирок кечинде Айзада түштүк кореялык Жанг-Хо-Сон менен коло байге үчүн таймашууга чыгат. Эгерде утуп алса, Азия чемпионатынын коло медалынын ээси болмокчу. Бул жеңил салмактын баш байгеси үчүн монголдук Инхжаргал Цогтвадрах менен тайландык балбан кыз Суниса Клахан күч сынашат.

55 кг салмакта кыргызстандык Кубатбек кызы Гүлина да мыкты ийгилик жарата албады. Бирок кечинде казакстандык Ольга Смирнованы Гүлина утса Азия чемпионатынын үчүнчү орунун камсыз кылышы ыктымал. Бул салмакта Азия чемпиондугу үчүн финалда жапон Йошида Саори менен кытайлык Су Лихун килем үстүндө таймашууга чыгышат.

63 кг салмакта кыргызстандык Сарыгул кызы Элзат да мыктылардын сабына кошула албай калды. Ал алгачкы ирет мындай чоң мелдешке катышып жаткандыктан биринчи беттешүүдө эле өзбекстандык Гүлмира Исматовага утулду. Ушул салмакта Азия чемпионатынын алтын медалы үчүн казакстандык Елена Шалыгина менен кытайлык Ху Хайян мөрөй талашууга чыгышат.

72 кг салмакта Азиянын көп жолку жеңүүчүсү, 14- жана 15- Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова бул ирет күйөрмандардын үмүтүн актай албады. Ал алгачкы таймашууда эле казакстандык Ольга Жаныбековага алдырып койду. Ольга баш байгеге талапкер болуп, бардык атаандаштарын жеңгендиктен Яна Панованын коло байге үчүн күрөшүүгө жолу ачылды. Эми кечинде кыргызстандык Яна Панова монголиялык Наранчимед Гележамц менен үчүнчү орун үчүн күрөшөт.

Азия чемпионатынын финалына чыккан казакстандык балбан кыз Ольга Жаныбекова таймашуулар курч мүнөздө өткөнүн, мурда төрт ирээт Азияда үчүнчү орунду ээлеп, арманда жүргөнүн, эми алтын медалды жеңүүгө аракет кылаарын билдирди.

Казакстандын эркин күрөштөн кыз- келиндер командасынын улук машыктыруучусу Саржан Жакшыбековдун пикиринде Бишкектеги Азия чемпионатынын кыздар таймашуулары курч мүнөздө өтүүдө. “Бүгүн Казакстандык эки кыз алтын байгеге талапкер болсо, дагы эки балбан кыз коло медаль үчүн күрөшөт”,- деди Саржан Жакшыбеков.

Бүгүн кечки саат алтыдан сегизге чейин кыз- келиндер 48,55, 63 жана 72 кг салмактарда финалда күч сынашып, Азия чемпиондору аныкталганы турат.

Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу Руслан Искеновдун айтымында кытайлык, казакстандык , жапондук жана монголдук кыздардын даярдыгы дурус экен, Азия аймагында кыздардын эркин күрөшкө кызыгуусу күч алып баратат. "Бирок кыргыз кыздар бул спортко анча маани бербегени өкүндүрөт”,- дейт Руслан Искенов.

11- майда кыз-келиндер 51, 59 жана 67 кг салмактар боюнча атаандашууга чыгышат. Мында Кыргызстандын намысын Нурзада Шайлообаева, Юля Борисова жана Асем Иманалиева коргоого аракет кылышмакчы.

Ал эми 12-13 майда грек-рим күрөшү боюнча 2007- жылдын Азия чемпиондору аныкталып, таймашуулар болмокчу.