АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЭКИНЧИ КҮНҮНДӨ ИРАНДЫК, ЖАПОНДУК БАЛБАНДАРДЫН ЖОЛУ БОЛДУ

9-майда Бишкектеги эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Ирандык жана Жапониялык балбандардын жылдызы жанып, Азия чемпиону болушту.
9 - май күнү Азия чемпионатынын эркин күрөш таймашуулары жыйнтыкталды. Бул күнү кечинде 55, 66, 84 жана 120 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуулары болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Кыргызстандын намысын коргогон жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Турарбек уулу Нурлан, Артуш Таңбулак, жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Самат Толубаев жана Бекбоосун Кушубаков да ийгилик жарата албады.

Кечиндеги таймашуулардын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду: 55 кг. жеңил салмакта жапондук Сайто Масаши менен казакстандык Асет Серикбаев баш байге Азия чемпиондугу үчүн таймашып, жапониялык Масашинин чеберчилиги жогору бааланды.

66 кг. салмакта Азия чемпионатынын алтын медалы үчүн ирандык Хасан Тахмаси менен индиялык Сушил Кумар килем үстүндө күч сынашты. Натыйжада ирандык Хасандын жылдызы жанып, Азия чемпиону аталды.

84 кг. салмактын финалына ирандык Меди Мансори менен монголиялык балбан Гангориж чыкты. Мында дагы ирандык балбан Меди Мансори Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.

Эркин күрөш боюнча 20-Азия чемпионатынын эр-азаматтарынын оор салмактагы чемпиону үчүн финалга казакстандык Марип Муталимов менен ирандык Фардин Масуми Фалади чыгышып, курч таймашууда акыркы көз ирмемде 3:2 эсебинде ирандык Фалади утуп, Иран мамлекетине үчүнчү алтын медалды тартуулады.

- Алдыдагы максатым Бакуда күзүндө өтө турган дүйнө чемпионатында Пекин олимпиадасына жолдомо алып, эмдиги жылы Пекинде олимпиада чемпиону болуу, - деди Бишкектен Азия чемпиону болгон ирандык балбан фардин Масуми Фалади.

Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин пикиринде кыргызстандык балбандар экинчи күнү кечээкидей ийгилик жарата алышпады. Себеби эки балбан жаракат алып, мелдешти уланткан жок.

Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэль Мартинетти күрөштү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ФИЛАнын алтын ордени менен Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Мурат Саралиновду сыйлады. Эл аралык күрөш федерациясынын күмүш ордени менен өлкөнүн күрөш федерациясынын вице- президенттери Мелис Тургунбаев менен Бейшен Абилдаев сыйланды. Кыргыз уландарынан алгач ирет спорт чебери болгон, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Сарыгул Чекиров ФИЛАнын коло орденине татыктуу болду.

10-май күнү кыз- келиндер арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын мелдештери болмокчу. Бул күнү кыз- келиндер 48,55, 63 жана 72 кг салмактарда күч сынашып, Азия чемпиондору кечинде аныкталат.

Кыргызстандын намысын жеңил салмакта Айзада Жаналиева, 55 килодо Кубатбек кызы Гүлина, 63 кг салмакта Сарыгул кызы Элзат жана 72 кг салмакта Азиянын көп жолку жеңүүчүсү. 14- жана 15- Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова коргойт. Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу Базарбек Чаловдун айтымында кыздардын даярдыгы дурус, Яна Панова үмүт жандырып турат.

11- майда кыз- келиндер 51, 59 жана 67 кг салмактар боюнча атаандашууга чыгышат.

Ал эми 12-13-майда грек-рим күрөшү боюнча 2007- жылдын Азия чемпиондору аныкталып, таймашуулар болмокчу.