Кытай Эл республикасынын Тайан-Кытай шаарында 3-майда болгон оор атлетика боюнча Азия чемпионатында кыргыз жигити Руслан Капаев алтын медалды жеңип, чемпиондук наамды алып, жеңиш менен кайтып келди. Азиянын экс-чемпиону Улан Молдодосов бул ирет күмүш медаль тагынды.
Азия контингентиндеги 22 мамлекеттин улуттук курама командалары толук катышкан Азия чемпионатына Кыргызстан беш балбанды эптеп жиберген. Мелдеш учурунда 300гө жакын спортчулар арасында кыргыз жигиттери жакшы даярдыктарын көргөздү. Натыйжада 85 кг. салмактагы оор атлетчилердин күч сынашуусунда 2005- жылы Азия чемпиону болгон эл аралык спорт чебери Улан Молдодосов бул ирет дагы күмүш медаль тагынып кайтты. Ал 150 кг. салмакты жулкуп көтөрсө, 187 кг. салматы түртүп багындырды.
Кыргызстандын оор атлетика боюнча тандалма командасынын капитаны Улан Молдодосов жаштар жана чоңдор арасында Азия чемпиону, мурдакы жылдары Азия чемпионатынын коло байгесин үч ирет жеңген. Ошондой эле Сауд Арабияда өткөн ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюнунда алтын медалдын ээси болгон. Улан былтыр студенттер арасында дүйнө чемпиону аталган.
“Эми сентябрда Тайландда өтө турган дүйнө чемпионатында Пекин олимпиадасына жолдомо жеңип алуу башкы максатым“ - дейт Улан Молдодосов.
Быйылкы Кытайдагы Азия чемпионатында кыргыз журтчулугун кубаныткан спорт чебери Руслан Капаев болду. Ал 94 кг. салмактагы чоюн билек балбандардын куч сынашуусунда кытайлык, кореялык, ирандык, казакстандык чебер атаандаштарын артка калтыруу менен Азия чемпионатынын алтын байгесин утуп, 2007- жылдын Азия чемипону аталды. Ал жулкуп көтөрүүдө 158 килограммды, түртүп көтөрүүдө 195 кг. оордукту багындырып, биринчи орунду камсыз кылды. Азиялык атаандашуу курч мүнөздө өткөнүн, Казакстандын жетекчилери бардык шарт түзүп беребиз дешип чакырып жатканын, Кыргыз туусун гана көтөрүү ниети бардыгын Руслан Капаев билдирди.
Кыргызстанда оор атлетиканын салты уланып, кыргызстандык балбандар дүйнөлүк таймашта дагы кыргыз өңүн таанытууга мүмкүнчүлүгү бардыгын, жигиттерге шарт түзүп берүү керектигин эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык калыс Өмүржан Молдодосов белгиледи.
Азия аймагында кытайлык, кореялык жана ирандык спортчулар сан-сапат жагынан күчтүү экенин эске алсак бирде ач, бирде ток болуп жүрүп алтын медалга ээ болгон Руслан Капаев Кыргызстанды эл аралык аренага таанытты. Бул Азия чемпионатына беш жигитти баштап барган улук машыктыруучу Үсөн Майназаров мындай деди:
"Азия чемпионатына 7 жигитти даярдагам. Каражат маселеси кендирди кесип айла жоктон беш балбанды алып баруу менен Кытайдын командасы менен бирге машыгууга туура келди. Шакиртим Руслан алтын медаль жеңип бергенде бардык кыйынчылыктар унутулуп калды. Дүйнөдөгү эң күчтүү делген кытайлык, корялык жана ирандык балбандарды Руслан артка калтырды. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнө чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло элек. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да биздин жаштарга камкордук көрүп чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок. Жаштарга учурунда көңүл бурулбагандыктан башка мамлекеттерге же тармактарга кетип калууда."
Эгерде бул жаштарга азыртан камкордук болбосо Казакстанга Азия оюндарынын алтын жана коло медалдарын жеңип берген Бакыт Ахметовдой болуп башка жактарга кетип калышы да толук ыктымал. Себеби бул жигиттерди 2008- жылы Пекинде боло турган олимпиадалык оюндардын баш байгелерине негизги талапкерлер экендигин Азия оор атлетика федерациясынын башкы катчысы Али Мурадил да баса белгилеген.
Келечегинен көптү үмүттөндүргөн Бакыт Ахметовго учурунда Кыргыз спорт жетекчилер шарт түзбөй, карабай коюшканда, ал Казакстанга кетип калган. Бакытка алар абдан жакшы шарт түзүп беришкен. Айына 1 миңден ашуун доллар стипендия алып турат. Казакстандык ишкерлер Бакытка Алматыдан үй, «Мерседес» жана «Лада» үлгүсүндөгү жеңил машинаны белекке беришкен. Ошентип, кыргыз спорт жетекчилери учурунда колдогу «алтынды» барктабай, азыр өкүнүп жүрүшөт.
Кыргызстандык жигиттер, бир туугандар Азиянын чемпиондору Кутман Молдодосов, Руслан Капаев жана Улан Молдодосовго дагы көз салып, казактар өздөрүнө чакырып, бардык шарт түзүп берүүгө убада кылышууда.
Ал эми кыргызстандык жигиттер айрым учурда каражат жоктугунан эл аралык мелдештерге, дүйнө кубогуна барбай калып жүрүшөт. Себеби быйыл күзүндө Тайланд өлкөсүндө оор атлетикадан дүйнө чемпионаты болмокчу. Бул таймашууга кыргызстандык балбандар барып, арбын упай топтосо, эмдиги жылы Пекинде өтчү олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат.
Кыргыз спорт жетекчилери Азия чемпиону Руслан Капаевге сыйлык катары 50 миң сом, Азиянын күмүш медалы үчүн Улан Молдодосовго 30 миң сом ыйгарып, ийгиликтерди каалашты.