КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЛУ БОЛБОДУ

4-февралда кечинде Кытайдын Чанчунг шаарында алтынчы кышкы Азия оюндарынын жабылыш салтанаты болуп, жетинчи кышкы Азия оюндарын өткөрүү эстафетасы Казакстандын Алматы шаарына тапшырылды.
Жети күнгө созулган алтынчы кышкы Азия оюндарында спорттун 10 түрү мөрөй талашууларда баш байгени оюн ээлери кытайлыктар колдон чыгарган жок. Экинчи орунду жапондуктар ээледи. Байгелүү үчүнчү орунду түштүк кореялыктар камсыз кылышты. Борбор Азиянын намысын бул ирет да Казакстан өлкөсү коргоп, алты алтын медаль утуп, төртүнчү орунду ээледи. Казактандык спортчулар биатлон, лыжа жарыштарында, хоккей мелдештеринде жогорку чеберчиликтерин көрсөтүштү. Өзбекстандык көркөм муз тебүүчүлөр Артем Князев менен Марина Аганина коло байгени утуп алышып, өлкөсүн бешинчи орунга чыгарышты.

Алтынчы кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан биатлон, тоо лыжасы жана сноуборд боюнча 8 спортчу катышып, чеке жылытаарлык ийгилик жарата алышкан жок.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында мурда үч жолку кышкы Азия оюндарына өлкөнүн атынан орусиялык жана казакстандык спортчулар катышса, бул жолу алтынчы кышкы Азия оюндарына жалаң кыргызстандык спортчулар мөрөй талашып, тажрыйба топтой алышты.

Былтыр Италиянын Турин шаарында өткөн 20 - кышкы олимпиадалык оюндарга катышкан Иван Борисов да тоо лыжасынын слалом түрүнөн алдыңкылар сабына кошула албады. Ал марага жыйырма биринчи болуп келип, үмүттү актаган жок. Биатлон таймаштарында Саламат Жумагулов менен Александр Керимов мындай ири мелдешке алгач ирет катышкандыктан ийгилик жарата алышпады. Кыргызстандык сноубордчулар кышкы Азия оюндарында өз өнөрлөрүн менен тааныла албады.

Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө жаратылыш шарты болгону менен өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келгени кышкы Азия оюндарында айкын көрүндү. Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Бектур Асановдун айтымында эми Алматы шаарында төрт жылдан кийин өтө турган жетинчи кышкы Азия оюндарына азыртан даярдык көрүү зарыл.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркуловдин пикиринде өлкөдө кышкы спортту өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарт бар, бирок жетекчилер көңүл бурбай келүүдө.

Азия аймагындагы I кышкы оюндардын оту 1986-жылы Жапониянын Саппоро шаарында алгач ирет жагылып, ага 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Ошондон бери төрт жылда бир ирет үзбөй өткөрүлүп келатат.

Кытай Эл республикасында ушуну менен экинчи ирет кышкы Азия өткөрүштү. 1996-жылы Кытайдын Харбин шаары болгон үчүнчү кышкы Азия оюндарында мурда Советтер курамында жүргөн Борбордук Азия өлкөлөрү өз алдынча команда болуп катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Эми 2011- жылы жетинчи кышкы Азия оюндары Казакстандын Алматы шаарында болмокчу. Мында Кыргызстандан арбын спортчу катышууга мүмкүн болоорун спорт адистери айтышууда.