АЗИЯ ОЮНДАРЫ: БАСМА СӨЗ БОРБОРУНАН БАРДЫК ЖАККА КАБАР БАРАТ

Кабыл Макеш, Доха 30-ноябрда Доха шаарынын борборунда жайгашкан башкы басма сөз борборунда болуп, журналисттерге түзүлгөн шарттар менен тааныштым. Спорт журналисттери үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, чет өлкөлүк таанымал телерадио компаниялар, спорттук маалымат каражаттары өзүнчө бөлмөлөргө жайгашып, алар үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр абдан жакшы түзүлгөн.
Мурдагы Азия оюндарына салыштырмалуу башкы басма сөз борборунун кенендигин, ыңгайлуулугун байкадым. Конференция залдары, интернет байланыштары, тейлөө сервистери учур талабына шайкеш. Басма сөз борборунан өзбекстандык, казакстандык кесиптеш спорт журналисттерине да жолуктум.

Өзбекстандан 15-Азия оюндарына 255 спортчу келсе, алардын мелдештерин атаандаштарын чагылдыруу үчүн учурда 6 журналист Дохага келишти. Ал эми Казакстандан 300дөн ашуу спортчу 15-Азия оюндарына катышып жатса, алардын мелдештерин, таймашууларын чагылдыруу үчүн 10 спорт журналисти Доха шаарында жүрүшөт. Бул башкы басма сөз борборунан кытайлык, япониялык, түштүк кореялык, Индия, Тайланд, Иран жана башка өлкөлөрүнөн арбын журналисттер келгенин байкадым.

Ал эми Кыргызстандан 122 спортчу катышып жатса, алардын күч сынашууларын кыргызстандык спорт күйөрмандарына кабарлоо үчүн болгону 2 журналист Доха шаарында жүрөбүз. Анын бири Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясынын спорт баяндамачысы Кубан Атабеков. Биздин байкообузга караганда Катар өлкөсүндө Сидней, Афина жайкы олимпиадасынын Бангок, Пусанада өткөн жайкы Азия оюндарын уюштурган адистери 15-Азия оюндарын өткөрүүгө кеңеш берип жардамдашып жүрүшөт. Негизинен тейлөө кызматында индиялыктар, малайзиялыктар, филиппиндер жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү иштеп жүргөнүн байкадык.

30-ноябрда бандбинтон мелдештери улантылды. Футболдон кыз-келиндердин командалары кечинде беттешүүлөргө чыгышат. Спорт тенниси боюнча дагы Өзбекстандын кыз-келиндер командасын Түндүк Корея жеңип алды. Ал эми жигиттерден стол тенниси боюнча таймашууларда түштүк кореялыктар Катар өлкөсүнүн жигиттерин утуп алууга жетишти.

30-ноябрда 15-Азия оюндарынын волейбол боюнча дагы алгачкы беттешүүлөрүндө кытайлык кыздар вьетнамдыктардын командасын 3:0 эсебинде утуп алууга жетишти.