Астанада ушул күндөрү сабырдуулукка жана диний эркиндиктерге арналган дүйнөлүк диний форум өтүп жатат. Үч күндүк жыйынга 45 өлкөдөн диний ишмерлер жана динаятчылар чакырылган. Бул форум Казакстан өзүн аркылуу өзүн ар кыл диндерге жана маданияттарга түшүнүүчүлүк менен мамиле кылган өлкө катары көрсөтүүнү максат кылат, бирок укук коргоочулар казак бийликтеринин сөзү иши менен дал келбей жаткандыгын айтышууда.
Диний жыйын башталаардын алдында казак президентинин маалымат катчысы Мухтар Кул-мухаммад Казакстанда саясий стабилдүүлүк жана диний эркиндиктер болгон үчүн, ушундай жыйынды өткөрүүгө мүмкүн болуп жаткандыгын айтып, өлкө бүт дүйнөгө үлгү боло алаарына басым жасады.
Үч күндүк жыйын Астанадагы жаңы түшкөн "Тынчтык жана ынтымак" сарайында катуу кайтарууда өтүп жатат. Ага исламдын, христиан, буддизм, индуизм, иудаизм жана башка диндердин өкүлдөрү чакырылган.
12-сентябрдагы ачылыш жыйынында британиялык эпископ Николас Бейнес илимдин заманында диний ишенимдердин таасири кайрадан өсүп жатканына токтолду:
– Мындан 20 жыл мурда, канчалаган киши диндин күнү бүттү деп айтышчу. Алар агартуучулук өз жемишин берип, "диний үрп-адаттардын" бардыгы өзүнөн өзү жок болот дешкен. Бүгүн мындай пайгамбарлар алапайын таппай, жиндери кайнап турган кез- деп айтты британиялык динаятчы.
Ал сөзүн улап, бүгүн дин адам коомундагы эң маанилүү факторлордун бири катары таанылды деп ырастады. Ошол эле мезгилде ал динди дүйнөдөгү жаңжалдарга байланыштыруу аракети күч алганына өкүнүчүн билдирди.
Дин менен жаңжалдардын маселесин башкалар да улантышты. Израилдин башкы Ашкенази раввини Жона Мецгер көптөгөн террористтик топтордун Исламдын байрагым көтөрүп жүрүшөөрүн айыптады. Ал эми Бириккен араб эмираттарынан келген бул өлкөнүн Исламдык иштер агенттигинин атайын өкүлү Мансур ал-Минхали шейх Астана конгрессинин максаты динди жаңжалдардан ажыратууга салым кошуу болушу керек деген кыяста сүйлөдү:
– Айрым жерлерде жаңжалдар диндин жана ишенимдердин атынан жүргүзүлүп жатат. Динге жамынып алып, башка максаттарды көздөгөндөр Кудайдын атынан согуштарды жүргүзүп келатышат. Дүйнөлүк жана салттуу лидерлердин ушул жыйынынын максаты, алар мындай түшүнүктөрдү жоюп, мындай тенденцияларга каршылык көрсөтүшү керек.
Жыйында бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да сөз алды. Ал Астанада дүйнөлүк маданияттарды жана диндерди изилдей турган эл аралык борбор түшүүгө чакырды.
Арийне, Казакстан төгөрөктүн төрт бурчунан диний ишмерлерди чакырып, диний эркиндиктерди сөз кылганы менен, өлкөдө бир катар диний агымдар кысмыкка алынууда. Ослодо жайгашкан Форум-18 уюмуна ылайык, бийликтер Харе Кришна тобунун Алматынын жанындагы борборун жабууга аракет жасоодо. Жакында бул уюм Жогорку Сотко кайрылып, бирок конфискацияланган эки имаратрын кайтарып ала алган жок. Харе Кришнанын өкүлдөрү аларды жергиликтүү бийликтер "террордук" уюм деп мүнөздөгөнүн билдиришкен.
Казак бийликтери баптисттердин жамааттын каттоодон баш тартып келатат. Ал эми Индияда 1920-жылдары негизделген тынчтык мүнөздөгү Исламдык Таблиги Жамаатына айып салынып, мыйзамсыз миссионердик иш жүргүзөт деген шылтоо менен артынан аңдууга алынган.