Кыргыз спорттунун тарыхында уландар жана кыздар арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты Бишкек шаарында алгачкы ирет өткөрүлүп жатат.
Былтыр Өзбекстандын Наманган шаарында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын акыл таймашында кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин баш байгенин ээси болуп, өлкөнүн тарыхында алгач ирет Азиянын алтын медалын тагынган.
Кыргыз жергесинде шахмат боюнча Азия чемпионаты өткөрүлсө деген жаштардын тилеги кабыл болуп, өткөн жекшембиде Бишкектеги Ысыккөл мейманканасында уландар жана кыздар арасында Азия чемпионаты башталды.
Акыл таймашына шахмат державалары катары таанылган Индия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын алтымыштан ашык улан- кыздар катышууда. Азия чемпионатынын алчачкы беттешүүлөрүнүн жыйынтыктары жана Кыргызстандын намысын кимдер коргоп жатканы тууралуу өлкөнүн шахмат федерациясынын башкы катчысы, эл аралык калыс Жекшен Алыбаев айтып берди.
-Учурда Кыргызстандын намысын мурдакы Азия чемпионаттарында байге алган жаш шахматчылар Семетей Төлөгөн тегин, Асыл Сыдыков, Азамат Козубаев, Самат Давлетбаков, кыздардан Жаңыл Тиленбаева, Айжаркын Чыңгыз кызы баштаган улан- кыздар коргоп жатышат. Жигиттер биринчи турду жакшы баштап, алгачкы атаандаштарын утуп алышты. Кыздардан экөө утулганы менен дагы алдыда 8 оюн бар. Эгемендүү өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет шахматтан Азия чемпионатын уюштуруп жаткандыктан мүчүлүштөр да кетпей койбойт экен.
Азия чемпиондугу үчүн 9 тур беттешүү болмокчу. Биринчи турдун жыйынтыгында кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин атаандашын утуп былтыркы Азия чемпиондугун сактап калууга аракет кылууда. Бишкектеги 70- мектептин 9- классынын окуучусу, былтыркы Азия чемпиону Семетей Төлөгөн тегин «максатым дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстанды таанытуу» дейт:
Азия чемпионатынын алдында эч кандай командалык машыгуу, даярдыктар болбогонун, ар ким өз алдынча камылга көргөнүн Азия чемпиону Семетей Төлөгөн тегин кошумчалады.
- Быйыл даярдык ойдогудай деп айтуу кыйын. Мурдакы жылы каражат табылбай Сингапурдагы Азия биринчилигине барбай калдык. Шахматтан кыргыздар да кыйын экенин, акылдуу экенин таанытсам деймин. Алгачкы беттешүүнү уттум, дагы 8 тур таймашуу алдыда турат. Былтыркы Азия чемпиондугумду сактап калуу үчүн көп упай топтоп, жакшы ойношум керек.
Азия чемпионатына катышып жаткан чет өлкөлүк командаларга жакшы шарттар түзүлүп берилгени менен кыргызстандык шахматчыларга өгөй мамиле болуп жатканын Семетейдин машыктыруучусу жана атасы Төлөгөн Исаев белгиледи.
-Былтыр уулум Семетей Азиянын чемпиону болуп келсе да эч бир жетекчи кабыл алып, көңүлүн сурап да койгон жок. Эми чет өлкөлөрдөн келген командалар «Ысыккөл» мейманканасына жайгашып, аларга жакшы шарт түзүлүп жатса, кыргызстандык шахматчылар көңүл сыртында калып жатабыз. Көп эле жолу Азия, дүйнө чемпионаттарына катышып жүрөбүз. Мелдешти уюштурган өлкө биринчи кезекте өз командасына мыкты шарт түзүп, камкордукка алат. Биздин командада болсо коллективдүү дух, биримдик жок. Анан кантип ийгилик, медаль болсун.
Азия чемпионатынын алгачкы беттешүүлөрүндө казакстандык жаш шахматчылар ийгиликке жеткенин машыктыруучу Мухит Давлетбаев белгилеп, мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулганын кошумчалады.
Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү 10-сентябрда аныкталат. Учурда 2 турдун акыл таймаштары улантылып жатат.