КӨК БӨРҮ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТ КУБОГУН “БӨРҮЛҮҮ” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ

31-августта Бишкектеги «Аккула» атмайданында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 15 жылдыгына карата өлкөнүн президентинин көкбөрү боюнча кубогуна арналган эл аралык мелдешинин жана жорго салыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгени жана кубокту Бишкектин «Бөрүлүү» командасына президент Курманбек Бакиев өзү тапшырды.
Быйылкы Президенттин кубогуна арналган эл аралык турнирге Нарын, Талас, Ош, Чүй облусттарынын командалары жана Казакстандын 2 командасы катышты.

Президенттин кубогунун баш байгеси үчүн таймашууну көрүү үчүн “Аккула” ат майданына президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчысы Феликс Кулов, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров баш болгон жетекчилер, депутаттар жана башка көкбөрү күйөрмандары келишти.

Жетинчи ирет өткөрүлүп жаткан президенттин кубогунун финалдык беттешүүсүнө укук алышкан Чүй облусунун “Аракет” командасы менен Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы биринчи таймда абайлап ойношуп, эсепти ача алышкан жок. “Аракеттин” жигиттери канчалык эсепти ачууга кылган аракетинен майнап чыкпады.

Экинчи таймда мелдештин биринчи улагын “Аракет” командасынын чабуулчулары Эрмек Шекитов менен Улан Жапаров экөөлөп тайказанга салып, оюндун эсебин ачты.

Үчүнчү таймда гана Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасы эсепти теңдей алышты. Мында “Бөрүлүүнүн” чабуулчусу Улан Асакеев улакты тайказанга таштап жатып, өзү да аттын башынан алыс кетип, оңкобаш атып жыгылды.

Натыйжада негизги оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, көкбөрүнүн эрежеси боюнча кошумча убакытта ким биринчи тайказанга улакты таштаса жеңиш ошол командага ыйгарылат. Кошумча убакытта Бишкек шаарынын “Бөрүлүү” командасынын чабуулчусу Улан Асакеев дагы айырмаланып эсепти 2:1 кылуу менен командасына утуш алып берди.

Мелдештин жалпы байге фондусу үчүн өкмөт казынадан 3 млн. сом каражат бөлгөн. Баш байгени жеңип алышкан Бишкек шаарынын ички иштер башкармасынын “Бөрүлүү” командасына президент Курманбек Бакиев Кубокту жана 1 млн. сом акчалай сыйлыкты өзү тапшырды. Бабалардан мурас болгон көкбөрү оюну эл аралык деңгээлде таанылып баратканын айтып, президент Курманбек Бакиев күйөрмандарды, калкты эгемендүүлүктүн 15 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Экинчи орунду ээлеген Чүй облусунун “Аракет” командасына 700 миң сом байгени мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров ыйгарды.

Үчүнчү орунду Казакстандын Алматы облусунун “Жетисуу” командасы ээлеп, 500 миң сыйлыктын ээси болушту. Мелдешке катышкан 9 команданын баары акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

“Аракет” командасынын улакчысы Урмат Мусаев турнирдин “мыкты оюнчусу” аталып, 10 миң сом байге алды. “Мыкты чабандес” деген сыйлык казакстандык Мустафа Эртаевге ыйгарылды.
Ал эми жорго салыштын баш байгеси- 100 миң сомду Ысыккөлдүн “Патрон” аттуу жоргосу менен биринчи орунду ээлеген Кемелбек Ашыралиев алды.

Экинчи орунга таластык саяпкер Жакыпбек Идирисовдун “Падышах” аттуу жоргосу татыктуу болду. Ага 80 миң сом байге ыйгарылды.

Тоң районунун “Мансат” аттуу жоргосу марага үчүнчү болуп келип, 60 миң сомдук сыйлыкка арзыды. Жорго таптаган саяпкерлерге акчалай сыйлыктарды өкмөт башчы Феликс Кулов тапшырды.