Күн өткөн сайын футбол боюнча дүйнөлүк таймашуулар курчуп баратат. Бүгүн, 12-июнда кечинде Германияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын таймашууларына “F” тобунда Австралия менен Жапония беттешсе, “Е” тобунда АКШ менен Чехия жана Италия менен Гана өлкөлөрүнүн командалары алгачкы күч сынашууга чыгышат. Көгүлтүр экран аркылуу дүйнө чемпионатына кыргызстандык күйөрмандар да назар салышууда.
Кыргызстандык спорт күйөрмандардын көпчүлүгү Иран өлкөсүнүн футболчуларын сүрөөнгө алышканын, алар бир нече ирет каталыктарды кетирүү меен мексикалыктарга 3:1 эсебинде жеңилип калышканын өкүнүү менен айтышты.
Ошондой эле кечээ күнү футбол талаасында өз чеберчилигин далилдеп, мыкты оюн көрсөтө алат деген ишенимди голландиялыктар менен португалиялыктар актай албай койгондугун да белгилешти. Үч күндүн жыйынтыгы боюнча мыктыларды аныктоо эртелик кылаарын, дагы таймашуулар, күтүлбөгөн оюндар алдыда экенин кыргызстандык айрым күйөрмандар мындайча айтып беришти.
Ишен: Финалга Бразилия менен Германия чыгат. Быйыл Германия чемпион болушу ыктымал. Себеби өз үйүндө ойноп жатышы чоң мүмкүнчүлүк түзуп, күйөрмандар сүрөөнгө алышат. Мен өзүм украиналыктарга күйөрман болуп турам.
Кутпидин: Бразилия кайрадан алтынчы ирет чемпиондугун сактап калат. Франия финалда аларга утулуп, экинчи болот. Оюн ээси Германия үчүнчү орунду ээлейт. Азия өлкөлөрү начар ойноп жатышы, бул аймактын футболунун деңгээлинин төмөн экенин айгинелеп турат.
Кайрат: Бул жолку дүйнө чемпионатын көргөн кыргыз жаштарынын футболду сүйүүсү тереңдеп, бизде да бул спорттун өнүгүшүнө таасирин тийгизет деп ойлойм. Себеби жакында эле Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Малайзияда тажиктерди утуп, Азиялык кубокту утуп келбедиби?!
Германияда дүйнөлүк кубок үчүн таймашып жаткан 32мамлекеттин кимдер алдыга чыгат, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн?
Мына ушундай суроолорго кыргызстандык футбол күйөрманы, студент Жанболот Чытырбаев өз пикирин мындайча билдирди:
"Мага өзгөчө Чехия өлкөсүнүн футболчуларынын оюну, чеберчилиги жагат. Көңүлүмө толгон беттешүү Германия менен Коста- Риканын ортосундагы таймашуу кызыктуу болду. Алар мыкыт оюн көрсөтө алышты. Мындан сырткары Швеция менен тең чыгып, өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтө алышкан Тринидад Тобаго өлкөсүнүн футболчуларынын манерасы жакты. Алар өз тобунан суурулуп, алдыга чыгышы мүмкүн. Финалга Чехия, Германия, Англия жана Франция өлкөлөрү чыгып, Европа мамлекеттеринен ушулардын бири чемпион болот".
Дүйнөлүк футбол чемпионатында Азиянын командаларын сүрөөнгө алып, бирок азырынча алар үмүттү актабай жатканын турганын Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтты.
-Азия өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Азиялыктар дене түзүлүш, даярдык жагынан европалыктардан калышпайт экен. Бирок тактикалык жактан аларга алдырып коюп жатат. Эми кореялыктар, жапондуктар жана сауд арабиялыктардын оюндарын көргөндөн кийин дагы баа берсек болот. Азияда футболго өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын дүйнөлүк таймашуу аныктап жатат.
Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү кайрадан Бразилия командасы болушу мүмкүн экенин өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаев айтып, ага теңдеш атаандаштар жок дейт.
"Быйылкы чемпионатта Бразилияга Европа командалары тең келе албайт. Бул ирет финалга да Бразилия жана Германия чыгып, оюн бразилиялыктардын утушу менен аяктайт. Чыныгы футболду бразилиялыктар көрсөтөт."
Дүйнөлүк чемпионатты түз алып, айрым учурда көчүрүп жазып коюп көрсөтүп жаткан Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын берүүлөрүнүн сапаты начардыгын бишкектик күйөрман Адыл Акматов белгилеп, НБТ телеканалынан көрүп жатканын кошумчалады.
Учурда Германия, Эквадор, Англия, Аргентина, Голландия, Мексика жана Португалия өлкөлөрү алгачкы беттешүүлөрдө утуп чыгышып, ар бири үчтөн упайга ээ болушту. Дүйнөлүк мелдеште ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Ошон үчүн мурдатан бул команда же тигил өлкө жеңүүчү болот деп айтуу азырынча эртелик кылат. Себеби алдыда дагы таймашуулар, күч сынашуулар турат.