Күн өткөн сайын футбол боюнча дүйнөлүк таймашуулар курчуп баратат. Бүгүн, 11-июнда кечинде Германияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын таймашууларына Сербия жана Черногория менен Голландия, Мексика менен Иран, Ангола менен Португалия өлкөлөрүнүн командалары чыгышат. Көгүлтүр экран аркылуу дүйнө чемпионатына кыргызстандык күйөрмандар да назар салышууда.
Бир айга созулчу мелдеште 8 топко бөлүнгөн 32 улуттук команда дүйнөнүн кубогу үчүн күч сынашат. Учурда беш оюн болуп өттү. «А» тобунда дүйнө чемпионатынын кожоюндары германиялыктар алгачкы беттешүүну ийгилик менен баштап, косторикалыктарды жеңип, 3 упай менен алдыга чыкты. Кийинки оюнда Польша менен Эквадор өлкөсүнүн футболчуларынын беттешүүсүндө африкалыктар алгачкы сенсация жаратуу менен польшалыктарды 2:0 эсебинде утуп алышкан. Кечээки эки оюндун жыйынтыктары тууралуу «Заман Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев өз пикирин мындайча билдирди:
- Мага өзгөчө Кот-Д Ивуар өлкөсүнүн футболчуларынын оюну, чеберчилиги жакты. Көңүлүмө толгон беттешүү болду. Алар Аргентинага 2:1 эсебинде утулуп калышса да, мыкыт оюн көрсөтө алышты. Мындан сырткары Швеция менен тең чыгып, өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтө алышкан Тринидад Тобаго өлкөсүнүн футболчуларынын ойноо стили, манерасы купулума толду. Алар өз тобунан суурулуп, алдыга чыгышы мүмкүн.
Германияда дүйнөлүк кубок үчүн 32 мамлекеттин кимдер алдыга чыгат, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Мыкты футболчу ким болушу ыктымал? Мына ушундай суроолорго кыргызстандык футбол күйөрмандары өз пикирлерин билдиришти:
Эрмек: - Финалга Бразилия менен Португалия же Бразилия менен Германия чыгат. Быйыл Португалия да чемпион болушу ыктымал.
Айбек: - Бразилия кайрадан алтынчы ирет чемпиондугун сактап калат. Франия финалда аларга утулуп, экинчи болот. Ал эми Германия үчүнчү орунду ээлейт.
Кутман: -Бул жолу да бразилиялыктар баш байгени алтынчы ирет жеңип алаарына ишенем. Башынан эле алардын куйөрманы болуп жүрөм.
Дүйнөлүк футбол чемпионатында Азиянын командаларын сүрөөнгө алып, бирок украиналыктарга ийгилик каалап турганын күйөрман Мурат Дүйшөналы уулу айтты:
- Андыктан, футболго өтө көп көңүл бурулуп, бул бизнестин бир түрүнө айланды. Азия өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Украинага күйөрман болуп, ийгилик каалап турам.
Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү кайрадан Бразилия командасы болушу мүмкүн экенин өлкөнүн футбол федерациясынын басма сөз катчысы Кемел Токбаев айтып, ага теңдеш атаандаштар жок дейт:
- Азыркы футбол өтө ылдам өнүгүп,мурдакыдай романтикалуу футбол жоголду. Мурда бир мыкты футболчу оюндун тагдырын жалгыз чечип койчу. Быйылкы чемпионатта Бразилияга Европа командалары тең келе албайт. Бул ирет финалга да Бразилия жана Германия чыгып, оюн бразилиялыктардын утушу менен аяктайт.
Быйылкы дүйнөлүк чемпионатта кайсы футболчунун жолу болуп, жылдызы жанышы мүмкүн? Көпчүлүк күйөрмандар бразилиялык Рональдино Европанын жана дүйнөнүн мыкты оюнчусу деген наамын актоого далалат кылат, дүйнөнүн мыкты футболчусу болот деген пикирлерди айтышууда.
Украиналык Андрей Шевченко да жакшы оюн көрсөтүү үчүн бардык күчүн жумшайт деп айткандар да арбын. Быйыл мыкты оюнчу наамын алууга дилгир кеминде 15 футболчу бар. Дүйнөлүк чемпионатта балким, буга дейре белгисиз жаш оюнчу жарк этип суурулуп чыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк мелдеште ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Ошон үчүн мурдатан мыкты оюнчу тигил же бул болот деп айтуу азырынча эртелик кылат. Себеби алдыда дагы таймашуулар, күч сынашуулар көп.