ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШКЕ КЫРГЫЗСТАНДАН 80 КҮЙӨРМАН БАРАТ

Бүгүн, 9-июнда кечинде Германиянын Мюнхен шаарында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземи болуп, биринчи беттешүү Германия жана Коста-Рика улуттук командаларынын ортосунда болмокчу. Бир айга созулчу мелдеште 8 топко бөлүнгөн 32 улуттук команда дүйнөнүн кубогу үчүн күч сынашат. Дүйнөлүк футбол таймашууларын көрүүгө кыргызстандык күйөрмандар да барышат.
Германияда дүйнөлүк кубок үчүн 64 беттешүү болмокчу. Эл аралык футбол федерациясы Германиядагы футбол таймашууларын көрүү үчүн дүйнөнүн улуттук футбол федерацияларынын ар бирине 250 билет бөлгөн. Кыргызстанга ыйгарылган 250 билетти жергиликтүү 80 күйөрман сатып алышып, өздөрү каалаган оюндарга барышаарын, жарым финалдык оюндун билет наркы 400 евро, ал эми финалдык беттешүүнү көрүү наркы 600 евро болгонун өлкөнүн футбол федерациясынын аткаруучу катчысы Акматалы уулу Максат билдирди.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынан «Дордой» футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков уулу Улугбек экөө, Рысбек Мааткабылов, Айбек Осмоналиев, «Шоро» футбол клубунан Табылды Эгембердиевдин уулу баштаган 80 күйөрман Германиядагы таймашууларды көрүү үчүн барышат.

Ошондой эле алардын катарында аттарын, ысымдарын атабоону суранган парламенттин бир нече депутаттары да бар.

Топ жарып 32 мамлекеттин кимдер алдыга чыгат, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Мыкты футболчу ким болушу ыктымал?
Мына ушундай суроолорго кыргызстандык футбол күйөрмандары өз пикирлерин билдиришти.

Эрмек: - Финалга Бразилия менен Португалия же Бразилия менен Германия чыгат. Быйыл Португалия чемпион болушу ыктымал.

Айбек: - Бразилия кайрадан алтынчы ирет чемпиондугун сактап калат. Франция финалда аларга утулуп, экинчи болот. Ал эми Германия үчүнчү орунду ээлейт.

Дүйнөлүк футболдун өзгөчөлүгү жөнүндө Нарындын “Дордой- Динамо” командасынын машыктыруучусу Мурат Дүйшөналиев ой бөлүшөт:

-Көпчүлүк машыктыруучулар, адистердин баамында футбол тез ойнолуп калды. Оюндун ыргагы тез болгондуктан футболисттердин жүгү оорлоп, түйшүгү көбөйдү. Футбол мурдагыга салыштырганда бир кыйла ылдам оюнга айланды. Андыктан, футболго өтө көп көңүл бурулуп, бул бизнестин бир түрүнө айланды. Өтө тездик менен өнүгүп баратат.

Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү кайсыл команда болушу мүмкүн экенин өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Кадыр Чыныбековдун айткан божомолу:

- Азыркы футбол өтө ылдам өнүгүп,мурдакыдай романтикалуу футбол жоголду. Азыр бардык командалар техникалык жана тактикалык эрежени аткарууга жанталашып турушат. Мурда бир мыкты футболчу оюндун тагдырын жалгыз чечип коюшчу. Быйылкы чемпионатта Бразилия менен Аргентина Европа командаларына тең келе албайт. Бул ирет финалга Англия, Франция жана Германия чыгып, үчөөнүн бирөө утат.

Быйылкы дүйнөлүк чемпионатта кайсы футболчунун жолу болуп, жылдызы жанышы мүмкүн?

-Менин оюмча, бразилиялык Рональдино Европанын жана дүйнөнүн мыкты оюнчусу деген наамын актоого далалат кылат деп ойлойм,- “ дейт өлкөнүн студенттик спорт кеңешинин жетекчиси Шаршен Касенов.

Украиналык Андрей Шевченко да жакшы оюн көрсөтүү үчүн бардык күчүн жумшайт деп айткандар да арбын. Быйыл мыкты оюнчу наамын алууга дилгир кеминде 15 футболчу бар. Дүйнөлүк чемпионатта балким, буга дейре белгисиз жаш оюнчу жарк этип суурулуп чыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк мелдеште ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Ошон үчүн мурдатан мыкты оюнчу тигил же бул болот деп айтуу азырынча эртелик кылат.

Бүгүн, дүйнө чемпионатынын алгачкы беттешүүсү Мюнхен шаарындагы жаңы курулган 60 миң орундуу стадиондо Германия жана Коста- Рика өлкөлөрүнүн футболчуларынын таймашуусу менен башталат.

Ошондой эле бүгүнкү экинчи оюнда Польша менен Эквадор өлкөлөрүнүн командалары беттешет.