ИСТАМБУЛДА ДА БЕШБАРМАК БАР

Кечээ эле көпчүлүк билбеген борбор азия элдеринин тамак-ашын бүгүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн кездештиребиз. Гамбургдагы орус ресторанында манты жасашат. Нью-Йорктогу "Тандуриде" Борбор азиялык чүйгүн аштын баары бар. Санкт-Петербургда жердешибиз Медер Төлөгөнов "Алмаз" деген ресторан ачкан, анда бешбармак, чүчвара заказ берсеңиз болот. Мына эми жакында Истамбулда да бешбармак, гүлчөтай жасаган ресторан пайда болду.
Зейтун-Бурду ооданындагы "Түркистан Суфрасын" жердешибиз Рашида Супашева агасы Абдурашит менен өткөн ноябрда бирге ачышкан. Эмне себептен көп миллиондуу шаардын дал ушул тарабын тандап алганын сураганымда Рашида мага буларды айтып берди.

-Дал ушул ооданда биз жактан кишилер көп экен - Казакстандан, Кыргызстандан, өзбектер, түркмөндөр, уйгурлар. Биздин тамак-ашты түрктөр жакшы билбейт. Ушул дубанда ачсак, биздин жердештер түрк досторун ээрчитип келсе, жергиликтүү эл да биздин тамак-ашты билип калат деп ойлодук,-дейт Рашида.

Рашида Түркияда Эгей университетин текстил жаатында бүтүрүп, кийин Анкара университетинде Бизнести башкаруу боюнча МБЭй дипломун алган. Агасы Бишкекте көп жылдар ресторандарды башкаргандыктан, Истамбулда да ушул жаатта иш баштоону чечишкен экен.

Алар ачкан ресторандын кардарларынын арасында студенттер, коммерсанттар, Түркияга ишке келгендер бар. Жергиликтүү элден окумуштуулар, бизнесмендер көп келишет. Зейтун-бурду тери иштеткедердин ооданы деп саналат. Борбор Азияга кызыккан саясатчылар да көп келишет.

Рашида Истамбулда окуган жердештеринин колдоосуна айрыкча ыраазы.

-Кыргызстандык студенттер бизди жакшы колдошот. Мен аларга аябай ыраазымын. Бир иш-чара болуп калса, сөзсүз бизди чакырышат, бизге да заказ беришет,-дейт Рашида.