КЕРЕМЕТ ҮКӨК : МУСТАФА ЧОКАЙДЫН РОЛУН КЫРГЫЗ АКТЕРУ АТКАРАТ

Ушул күндөрү Чехиянын баш калаасында казакстандык белгилүү режиссер Сатыбалды Нарымбетов жүрөт. Ал Түркестан автономиясынын алгачкы төрагасы, Экинчи Дүйнөлүк согуштун алгачкы жылында Германияда сырдуу жагдайда каза тапкан Мустафа Чокай тууралуу фильмдин экинчи сериясын тартууга даярдык көрүп жаткан экен. Бул көркөм фильмде башкы ролду кыргыздын жаш актеру Азиз Бейшеналиев аткарат. Фильмдин башкы операторлору да кыргыздар. Сакен Нарымбетовду Азаттыктын Прага студиясында Жаңыл Жусубжан сөзгө тартты. Казакстан менен Франциянын мамлекеттик сыйлыктарын алган режиссер алды менен Мустафа Чокайдын бейнесине токтолду. Cүрөттө : Кыргыз актеру Азиз Бейшеналиев Мустафа Чокайдын ролунда
Сакен Нарымбетов: Узак жылдар бою Мустафа Чокайды Гитлердин кол чокмору, Гитлерге кызмат жасаган деп бизге жамандап келишкен. Биз Мустафа атабыз тууралуу фильм тартаар алдында көп архивдик документтерди карадык. Анын аялы Мария Чокай деген опера ырчысы орус болгон. Мария Чокай күндөлүк жазган, чоң китеп чыкты, аны казакчага которушкан. Мына ушуларга таянып, сценарий жаздык. Биздин максатыбыз Мустафа атабыздын образын актап алуу. Бул эки сериялуу чоң фильм. Бир сериясын Казакстанда тарттык, экинчисин Прагада тарталы деп жатабыз. Мустафа атабыздын бейити Берлинде жатат, ал жакка да барабыз. Ал жалаң казактын автономиясы үчүн гана күрөшпөстөн, бүткүл түркий элдердин башын кошуп, Түркистан мамлекетин курууну эңсеген, бирок ал тилегине жеткен жок, Сталин менен Ленин жеткирген жок. Анын ролун бүткүл кыргыз-казактын улуу актеру Болот Бейшеналеивдин уулу Азиз Бейшеналиев аткарат. Фильмдин бюджети 3 миллион, бирок бул аз. Себеби Европада кино тартыш жана өтө кымбат. Европалык актерлорго да көп акы төлөйбүз.

Жаңыл Жусубжан: Кыргыз актерун арзан болгон үчүн тандап алдыңыздарбы?

Сакен Нарымбетов: Арзан болгон үчүн эмес, Азиз Бейшеналиевдин аурасы мыкты, кудай берген таланты бар.

Жаңыл Жусубжан: Кыргыз киносунун бүгүнкү абалына кандай баа бересиз?

Сакен Нарымбетов: Кыргыз киносун мен өзүмдөн бөлүп карай албайм, анткени мен кинодогу өмүрүмдү кыргыз киносунда баштагам. Менин төрт фильмимде Советбек Жумадылов ойногон. Ал киши мага дос да, байкем да болгон. Мен өндүрүшкө келген күнү бүткүл студия тамашалайт "мына, Нарымбетовдун кыргыздары келатат, кыргыздардын бригадасы келатат" деп.

Мустафа тууралуу фильмде эки оператор болсо, экөө тең кыргыз – Мурат Алиев менен Касан Кыдыралиев. Кыргыз киносу өлгөн жок. Актан Арым Кубат деген жигит бар. Ал экөөбүз фильмдерибиз менен дүйнөнү далай араладык, өтө таланттуу жигит. Эрнис Абдыжапаров, Марат Сарулу деген жигиттер бар. Ошондуктан кыргыз фильми тукулжурап калды деп айта албайм. Бир гана өкүнүчтүүсү - өкмөттөн акча аз.

Жаңыл Жусубжан: Кыргыз киносуна казак туушкандар жардам бере алабы?

Сакен Нарымбетов: Өзүбүзгө жетпей жатат. Бирок биз Актанды фильм тартканга чакырганы жатабыз. Биздин Эрнис Турсунов деген соавторубуз бар. Экөө "Келин" деген фильмдин сценарийин жазып бүтүштү. Күзүндө чакырып алабыз кино тартканга. Ортодо байланыштар бар.

Жаңыл Жусубжан: Ошентип сиз казак киносунда кыргыздарга бригадир турбайсызбы?

Сакен Нарымбетов: Ооба, мен бригадир болдум.

Жаңыл Жусубжан: Кыргыз киносу өлгөн жок деп айттыңыз, албетте сиздей чоң режисердун оозунан чыккан мындай жылуу сөз кубандырбай койбойт. Прагада сапарыңыздар байсалдуу болсун.