КЫРГЫЗСТАНДА ТУРИЗМДИ ЧАГЫЛДЫРГАН ЖУРНАЛИСТТЕР БИРИКМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ

Кыргызстанда туризм темасын чагылдырган журналистер ассоциациясы түзүлүп, бул тармакка кызыккандардын башын бириктирди. Анткени,гезит, журналдарда, телерадио берүүлөрдө туризм темасы учкай гана баяндалып жүрөт.Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик мүмкүнчүлүгү жөнүндө дүйнө коомчулугуна кабарлап, бул тармактын көйгөйлөрүн чагылдырып турган атайын гезит, журнал, маалымат каражатынын жоктугу рекламаны аксатып турат. Ошондуктан өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министрлиги бул кемтикти толуктоо максатында туризм темасына адистешкен журналисттердин ассоциациясын түзүү демилгесин көтөрүп чыкты.
Жаңы түзүлгөн ассоциация ушул тармакта иштеген коомчулукту, маалымат каражаттары тармагынын кызматкерлерин бириктирип, туризмдин негизги өзгөчөлүктөрүн, багыттарын терең түшүндүрмөкчү.

Аталган коомдук уюмдун жетекчилигине «Аргументы и факты» жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемесинин башкы редактору Турат Акимов бир добуштан шайланды. Ал адегендеги эле ишин туризм көйгөйлөрүнө арналган тегерек стөл талкуусунан же семинар өткөрүүдөн баштарын билдирди.

-Ошондо иш алып баруунун багыттары аныкталып, такталып калат. Экинчиден, туристтерди тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатуу маселесине көңүл буруу керек. Казакстанда Ысыккөлгө эс алууга каршы антиреклама жүрүүдө. Кыргызстанды биз кызык кылып көрсөтүүбүз керек. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда жолду оңдоп, жаңыдан салуу көйгөйлөрүн көтөрүп чыгуубуз зарыл. Жолдон чет өлкөлүк автоунааларды себеби жок токтотуп, тоной бермей адатты коюш керек. Ысыккөлгө инвестиция алып келүүгө кызыгдар, дилгир чет элдик бизнесчилери арбын. Алардын куруп койгон эс алуу жайларын эртең тартып албайт деп кепилдик болчу мыйзам актыларын кабыл алуу маселелерин көтөрүп чыгуубуз жана башка толгон токой көйгөйлөрдү чагылдырып туруубуз керек,-деди Турат Акимов.

Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев Кыргызстанда туризмдин өсүп-өнүгүшүндө маалымат каражаттарынын мааниси чон экенин белгиледи.

-Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Маалыматтан аксап турабыз. Реклама, маркетинг кызматын колго албай жатабыз. Ал үчүн каражат тартыш, ошондуктан журналисттердин жардамына муктажбыз. Туризмди журналистикасыз элестетүүгө болбойт. Бири-бирибизди колдон келишинче колдоп, эриш-аркак иштөөбүз керек. Чет өлкөлүк туристтерге Кыргыз туризмин тартуулап, өзгөчөлөнгөн улуттук этнографиялык, ат, боз үй, аңчылык, рафтинг жана башка туристтик кызматтарды сунуш кылуубуз керек. Мына ушундай милдеттерди аткарууда өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын ролу жогору,-дейт Турусбек Мамашев.

Чынында сонку жылы Ысыккөлдө эс алуучулардын саны кескин азайып кеткен. Былтыр чет өлкөлөрдөн 650 миң турист Кыргызстанга келген. Жыйында Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү тууралуу сунуш- пикирлерди журналисттер айтышты. Өлкөнүн туристтик аймагы менен таанышып чыгуу үчүн журналисттер үчүн саякат уюштуруунун зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле ар жыл сайын туризм тематикасын чагылдырган 5 мыкты журналисти аныктап турмак да болушту.