Кабыл Макешов, Бишкек Раатбек Санатбаев 8-январда жалданма киши өлтүргүчтөрдүн аткан огунан каза болду.
Окуя Бишкекте кечки саат сегиз ченде болгон. Раатбек Санатбаевди Бишкектеги жетинчи кичирайондогу инисинин үйүнө кирип бара жатканда аркасынан атышкан. Бир нече жолу атылган ок денесине жана башына тийген. Жанында эч ким жок жалгыз жүргөн экен. Ок атылып Раатбек жыгылганын жакын жердеги дүкөндөгү адамдар көрүп калып, бир туугандарына кабар беришкен. Бирок, Раатбек Санатбаев ооруканага жетпей жан берген.
Раатбек Санатбаев 36 гана жашта болчу. Ал грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Азия оюндарында эки жолу күмүш байге ээси болуп эл-журтка таанылган. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргыз жаштар сыйлыгынын лауреаты. Соңку мезгилде Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеп келген. Маркумдун артында эки эркек, бир кызы калды.