АТАКТУУ СПОРТ ИШМЕРИ КАДЫРБЕК АТАКАРАЕВ ЖАЙЫНА КОЮЛДУ

Кабыл Макешов, Бишкек 7-январда өлкөнүн дене тарбия жана спорт агенттигинин аппарат башчысы, Кыргызстандын кичи футбол ассоциациясынын башкы катчысы жана чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кадырбек Атакараевдин сөөгү жерге берилди. К.Атакараев жашында мыкты футболчу аталган, өлкөнүн кичи футболунун өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон инсан катары журтуна таанымал эле.
Учурунда өзү директор болгон Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кадырбек Атакараев менен спорт коомчулугу, дос-туугандары коштошуп, маркумду акыркы сапарына узатышты.

Ал өлкөдөгү кичи футбол ассоциациясын уюштуруп, биринчи президенти болгонун, Кыргызстандын Азия аймагына таанылышына салым кошконун ушул уюмдун учурдагы жетекчиси Сагын Бозгунбаев белгиледи:

-Өлкөдө кичи футболдун кеңири жайылышына, өнүгүшүнө Кадырбектин салымы зор. Ал түгүл былтыр Азия чемпионатында өлкөнүн тарыхында биринчи болуп командабыз коло байгелүү болуп, кыргыз туусу обого көтөрүлүшүнө Кадырбек чоң салым кошкон. Кыргыз спорт тармагы оор жоготууга учурап, кабыргабыз кайышып турат.

Кыргызстандын футболунун өнүгүшүнө салым кошкон Кадырбек Атакараев 1960-жылы Талас шаарында туулуп өскөн. Сегиз жашынан баштап футбол менен машыгып, Бүткүл союздук “булгаары топ” мелдешинин финалында Кыргызстандын намысын коргогон Таластын “Манас” командасынын катарында ойногон. Учурунда балдар арасындагы СССРдин биринчилиги аталган бул мелдеште командасына 1973-жылы коло медаль, 1974-жылы күмүш байге утуп алууга үлүш кошкон. Кадырбектин балалык чагын алгачкы устаты, учурда Бишкек шаардык спорткомитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов мындайча эскерет:

- Кадырбек мага 2-класста окуп жүргөндө келип, окуучулук кезинде эле жөндөмдүү футболчу катары таанылган. Жаштар арасында өлкөнүн тандалма командасынын мүчөсү болуу менен эки жылдай учурунда белгилүү «Алга» командасынын курамында ойногон. Дене түзүлүшү, тактикалык даярдыгы мыкты футболчу катары жетилген. Учурунда балдар арасында СССРдин биринчилиги болгон «булгаары топ» таймаштарында байгелүү орундарды ээлеген Таластын «Манас» командасынын мыкты жарым коргоочусу эле. Андан кийин дагы спорт тармагында жетекчилик кызматтарда иштеп, жөндөмдүү уюштуруучулардын бири болду. Алдыга койгон максаттары арбын эле, аткарылбай калды..

46 жаштагы спорт ишмери, маркум Кадырбек Атакараев 5-январда Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясы жүрүп жаткан учурда жаңы түзүлгөн Кыргызстандын чөп үстүндөгү хоккей федерациясын ушул уюмга мүчөлүккө кабыл алууну талап кылып жатып, күтүлбөгөн жерден жүрөгү токтоп, мүрт кетип, каза болгон.

Кадырбектин бөлөсү Сазыкбай Турдумалиев анын адамгерчилик сапаттарын эскерип, мындай деди:

Экөөбүз куштун эки канатындай, эгиз козудай ээрчишип чоңойдук эле. Жан адамга жаманчылыгы жок, жакшылыкка умтулган берен эле. Сенин өмүрүн эми балдарыңа өрнөк болсун. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, бир боорум.

Кадырбек Атакараев Кыргыз дене тарбия институтун бүтүрүп, эмгек жолун Таласта мектепте дене тарбия мугалими болуп баштаган. Талас облусттук спорт комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы, Талас шаарындагы №90 кесипчилик техникалык окуу жайынын директору болуп иштеген. “Кыргызстан-Талас” универсалдуу биржа борборунун директору, өлкөнүн кичи футбол ассоциациясынын президенти болуп кызмат өтөгөн. 2001- 2004- жылдары Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордо сарайынын директору болуп, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө салым кошкон. Акыркы бир жарым жылдан бери өлкөнүн туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин аппарат башчысы болуп турган. Кадырбектин артында 4 баласы, өмүрлүк жары калды.
Кадырбек Атакараевдин сөөгү Көкжар айылынын четиндеги көрүстөнгө коюлду.